Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Улуттук комиссия июнь калабасы боюнча парламентке маалымат берди. Бакиевдердики делген миллиондор кандай бөлүнгөнү ачыкталды. Кыргызстанда президенттик өнөктүк башталууда. Ошого жараша Россия менен АКШнын таймашы кайрадан байкала баштады.

Канталамай...

Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык деп эсептелген банк ячейкаларынан Убактылуу өкмөт тарабынан алынган миллиондогон долларлардын издери чыга баштады.Убактылуу өкмөттүн каржы министри Темир Сариевдин парламентте билдирүүсүнө караганда, жалпысынан банк ячейкаларынан 21 миллион доллар алынып, анын ичинен 7 млн. долларга жакын акча убактылуу бийликтин өкүлдөрү ортосунда бөлүнгөн.

Азыркы мезгилде коомчулукта жана депутаттарда "бул каражаттар чын эле ошол кездеги кырдаалды турукташтырууга жумшалганбы же жеке чөнтөктөргө түшүп кеткенби? Бул ячейкаларды талкалап, акчаларды алуу канчалык мыйзамдуу көрүнүш? Булардан башка дагы канча ячейкалар талкаланган" деген суроолор турат.

Андан сырткары бул ишти каракчылыкка окшотпой, мыйзам чегинде жасоого мүмкүнчүлүк кандай эле болбосун деген да суроо жок эмес.

21 млн. долларды бөлүүгө байланыштуу окуя убактылуу бийликтин бейнесине дагы көлөкө түшүрүп, ар кандай шектенүүлөрдү күчөтүп турат. Бул асыл максат жана идеяларды көтөрүп чыккан адамдарга коомчулук тараптан ишеним кетүүсүнө алып келүүдө.

Аликбек Жекшенкулов
“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов:

- Менин оюмча мына ушундай окуялар жалпы мамлекетке тескери таасирин тийгизет. Эмне себептен? Ансыз деле бүгүнкү күндө элдин мамлекетке, саясатчыларга ишеними жок. Анан кечээ ушул маселени карап жатканда күнөөлүү болуп аткан тарап да, күнөөлөгөн тарап да бийликтин аброюн ойлош керек эле. Ушул моралдык жагынан, ишеним жагынан саясатка чоң таасирин тийгизе турган окуя болду.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова ячейкалардын бузулушу жана акчалардын бөлүнүшүнө байланыштуу ишке мындай баа берди:

- Бул аябай одоно болгон иш. Анткени тийиштүү процедураларсыз алар эч качан бирөөнүн мүлкүнө колун салбаш керек. Анткени мыйзамды жана таза, демократиялык өкмөт деген форматты бузушкан. Процедурасыз жана соттун чечимисиз эч качан бирөөнүн мүлкүнө эч ким кол салбаш керек жана сала албайт. Экинчи жагынан бизди аябай өкүнткөнү - азыр гана мырза Сариев кимге канча жана кандайча бөлүнгөнүн айтып жатышы. Бул да аябай былык жана ыплас башкаруу. Биз бүгүнкү күндө алган сандарды гана көрбөй, ошол алган кишилердин отчетун угушубуз керек.

Жогорку Кенештин депутаты Абдырахман Маматалиев 21 млн. доллардын кандайча бөлүнүшү Эсеп палатасына жолдонуш керек деген пикирде.

Ал эми акчаны алган адамдар ал кандайча сарпталганы тууралуу оозеки маалымат бере башташты. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага берилген 20 миң долларды Жалал-Абадга алпарып таратканын айтты. Азимбек Бекназаров да ага бөлүнгөн 120 миң доллардын 20 миңи Нарынга, 100 миңи ошол эле Жалал-Абадга жөнөтүлгөнүн билдирүүдө.

Бирок эң ири суммада акча алган УКМК, Коргоо, Ички иштер министрликтери жана 80 миң долларга жакын акча алган президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаев өзүнүн жообун бере элек.

Wikileaks интернет булагы ар кандай жашыруун сырларды ачуу менен дүйнөгө таанымал болду. Дүйнө коомчулугунда, асырэсе Батышта бул интернет булактын ишин оң баалагандар арбын.

Ошол эле Батышта салыктан качууну оор кылмыштардын бири катары баалайт. Бирок ага карабай Швейцария банкында салыктардан жашырган байлардын каражаттары тууралуу Wikileaks сайтына маалымат бергени үчүн бир банкирди Европада соттошту. Анткени банкирдин банк сырын ачканы кылмыш катары бааланды...

Комиссиянын корутундусу

Узап бараткан аптада кыргыз коомчулугунун көңүлүн бурган дагы бир окуя – бул июнь коогалаңы боюнча Улуттук комиссиянын отчетунун парламентте угулушу болду. Улуттук комиссия корутундусунда июнь айындагы кандуу калабага күнөөлүү катары айрым өзбек лидерлерин атады жана Убактылуу өкмөттүн да жоопкерчилигин белгиледи.

Корутундуда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Болот Шер, Ош жана Жалал-Абад облустарынын губернаторлорунун саясий жоопкерчилигин карап көрүү сунушталган. Ошол эле кезде ал учурда күч структарларын координациялаган комиссияны жетектеген азыркы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана президент, өкмөттүн функцияларын өзүнө Убактылуу өкмөттүн жетекчиси катары алган Роза Отунбаеванын ысымы жоопкерлердин арасында аталган эмес. Бул өз кезегинде отчетто кимдир-бирөөлөр атайын калкаланган деген шекти жаратты.

Натыйжада бул парламентте эле эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинде да нааразылыкты, суроолорду пайда кылды.

Депутат Анарбек Калматов мына ошол маселени көтөрүп чыкты:

- Баш мыйзамдын 88-беренесинин үчүнчү бөлүмүндө өкмөт коомдук тартип, мыйзамдуулукту сактайт, жарандардын коопсуздугун, укугун жана эркиндиктерин коргойт деп бадырайып жазылып турат. Мында ошол өкмөт жооп бериши керекпи же бербеши керекпи? Жооп бере турган өкмөттүн башчысы азыр президент болуп отурат. Орун басары премьер-министр. Алар өздөрүнүн иш-аракеттерине баа береби?

Калматовдун сөзүнө комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев мындай жооп берди:

- Ошол мезгилдеги өкмөт башчысы, азыркы президент Роза Отунбаева. Биз ал жагдайды эске алдык. Ал киши менен бул боюнча пикир алыштык. Бирок мен түз эле айтайын, эл шайлаган президентти мен ушул боюнча жоопкерчилигиңиз бар деп айткан жокмун. Айта да албайм. Ар бир адам өзүнүн ишине сын көз менен карап, кемчилиги болсо сезип, эл алдында өзү айтышы керек.

Эркебаев ошондой эле Атамбаев башында турган күч структураларын жетектеген комиссия иш жүзүндө иштебей калганын белгиледи:

- Мына Атамбаев экономика блогун тейлеген биринчи вице-премьер-министр болгон. Ал жетектеген комиссия иш жүзүндө иштебей калган. Ошого карабай Атамбаевди чакырдык. "Сиз ушундай комиссиянын төрагасы болгон экенсиз" деп жоопкерчилигин сурадык. Ал маалымат берди. Болгону эки-үч жолу чогулдук, бизге шарт, ыйгарым-укуктар болгон эмес деп жооп берди. Менин жеке адамдык түшүнүгүмдө да, комиссия да ушундай жыйынтыкка келди Атамбаев түздөн-түз ал ишке жооп бере албайт.

Улуттук комиссиянын корутундусу боюнча парламент токтом кабыл алып, анда президентке тийиштүү чечимдерди кабыл алуу сунушталды.

Улуттук комиссиядан сырткары өкмөттүк эмес уюмдар, акыйкатчы түштүк окуяларын иликтөө боюнча комиссия түзүп, корутундуларын даярдаган. Андан сырткары Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да иштеп жатат. Алар тийиштүү маалыматтарды топтоп, эми талдоо жана корутунду чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын декабрь айында билдирген.

Январь айында Жогорку Кеңеш июнь окуяларын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүп, ал да тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Түштүк окуялар боюнча комиссиянын корутундусун талкууда парламентте саясий маданияттын төмөн экендиги байкалганын байкоочулар белгилешти. Маселен, бир депутат айымдын башка улуттун өкүлүнө карай “бөрү баласы ит болбойт” деп айтуусу өтө эле орой жана одоно болду.

Андан сырткары кээ бир учурда мамлекеттик сырга жакын маселелер депутаттар тарабынан ачуу үстүндө шардана айтылып жатышты.

Эми Улуттук комиссиянын корутундусу президентке тапшырылып, ал тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынууга тийиш.

Президенттик таймаш

Күзгү парламенттик шайлоодон кийин саясий күчтөр эми президенттик шайлоого кам көрө баштады. Шайлоо быйыл күз айларында болууга тийиш. Анткени Роза Отунбаеванын референдум аркылуу алган ыйгарым укуктары 2011-жыл менен аяктайт.

