Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков июнь окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна баа берип, түштүктөгү калабанын себептери чиеленишкен, татаал маселелерден турарын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков өткөн жылы июнь айындагы этникалык араздашуунун чыгышында кырдаалды андан ары ырбатпай сактап калуудагы аракеттерге тарых баа берет деген пикирде. Буга чейин июнь окуяларын иликтөө боюнча Улуттук комиссия өз тыянагында чатакты алдын алуудагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик башчыларынын саясий жоопкерчилигин кароону сунуштаган болчу.

"Азаттык": Исмаил мырза, июнь окуяларын иликтөө боюнча Улуттук комиссия өзүнүн тыянагында ошол учурдагы күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик жетекчилеринин саясий жоопкерчилигин кароо боюнча маселени көтөрдү. Анда сиздин дагы атыңыз аталыптыр. Мындай бүтүмдү кандайча кабыл алдыңыз?
...таң аткыча окуялар чагылгандай тез өөрчүп, курчуган абалды тез арада жөнгө салууга мүмкүн болбой калган экен.

Исмаил Исаков: Биринчиден, Улуттук комиссияга ыраазычылык билдирип коюшубуз керек. Чыныдыгында абдан көп иштерди аткарышты. Көптөгөн адамдар менен жолугушуп, толгон-токой материалдарды иликтешти. Бул өзүнчө эмгек жана эрдик.
Июнь окуяларына баа берүүдө бүгүнкү биздин коомдун абалын, биздин турмушту да эске алышыбыз керек. Биздин коомубуз бүгүн оору. Бирибиз эски бийлик менен, бирибиз жаңы бийлик менен, бирибиз мансап, бирибиз байлык менен ооруйбуз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинде да ошондой көрүнүштөр бар. Мен муну менен алардын аброюна шек келтирейин деген оюм жок. Болгону коомдогу көрүнүштөр аларга да жат эмес экендигин айтып кетким келет.
Биз азыр 1937-жылдагы окуяларга кайрылып, ал кезде мыйзам менен күнөөсү далилденип, жазалагандарга башка берип жатабыз. Себеп дегенде ушунча убакыт өткөндөн кийин коом ал кездеги дарттан айыкты. Азыр ал кездеги окуяларга башка көз караш менен карап калдык. Азыр адамдын укугун биринчи орунга чыкты.
Биздин азыркы мезгилге да убагы келгенде ошондой эле баа берилет.
Комиссиянын корутундусунда күч структураларынын жетекчилигинин жоопкерчилигин өзүнчө бөлүп коюшуптур. Эми ошого да токтоло кетейин. Ал кезде каяктагы алдын ала билүү болушу мүмкүн эле? Эгерде ички иштер министрине Жалал-Абадда милиция кызматкерлери өздөрү кол көтөрүүгө чейин барышса... Ошол милиционерлер жетекчиликке кандайдыр маалымат берет беле? Албетте бербейт болчу.
Андан сырткары, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ошол кезде күч структураларынын айрым өкүлдөрүнүн мурунку бийлик менен байланышы бар, аларга күн сайын маалымат берип турушат, ошолорду кызматтан алыш керек деп бизге маалымат берип жатышкан. Мен андай шектүү жетекчилерди кызматтан алууну ошол кезде эле сунуштаганмын. Бирок аларды ушул кезге чейин кызматтан албаса, аларды кызматтан алууга менде укук болбосо.. Анан каяктан алдын-ала маалымат алууга мүмкүн?
Үчүнчүдөн, ошол июндагы референдумга чейин күнүгө ар кандай окуялар болуп атты. Мен ал кезде өрттү өчүрүүчү катары эл менен жолугушуп, жаңжалдарды басып жүргөнмүн.
Ошондуктан комиссия алдын-ала албай калды деген бүтүмгө макул эмесмин. Биздин алдын алуу эле эмес, ошол кездеги жаңжалдарды күн сайын басуунун үстүндө иштеп жатканбыз.

Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.


“Өрт өчүргүчтүн” абалындагы аракет

"Азаттык": Сиз ошол учурда коргоо министри гана эмес, түштүк аймагы боюнча Убактылуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болчусуз. Ал окуяга чейин эле аймакта кырдаал татаалдашып жаткандыгы боюнча маалыматтар болгон экен. Этникалык кагылышууну алдын-ала албай калышыңыздардын негизги себеби эмнеде болду?
Апрель, май айларында биз эки күндүн биринде ар кайсы жерден чыккан чыр-чатак, тополоң, тирешүүлөрдү өрт өчүргүчтөр сыяктуу улам барып басып турдук.

Исмаил Исаков: Ошол июнь окуяларына чейинки кырдаалды, окуялардын тизмегин карайлычы. Апрель, май айларында биз эки күндүн биринде ар кайсы жерден чыккан чыр-чатак, тополоң, тирешүүлөрдү өрт өчүргүчтөр сыяктуу улам барып басып турдук. 11-апрелде Маевкада жаңжал чыкты. Андан кийин май айында Курманбек Бакиевдин жактоочулары Жалал-Абадда, Ошто бир канча жолу чатак чыгарышып, административдик имараттарды басып алып турушту. Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарууга, башаламандыктарды уюштурууга болгон аракеттердин бардыгынын мизин кайтарып турдук. Ошондой кырдаалда ар кандай маалыматтар болуп жатты.
Бирок мына ушундай деңгээлдеги чоң этникалык араздашууну ушундай чиеленишкен татаал шартта уюштуруп жиберишет деген кимдин оюна келиптир.
Мага айтып калышты Орусиянын Кыргызстандагы атайын өкүлү болуп дайындалган Владимир Рушайло жолугушууну сунуштап жатат деп. Мен ал киши менен ошол окуяга чейин 9-июнда жолугуштум. Бир нерсени баса белгилеп коюшум керек, анда ал менден сураган эле “эгерде кандайдыр бир чыр-чатактар болуп кетсе, өзүңөрдүн күчүңөр менен баса аласыңарбы” деп. Биз анда буга маани берген эмес экенбиз. Мен болсо “биздин күчүбүз жетет, бирок кырдаалга жараша” деген жооп бергемин.
Анан эле 10-июнь түнү Ошто чаң-тополоң башталды деп чалып калышты. Бирок ага чейин онунда түнү менен жаңжал башталат деген маалымат ИИМде да, УКМКда да жок болчу. Эгерде чындыгында эле такталган маалымат болуп, ошого жараша чара көрүш керек деген талап коюлуп, бирок биз ошону жөнгө сала албай калсак, ошондо билип туруп милдеттерин так аткара алышкан эмес деген кине коюлса туура болмок.

Эртеси Ошко учуп барып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрө баштадык. Бирок таң аткыча окуялар чагылгандай тез өөрчүп, курчуган абалды тез арада жөнгө салууга мүмкүн болбой калган экен. Ошол кырдаалды эске албай туруп, бүгүн ошол окуяны алдын ала албай калды деген сөз туура эмес. Биз милиция менен коопсуздук кызматкерлери өздөрүнүн министрлерине баш ийбей жаткан, кадрдык баш аламандык күчөп турган учурда чара көрүүнү уюштурдук.

"Азаттык": 12-14 жана 17-майдагы Жалал-Абаддагы саясий тирешүүгө байланышкан окуялардан кийин андагы өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров улуттар аралык мамилени курчутуп жатат деген маселе көтөрүлүп, аны камакка алуу боюнча талаптар көтөрүлгөн экен. Сиз бул боюнча Жалал-Абаддын “Телтору” ат майданында чогулган элге убада берген элеңиз. Кырдаалды ырбатпай жөнгө салууга эмнелер тоскоол болду?
Исмаил Исаков Жалал-Абад шаарында чогулган эл алдында, 2010-жылдын 22-майы.

Исмаил Исаков: Ооба, мен ошондо элдин алдында жалган жалаа менен мурда түрмөгө жатып чыккан киши катары Кадыржан Батыров күнөөлүү деп айта албайм , бирок анын кандайдыр бир айыбы далилденсе ал сөзсүз жазасын алат деп айткамын. Бул боюнча прокуратура органдарына кылдат иликтеп чыгып, Кадыржан Батыровдун аракеттерине баа берүү боюнча тапшырма бергемин. Аны ошол жердеги эл жакшы билет. Бирок ошондон кийин Кадыржан Батыров өзүн жашырып, таптырбай жүрүп, кийин качып кетпедиби.



Бирин-бири уга албаган бийлик билермандары


"Азаттык": Тыянакта окуяны өз учурунда алдын алуу үчүн бийлик органдары бири-бири менен өз ара тыгыз иш алып бара алышкан эмес деген мүнөздөмө берилиптир. Буга кандай дейсиз?
Бакиевдин кланы менен байланышы бар жергиликтүү жетекчилер күндүзү биз менен, түнү алар менен кызматташып, эки “фронтто” ойноп жатканына карабастан тиешелүү чаралар көрүлгөн жок.

Исмаил Исаков:
Муну албетте тана албайбыз. Мен коргоо министри жана убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгонум менен мага ошол учурда жетиштүү бийлик, укук берилген эмес. Ошол ар бир партиянын лидерлери өздөрүнүн каалаган адамдарын жетекчи кызматтарга коюшуп, каалагандарын сүйлөшүү жолу менен ордуларында калтырып жатышты. Мен аларга барып, тигини-муну кызматынан алыш керек, кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экен. Булар өздөрү бир чуу көтөрүшүп кайра өздөрү басышкан “оюнчулар” экен. Буларды кызматтарынан албасаңар иш жүрбөйт дегенге чейин бардым.

Бирок ошол буйрук чыгара турган борбордук бийликтеги айрым жетекчилер негиздүү маалыматтар болгондугуна карабастан айрым губернаторлорду, шаардын жетекчилерин же болбосо укук коргоо жана коопсуздук органдарынын аймактык башкармалыктарынын башчыларын кызматтарынан четтеттишкен жок. Биз айткандын баарын ошондо аткарышса, мына азыр талап кылып эмнеге андай болгон жок, эмнеге мындай болгон жок деп сурашса болмок. Бакиевдин кланы менен байланышы бар жергиликтүү жетекчилер күндүзү биз менен, түнү алар менен кызматташып эки “фронтто” ойноп жатышкандыгына карабастан тиешелүү чаралар көрүлгөн жок.
Оштун бир көчөсүндөгү аскерлер, 2010-жылдын 14-июну.

"Азаттык": Мына ошол кайгылуу июнь окуяларында айрым аскер бөлүктөрүнөн, милиция бөлүмчөлөрүнөн жана чек ара бекеттеринен курал-жарактар жоголгон учурлар болгон экен. Мына ошого кандайча жол берилип калды, ага жооптуу тиешелүү аскер адамдарынын жоопкерчилиги каралдыбы?

Исмаил Исаков: Мен ошондо ал багытты көзөмөлдөгөн орун басарыма буйрук берип, катуу дайындагамын. Бирок курал-жарактар элге өтүп кетпесин жакшы карагыла деген тапшырмаларга карабастан тилекке каршы ошондой фактылар болду. Мага райондук ички иштер бөлүмдөрүн, чек-ара бекеттерин элдер басып алып, курал-жарактарды тартып алып жатышат деген маалыматтарды беришти. Бирок кийин билсек айрым аскер жетекчилери өздөрү коркуп кетишип, бардыгын басып алышпасын деген чочулоо менен куралдарды берип жиберишкен учурлары болуптур. Бирок биз тарабынан курал бергиле деген буйрук болгон эмес. Эгерде жапырт түрдө курал таркатуу болгондо анда канабайрам болуп кетмек. Бактыга жараша андайга жол берген жокпуз. Бирок жанагы курал-жарактарды тарттырып жиберишкен же болбосо берип коюп, жоготкон учурларын иликтөө боюнча аскер поркуратурасы тергеп иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Азаттык": Токсонунчу жылдагы Ош окуясы боюнча дагы ошол учурдагы партиялык жана мамлекеттик жетекчилер жооп беришкен эмес экен. Туура жыйырма жылдан кийин кайрадан кайталанган окуяны алдын-ала албай калгандыгы үчүн бийликтен бирөө жарымы жооп бериши керекпи?

Исмаил Исаков: Албетте. Орус элинде “Жазасыз калуу кийинки кылмыштардын орун алышына ортоктош болот” деген макал бар. Ошондуктан ким болсо дагы адилетүү карап иликтеп, анын ошол окуяга кандайча катышы бар экендигин аныктап, күнөөсү далилденсе жазаланышы керек. Биз бул маселеге чоң көңүл буруп карашыбыз керек. Анан ошондо эле билинип калат. Кимдин жоопкерчилиги канчалык экендиги. Бирок бирөөлөр айтып жатышпайбы өткөн өттү деп. Мен буга кошулбайм. Бардыгы терең иликтенип адилеттик ордуна коюлушу керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG