Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Абактагы чуулуу ишке өлгөндөр күнөөлүүбү?


Абактан качкандарды кармоо операциясында тартылган сүрөт, октябрь, 2015-жыл
Абактан качкандарды кармоо операциясында тартылган сүрөт, октябрь, 2015-жыл

Свердлов райондук сотунда №50 абактан качкандар боюнча соттук териштирүү уланды. Мамлекеттик айыптоочулар 9 кылмышкердин качышына абак кызматкерлерине берилген 170 доллар пара себеп болгонун жүйө келтирүүдө.

11-майда өткөн сот жараянында 50-абактан качкандардын унаасын токтоткон Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери көрсөтмө беришти. Бул иш боюнча айыпталып жаткан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов абактан качуу, адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолууда. Булар менен кошо абактан качкандарды жашырган деген айып соттолуучулардын жакындары Максат Абдрахманов жана Нурсият Рысбековага тагылууда.

Түрмө кызматкерлери акчага алданган...

Мамлекеттик айыптоочулар 9 кылмышкердин качуусуна абак кызматкерлери жардам бергенин, ага 170 доллар пара себеп болгонун жүйө келтиришти. Бул кандуу окуяны Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы иликтеп, сотко өткөргөн. Мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова кылмышкерлер абактан качууга көмөктөшүү үчүн абак кызматкерлерине 170 долларга жакын пара бергени далилденгенин айтууда.

- Биздин тергөөчүлөр болгонун болгондой иликтешти. Тергөөдө абак кызматкерлери качкандардан 5 миң сом, кийинчерээк 100 доллар алганы аныкталды. Мындай маалыматтарды Алтынбек Итибаевдин аялы да тергөө учурунда тастыктаган. Тергөөдө бардык тараптардан көрсөтмө алынып, тиешелүү экспертизалар өткөрүлдү. Иликтөө объективдүү жүрдү. Эми калган маселе соттордун абийиринде. Биздин тергөө башкармалык жетекчиликке баш ийбеген көз карандысыз мекеме.

- Абак кызматкерлери 170 долларга сатылып кетсе – бул коррупция. Мындай факт түрмө кызматкерлеринин аброюна көө жабат. Бирок аны далилдөө оңойго турбайт. Анткени алар өлүп калды.
Кайрат Осмоналиев

Тергөөнүн материалында түрмөдөн качуунун башында маркум Алтынбек Итибаев турганы жана абак кызматкерлерине берилген пара аялы Лариса Кудашева аркылуу берилгени айтылат.

Анткен менен соттолуучулардын жактоочусу Токтайым Үмөталиева тергөөнүн адилет жүргүзүлгөнүнө ишенбейт. Анын пикиринде, аталган кылмыш ишин Жаза аткаруу кызматы эмес, атайын прокуратура тергеши керек болчу. Укук коргоочу сурак учурунда айыпталуучулар тергөөчүлөр тарабынан кыйноого кабылганын айтууда.

- Күнөөнү өлгөн адамдарга оодарып коюу оңой, ал эми ишти калыс иликтөө татаал. Анткени тергөө учурунда Уринов жана Курбанахунов ур-токмокко алынганы аныкталып, кыйноолор боюнча улуттук комитет акт түзгөн. Экинчиден, бул ишти Жаза аткаруу кызматы иликтегенге акысы жок болчу. Анткени окуя ушул мекемеде болуп жатат, жетекчилик өздөрү кызыкдар. Ошондуктан бул ишти башынан эле прокуратура тергеши керек болчу. Анан кайдагы объективдүүлүк?

12-октябрда кылмышкерлердин колунан мерт болгон абак кызматкерлери.
12-октябрда кылмышкерлердин колунан мерт болгон абак кызматкерлери.

Өлгөн адамдардын пара алганын далилдөө мүмкүн эмес. Мындай пикирин юрист Кайрат Осмоналиев ортого салды. Анын пикиринде, абак кызматкерлери пара алган күндө деле алардын көзү жок. Пара берип качкандар эркинен өмүр бою ажыраган кылмышкерлер. Мындан улам кылмыш иши күнөөкөрсүз жабылышы толук мүмкүн.

- Абак кызматкерлери 170 долларга сатылып кетсе – бул коррупция. Мындай факт түрмө кызматкерлеринин аброюна көө жабат. Бирок аны далилдөө оңойго турбайт. Анткени алар өлүп калды. Анан бардык күнөөлөрдү өлгөн адамдарга түртө салган болбойт. Сот деле маркумдарды күнөөлүү кылып чечим чыгарып коюшу мүмкүн. Бирок муну тыкыр иликтеш керек.

Мамыркулов жазасыз калабы?

Кандуу окуя боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилиги каралбай калганына нааразылардын аягы сууй элек. Алардын бири ЖАМКнын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев абак күзөтчүлөрү камалгандардан пара аларын танбайт. Бирок ал жетекчиликтин жазасыз калганына капа.

Алик Мамыркулов
Алик Мамыркулов

- Эмне үчүн Алик Мамыркулов менен жардамчыларына иш козголбойт? Эмнеге алардын ишмердигине баа берилбейт? Болбосо алардын уруксаты жок бир да камеранын эшиги ачылбайт. Келип-келип жөнөкөй кароолчуларды айыптап жатышат. Бул иш боюнча түрмө жетекчилигин жазалаш керек болчу. Антпесе ЖАМК системасы такыр оңолбойт, тартип орнобойт.

Былтыр 12-октябрда Чүйдүн Төмөнкү Нооруз айлындагы №50 абакта өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 9 кылмышкер 4 түрмө кызматкерин өлтүрүп качып кеткен. Кийин качкандардын үчөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, дагы үчөө кармалгандан кийин түрмөдөн көз жумган. Атайын операциялар учурунда бир милиционер жана эки жай тургун набыт болгон. Качкандардын бирөө жарадар болуп кармалган. Каргашага күнөөлүү деп кармалган аталган абактын башчысы Иманкул Телтаев көп өтпөй тергөө изоляторунда табышмактуу жагдайда муунуп өлгөн. Ошентип бул каргаша 14 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG