Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:45

Кыргызстан

“Интернет эрөөлдө" – генерал Мелис Турганбаев

"Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев жооп берди.

"Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев жооп берүүдө. "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйыныбыз 23-февраль күнү Бишкек убакыты боюнча 15:00те башталды. 2011-жылдын 23-феврал
Текст көлөмү - +
"Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйыныбыз 23-февраль күнү Бишкек убакыты боюнча 15:00те башталып, эки саатка созулду.

Кыргызстан бийлиги ай башында кылмыштуулукка жана уюшма кылмыштуу топторго каршы күрөш жарыялаган эле.

Кыргызстандын ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев мырзага бул иш-чара кандай өтүп жатканы, криминалдын “чабактары” тутулуп, “лөктөрү” кутулуп кетти" деген сөздөрдүн чыны-калпы  тууралуу жана Турганбаевдин кесиптик, инсандык жагдайларына байланыштуу жана башка окурмандарыбызды кызыктырган суроолор берилди.

Шериненин эрежесине төп келбей таптакыр четке кагылган суроолор болгон жок.

Бүгүнкү коногубуз Мелис Турганбаев мырзага жана "Интернет эрөөлгө" жандуу катышкан бардык окурмандарыбызга албан алкыш айтабыз, иштерине ийгилик каалайбыз.

Мурдагы "Интернет эрөөлдүн" коногу - "Ата Мекен" Социалисттик партиясынын жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев болгон.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: БАЛА каяктан: РАША
23.02.2011 16:51
Мелис мырза саламатсызбы?
Ош коогаланынын провакатору деп шектелген Узбек Лидерлери азып москвада жана башка ири мамлекеттерде милионерлер менен жолугушуп кыргыздарга каршы куч топтоп атат деген маалыматтарды Баракелде сайтындан окуган болчук. ошол нерсе тастыкталган нерсеби? чаралар корулдубу ушуга каршы? рахмат
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 17:41
Бул суроого төмөндө жооп бердим.

кимден: Doni каяктан: osh
23.02.2011 16:51
Мелис аке, менде сунуш бар, sizder ushu miliciyaga alyp jatkanda kichine madaniyatyna da karasanyzdar...oto ele kopol.oroi kors suiloshot, ishtegeninin daiyny jok ozdoru kishini adam katary korboit...evropanyn keebir mamlekettinde miliciyaga anglische bilbese albait eken, sizder ech bolboso kichine moraldyk, madanii bilim jagynan, tapal adamdardy alsanyzdar, biz miliciyabyzdy syimyktanyp, janybyzda otup baratsa korkpoi jurolu...kylmyshkerden aiyrmasy jok, formasy уду bolboso
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 17:42
Ал үчүн биз коомдогу маданияттуулукту өнүктүрүшүбүз керек.
Анткени Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматчылары өзүбүздүн эле балдар.

кимден: Тагайбий
23.02.2011 16:50
1.Коррупционерлер менен курош кандай журуп жатат, любой жака барбаныз коррупция кездешет, детсаттын воспитателинен тартып жогорку окужайга чейин, Жонокой сержанттан тартып офицерлерге чейин бул нерсе бар экенин ар бир адам билет сиз да билесиз, ошол боюнча чара кандай коруулуда, жана канча киши коррупция менен кармалды деп айта аласыз?
2. Негизги окмотко ишенич киргизген структура ИИМ кызматкерлерида жана Коррупцияны уголовный иш экенин билесиздер жана сиздер курошуш керексинер бирок чындыка келгенде ИИМде эн жогору биринчи орунда турат коррупция анан кандай жоюлат коррупция ошол озунордун аранарды тазалоо жумуш журуп жатабы жана нигизи эле буга кандай курош журуп жатат, криминалдын тамыры коррупцияда жатпайбы аныда билесиз ошол себептен Коррупция жоюлмаыйн сиздер криминал менен курошунор бекер!
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 17:41
Бир аз мурун айтканымдай, уюшулган кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгы өз иштерин баштады.

Бул башкармалык керектүү адистер менен кесипкөй оперлер менен толукталды.

Ал эми мыйзам бузууларды алдын алуу жана мыйзам бузгандарды жоопко тартуу маселесине келсек, бул багытта коомдун (жарандардын) жардамы, арыз-муңу сөзсүз керек

Албетте бул багытта министрликтин ички коопсуздук кызматы бир топ иштерди аткарууда.
Алардын натыйжасын албетте коомчулукка билдиребиз.

кимден: Sergei каяктан: Bishkek
23.02.2011 16:47
Башка улуттан кыргыз милициясында кызматкерлер канчалык бар?
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:52
Болжол менен 30 пайыздай бар. Биз улутуна эмес, кесипкөйлүгүнө карайбыз.

кимден: Altynai каяктан: Bishkek
23.02.2011 16:35
Агай, чыгармалар, китеп окуйсузбу, жакшы көргөн фильмдериңиз барбы? Милиция өзүн кантип маданияттуу кылып тарбиялашы керек деп эсептейсиз? Рахмат.
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:37
Убакыт болсо китеп окуйм.
Жакшы көргөн фильмим - "Бөрү зындан", анан орустардын "Ментовские воины" тасмасы да жагат, реалдуу тартылган.
Милиция дайыма маданияттуу болуш керек.
Бул эми ар бир адамдын өзүнө көз каранды.
Биздин уставдарды сактап кичи пейил болушу керек.

кимден: Rahim каяктан: Bishkek
23.02.2011 16:24
Жаш кадрларды өстүрүп атасыздарбы, агай?
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:32
Албетте, жакшы иштеген жаш кадрларды жөндөмүнө жараша өстүрүп жатабыз.

кимден: Rustam каяктан: South Korea
23.02.2011 16:24
Мелис мырза, Ош окуясы боюнча айрым узбек лидерлери (провокаторлор) боюнча, кандай иш чаралар жүрүп жатат?
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:35
Издөө, тергөө иштери жүрү жатат.
Ош окуясындагы оор кылмыштары боюнча кармалгандардын айрымдары азыр тиешелүү жазасын алып атат.

кимден: таарынчаак балдыз каяктан: Атбашы
23.02.2011 16:02
Мелис байке,
«Аят» гезитинин ээси сиз деген чынбы?
Анын редактору Жылдыз Мусабекова мурдагы финансы министрге акча салык салып СНБ кармаганда Жылдызды сиз катуу коргоп калыпсыз дешет.

Анан дагы сиз гезиттерди коркутуп ал жөнүндө эч нерсе жаздырбай койгон турбайсызбы. Сиз Жылдыздын жездеси экенсиз.
Эгерде сиз туугандарга «крыша» болуп жатсаңыз, кантип криминалды жок кыла аласыз. Суроомо сөпсүз жооп берип коюңуз.
Азаттык суроомду чыгаргыла, антбесенер экинчи жазбайм!
Пикирге жооп

кимден: Айнура каяктан: Бишкек
23.02.2011 16:35
Мелис мырза, сиз Урматбек Барыктабасовдун ГСНБ да камалып отурганына көз карашыңыз кандай?
Урмат Барыктабасовду бийликти басып алууга аракет кылды деп күнөөлөп жатасыздар, анда эмне үчүн азыркы бийликте отурган адамдарды (Роза Отунбаеваны баш кылып) сот жообуна тартпайсыздар?
Урмат Барыктабасов бийликти басып алууга аракет жасаптыр, ал эми алар закон жолу менен келген бийликти күч менен басып алып отурушпайбы?
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:45
Барктабасов боюнча төмөндө жооп берилди.
Экинчи сурооңузга, 7-апрелде эл үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкты, эч ким бийликти басып алган жок.
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:22
"Аят" гезитинин мага тиешеси жок.
Жылдыз балдызым экени чын.
Анын сиз айткандай кармалганын билем, азыр тергөө жүрүп жатат, күнөөсү болсо мыйзамга ылайык жооп берет.
Мен аны коргоп чыкканым ушак сөз.

кимден: Кыргыз каяктан: Ат-Башы
23.02.2011 15:58
Кечиресиз, дагы бир суроо!!
Камчы Көлбаев, чыныгы коронациядан өткөнбү (Вор в Законеби) же, мындай айтканда (Апельсинби же Лимонникби), же самозванецби)?
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:30
Биздин маалымат боюнча, чыныгы коронациядан өткөн, эгер сизде маалымат болсо бериңиз.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.02.2011 16:57
Батукаевди Феликс Кулов бийликте турганда кореновайтеткен деген соз бар. А Колбаевди Суталинов коренавайтеткен деген создор калык арасында бар. Калык айтсада, калп айтпайт
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 17:42
Рахмат, мен бул суроого бир аз мурун жооп бердим.
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз каяктан: Ат-Башы
23.02.2011 16:43
Маалымат боюнча, Казахстандын Вор закону (Леха семский) Россиянын Вор закону (Мутай) Барнаул шаарынан алар Камчыны тааныбайт экен, Значит апельсин, как же так Батукаев.
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:50
Бул боюнча маалымат жок бизде.

кимден: Maksat
23.02.2011 15:44
Kolbaevge murda kylmyw iwi kozgolgon jok bele?
Kozgolso owol kylmyw iwteri boiun4a karmabaisynarby?
Пикирге жооп

кимден: Мелис Турганбаев
23.02.2011 16:48
Мурдагы козголгон кылмыш иштери боюнча абактан мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошоп кеткен. Азыр ошол боюнча издөө жарыяланды.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)