Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Лукашенко Бакиевдин пенсиясын доолады


Курманбек Бакиев Беларуска чыгаар алдында, 13-апрель, 2010-жыл
Курманбек Бакиев Беларуска чыгаар алдында, 13-апрель, 2010-жыл

Беларус президенти Александр Лукашенко 11-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда Курманбек Бакиевдин Кыргызстандагы пенсиясына кызыкты.

Беларус президенти Минскиде баш калкалап жүргөн Бакиевдин пенсиясын ошол жакка которуу керектигин белгиледи.

11-декабрда КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын журналисттери менен жолугушууда президент Александр Лукашенко Кыргызстан тууралуу сүйлөп, 2010-жылдан бери Минскиде баш калкалап жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев жөнүндө да кеп кылды. Кыргыз бийлиги Бакиевдин пенсиясын Минск шаарына которуп берүүсү керектигин айткан Лукашенко 2010-жылдын апрелин, Бакиевдин Беларуска кантип келип калганын да эскерип өттү. Ал муну жолугушууга катышып отурган кыргызстандык журналисттерди карап айткан.

Кыргызстандын Социалдык фондунан билдиришкендей, мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге эч кандай пенсия чегерилген эмес.

Мыйзамга ылайык, эркектер пенсияга 63 жашынан, эгер 40 жылдык эмгек стажы болсо 60 жаштан чыгууга акылуу.

2010-жылы бийликтен кулаган мезгилде Курманбек Бакиев туура 60 жашка чыгып калган болчу. “Бирок пенсия алуу үчүн документтерин тапшырган эмес”, - дейт Социалдык фонддун маалымат катчысы Жеңиш Муканбетов:

- Булар азыр негизи пенсияга чыгышы керек эле, бирок качып кеткендигине байланыштуу пенсия чектелбей калган. Алардан болсо кайрылуу болгон эмес. Мыйзамга ылайык, жаран пенсия жашына келип, кайрылгандан кийин гана чегерилет. Азыркы күндө булар такай Беларуста, Орусияда жашап жаткандыктан, аларга пенсия чегерүү зарылдыгы жок.

Макам да, акча да жок

2005-жылы бийликтен кеткен учурда Аскар Акаев да 60 жашта болчу жана ал да пенсияга чыгуу үчүн документтерин тапшырган эмес экен. Соцфонддон кабарлашкандай, мурдагы президенттер качандыр бир күнү Кыргызстанга келип, документтерин тапшырган учурда пенсия чегерилиши күмөн.

2009-жыл
2009-жыл
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Бакиев менен Акаев “экс-президент” макамынан ажыратылган. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “экс-президент” макамына мыйзам боюнча кимдер ээ болоорун мындайча белгиледи:

- Конституцияда бардык президенттер “экс-президент” деген наамга ээ болушат деп жазылган. Бирок алар өз ыктыяры менен кетпей, аларга импичмент жарыяланса, мөөнөтү бүткөндө өз тартиби менен кетпесе, анда аларга "экс-президент" деген наам ыйгарылбайт, ылайык эмес деп жазылган. Акаев менен Бакиевдин кандай кеткени баарыбызга белгилүү. Алар сыйы менен, мыйзамдуу жолу менен кетишкен жок. Ошондуктан аларга "экс-президент" деген наам берилбейт.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге Кыргызстанда оор беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган жана Минскиге аны өткөрүп берүү талабы коюлган. Бирок Лукашенко Бакиевди, анын бир тууганы Жаныш Бакиевди да берүүдөн баш тартып келатат.

Стипендия берилбей калды

Ал эми мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстандан пенсия албаганы менен 6 жыл бою Улуттук илимдер академиясынан айына 8 миң сом стипендия алып турган. Ага стипендия берүү бир жыл мурда, былтыр 24-ноябрда гана токтотулган. Улуттук илимдер академиясынын аппаратынын экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ырысбүбү Мамбетказиева буларды билдирди:

- Эсеп палатасы Каржы министрлигин текшерип, Акаевге стипендия төлөгөн туура эмес деп айтыптыр. Каржы министрлиги бизге ушул суроону берди. Биз бул боюнча жетекчиликке айтсак, жетекчилик чечим чыгарып, стипендияны токтотуп койгон.

Акаевге эмненин негизинде стипендия берилип жүргөнүн Мамбетказиева мындайча түшүндүрдү:

- Анткени бизде академиктер, мүчө-корреспонденттер стипендия алсын деген өкмөттүн токтому бар.

Кыргызстанда “экс-президент” наамына Роза Отунбаева гана ээ. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиевдин буга чейин Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда, Роза Отунбаеванын пенсиясы 80 миң сомго жакын.

XS
SM
MD
LG