Президенттик шайлоого катышууга “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров, "Ата Журт", “Ата Мекен” партиялары даярданып жатканы маалым.

Саясат таануучу Марс Сариев президенттик өнөктүк башталып калды деген
пикирде:

- Президенттик өнөктүк болсо башталды. Азыркы лидерлерден аябай аракеттенип жатканы Феликс Кулов. Адахан Мадумаров курултай өткөрөм деп аракеттенип жатат. Өмүрбек Текебаев бар. “Ата Мекен” мугалимдерди колдоп жатат. Менин оюмча, Алмазбек Атамбаев деле президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн.

Булардан сырткары Марат Султанов, Аликбек Жекшенкулов, Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылар да ат салышууга түшүүгө каршы эмес.

Азыркы мезгилде мүмкүнчүлүгү эң күчтүү саясатчы катары Феликс Кулов каралууда. Кезинде “бийлик тынчтык жол менен колго берилет” деп апрель авантюрасын уюштурган Феликс Кулов акыркы кезде салмак алып, эски жан-жөкөрлөрүн бүтүндөй чогултууга да жетишип отурат.

Андан сырткары Феликс Куловдун эң таасирлүү колдоочусу Кремлде отурат. Бирок Москвага байланыштуу бир ньюанс бар, ал президенттик шайлоолордун эки өлкөдө улаалаш өтүүсүнө байланыштуу. Эгерде президенттик шайлоо Кыргызстанда быйылкы жылдын соңунда өтсө, Россияда келерки жылдын жаз айларынын башында болот. Анын үстүнө орустар ушул кезге чейин шайлоого Владимир Путин барабы, же Дмитрий Медведев барабы чече элек.

Владимир Путин менен мамилеси бар Алмазбек Атамбаев да күчтүү талапкер. Аны Кыргызстандын административдик ресурсу сүрөөнгө алаары да маалым.

Бирок Кремль акыркы мезгилде Атамбаевге жакын Бабановду жана президент Роза Отунбаеваны “Независимая газета” аркылуу катуу “чымчылай” баштады. Маселен, бул газета “Манастагы” күйүүчү майга байланыштуу бизнес Отунбаева менен Бабановго өткөнүн жана алар ишти сырдуу “Мегаойл” компаниясы аркылуу жүргүзүп жатканын жазып чыкты.

Бул маселе парламенттин отун-энергетика комитетинде карала турган болуп, “Независимая газетанын” макаласы депутаттарга таратылып, бирок “жабылуу аяк жабылуу” бойдон калтырылды.


Москванын гезиттериндеги маанайларга караганда Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев көп багыттуу саясат жүргүзүү аракети менен Кремлдин купулуна толбой жатышы мүмкүн.

Февраль айынын башында Кыргызстанга келе турган Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын сапары да Москвада кайсы бир деңгээлде “кызганыч” менен кабыл алынышы толук мүмкүн. Түрк жетекчилиги менен Алмазбек Атамбаевдин жакшы байланышы бар экени көпчүлүккө белгилүү.

Экинчи жактан Кыргызстанды бекем кармоо тактикасын АКШ да улантып келатат. Анткени Ооганстандагы антитеррордук операциянын аягына качан чыгаары белгисиз. Ошого жараша “Манастагы” Транзиттик борбор өтө маанилүү жана зарыл обьект катары турат.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси апрель ыңкылабынан кийин пайда болгон бир топ ыңгайсыздыктарды басып өтүп, учурда дурус деңгээлде турат. Бул өткөн жылы Роза Отунбаеваны АКШ президент Барак Обаманын кабыл алышы, АКШ делегацияларынын Кыргызстанга "ат тезегин кургатпай" келип турушу менен да байкалып турат. Апта башында Бишкекте АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Сьюзен Эллиот болуп, ал жогорку деңгээлде кабыл алынды. Андан сырткары АКШ “Манастагы” аскерлери үчүн Бишкектен азык-түлүк сатып алууга макул болду.

Албетте кыргыз-америка мамилесин ууландырып турган “кумалак” да жок эмес. Бул - “Минакорпко” байланыштуу чатак. Кыргыз тарап аны Бакиев менен коррупциялык байланышы бар деп айыптаса, АКШ анын баарын четке кагууда. Муну менен АКШ “Минакорпту” эле эмес, Бакиевди да коррупционер эмес деп чыккандай болууда. Кыязы кыргыз жетекчилигин мына ушул нерсе өзгөчө кайыштырып турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG