Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Жарандык коомдун үмүтү президентте


Жарандык коомдун Бишкектин борбордук аянтына нааразылык билдирип чыккан активисттери
Жарандык коомдун Бишкектин борбордук аянтына нааразылык билдирип чыккан активисттери

11-майда Бишкекте активисттер "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбооруна каршы акцияга чыкты. Алар парламентти бейөкмөт уюмдардын ишмердиги боюнча сунушталган өзгөртүүнү колдобоого чакырды.

Жогорку Кеңештин алдына чогулган жарандык коомдун өкүлдөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөдө сөз эркиндигине жана жарандык коомдун активдүүлүгүнө бут тосот деп белгилешти. Алар парламент депутаттарын бул мыйзамды колдобоого чакырышты.

"Демократия аралчасына" доо кетет

Жарандык коомдун Бишкектин борбордук аянтына нааразылык билдирип чыккан активисттери мыйзам кабыл алынса, Борбор Азия чөлкөмүндөгү “демократия аралчасы” болуп келген Кыргызстан ал аброюн жоготот деген тынчсыздануусун билдиришти. “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын демилгеси менен өткөн нааразылык акцясында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бул сыяктуу мыйзам "жашоого укугу жок" экенин айтты.

Акциянын катышуучулары “Мыйзам долбоору демократиялык өлкөнүн беделин түшүрөт! Күчтүү өлкө – сөз эркиндиги бар жана күчтүү жарандык коом!” деген жазууларды кармап турушту.

Токтонасыров: Бул мыйзам жашабашы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:23 0:00

Акциянын ондон ашык катышуучусу түштөн кийин бейөкмөт уюмдардын жарандык форумуна барышты. Форумда чет элден каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишмердиги жөнүндөгү мыйзам долбоору кызуу талкууланып, соңунда Кыргызстан жардам алып келе жаткан ири донор уюмдарга кайрылуу жасалды. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, донор уюмдарды өкмөткө жана мамлекеттик органдарга чоң суммадагы гранттарды берерден мурда өкмөттөн адам укуктары канчалык деңгээлде сакталып жаткандыгы тууралуу отчетту талап кылууга чакырышты.

Форумга жергиликтүү ондон ашык бейөкмөт уюм өкүлдөрүнөн тышкары, эл аралык ЕККУ, ЮСАИД уюмдарынын, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү келишти.

Президент вето коёт деген үмүт

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга каршы акциялардын демилгечилеринин бири, “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, өкмөттүк эмес уюмдардын пайдасын биринчи кезекте карапайым эл көрүп келе жатат. Ошондуктан даярдалып жаткан мыйзам биринчи кезекте жөн-жай адамдардын укуктарына шек келтирет:​

- Эл аралык уюмдардын пайдасын көрүп аткандар - бул ыйлап жаткан, акчасыз калган энелер, бул армияда ачка калган жоокерлер, ошол эле айлык акысы кенедей милиция кызматкерлери. Сөз эркиндигин, журналисттердин макамын, мамлекеттик эмес уюмдардын укуктарын эч ким чектебеши керек. Жогорку Кеңеш колдогон күндө да, президент бул мыйзамга вето коюу укугу бар. Мен ойлойм президент ал укугунан пайдаланат.

Жарандык коом: эркиндик чектелбесин
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

​Анткен менен парламенттин долбоорду жактаган мүчөлөрү аталган мыйзам долбоору баштагысынан кыйла жакшыргандыгын, адам укуктарына шек келет, басмырланат деп чочулоого негиз жоктугун айтышууда. Алардын бири, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаева төмөнкүлөрдү айтты:

- Мен комитеттин төрайымы менен сүйлөштүм. Ал тынчсызданбаңыз, бул мыйзам долбоорунан коррупцияга алып келиши ыктымал деген нормаларды алып таштадык, булардын каржылоо маселеси ачык-айкын болсун деген эле норма калды деп айтты. Мен да бул демилгени колдойм. Өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоо маселеси ачык болушу керек.

Бейөкмөт уюмдардын лидерлери болсо парламент кабыл алган күндө да президент вето коюу укугунан пайдаланып, мыйзамды кайтарышы мүмкүн деген үмүттө болушууда. Долбоор 12-майда Жогорку Кеңештин жалпы талкуусуна үчүнчү окууда чыгарылмакчы. Буга чейинки эки окууда депутаттардын көпчүлүгү мыйзам долбоорун колдогон. ​

Жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратып жаткан бул мыйзам долбоорун мурдагы парламенттеги депутаттык топ "Чет элдик тыңчы" жөнүндөгү мыйзам долбоору деп иштеп чыгып, бирок парламент кабыл алууга жетишпей калган. Бул мыйзамды сунуштоого айрым бейөкмөт уюмдардын ишмердиги улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деген жүйө негиз болгон. Ошондуктан чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүү сунушталган.

​Орусияда ушуга үндөш мыйзам иштей баштагандан бери көптөгөн бейөкмөт уюмдар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылган.

XS
SM
MD
LG