Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Ишкерлер өз акыйкатчысын шайлады


Кыргызстанда биринчи жолу ишкерлер акыйкатчысы түзүлүп, бул орунга Азис Абакиров шайланды.

12 ишкер ассоциацияга биригип, ишкерлердин укуктарын жана мүлктөрүн коргой турган атайын штаб түзүшүп, анын башчысын Ишкерлер акыйкатчысы деп аташты. Ишкерлер акыйкатчысы Азис Абакиров мындай кызматты түзүүгө мамлекеттин ишкерлерге болгон кайдыгерлиги себеп болгонун айтууда.

- Мамлекет ишкерлердин укуктарын, алардын мүлктөрүн коргобойт. Ошондуктан бул ишти өз колубузга алып, акыйкатчы шайлоого мажбур болдук. Акыйкатчы институту менен иштешпейбиз. Биз ишкерлер арасында түзүлгөн бейрасмий органбыз.

Ишкерлер акыйкатчысы алгачкы иши катары 13-октябрда Ысык-Атанын Үч-Эмчек айылындагы “Карион ЗиЛ” лыжа базасынын жетекчилиги менен жергиликтүү элдин ортосундагы талаш маселени териштирген. Анда айыл эли база жетекчиси Акбар Рыскуловдон бир катар социалдык маселелерди чечип берүүнү талап кылып, опузалаганга чейин барышкан.

Акыйкатчы Бакытбек Аманбаев ишкерлердин укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатат дегенге макул, бирок улам бир тармакка өзүнчө акыйкатчы шайлоодон майнап чыкпайт деген пикирде.

- Натыйжалуу иш алып барыш үчүн бизде бир эле омбудсмен болушу керек. Улам бир акыйкатчы шайлай бербей, алар биздин институтка жардам берсе болмок. Эми ар кайсы тармакка омбудсмен шайлаганда алардын саны эле өспөсө, иштин жыйынтыгы болбойт.

Аманбаев эки айдан кийин Акыйкатчы институтунда ишкерлердин укугун коргоо боюнча атайын башкармалык ачыларын кошумчалады.

Экономист Азамат Акелеевдин айтымында, жергиликтүү элдин ар кандай ультиматумдары ишкерлерди мүлктөрүн курал менен коргоого түртүп жатат.

- Бизнесмендер менен элдин кызыкчылыктары дал келбей, чыр-чатактар чыгып жатат. Көп учурда ишкерлердин, инвесторлордун укугу тебеленип, алар бизден башка жактарга кетүүгө мажбур. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жергиликтүү эл ишкерлердин мүлкүнө, керек болсо алардын өмүрүнө кол салып жатат.

Буга чейин ишкерлер акыйкатчысын түзүү демилгесин экономика министри Темир Сариев да көтөрүп, өкмөткө сунуштаган жайы бар. Ал ишкерлер акыйкатчысына мамлекеттик статус бермейинче, эч кандай маселе чечилбей тургандыгын билдирди:

- Ишкерлер өз алдынча эле омбудсмен шайлап алса, демек анын мыйзамдык жоболору, статусу жок. Ишкерлер акыйкатчысын толук кандуу иштетүү үчүн мамлекеттик статус бериши керек. Ошондо гана өз укуктарынын чегинде ишкерлерге жардам бере алат.

Ишкерлер акыйкатчысы же бизнес омбудсмен дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө калыптанган институт. Ишкерлер акыйкатчысын Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан биринчилерден болуп шайлады. Ал эми орусиялык ишкерлер маселесин бизнес-омбудсмен аркылуу чечишет.

XS
SM
MD
LG