Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Кенебестик чек ара чырына себеп болууда


Кыргыз-казак чек арасындагы белги. Талас.
Кыргыз-казак чек арасындагы белги. Талас.

“Чек арадан мыйзамсыз өттү, куралдуу каршылык көрсөттү”,- деген айып менен кармалган эки кыргыз жаранын Казакстан өткөрүп бере элек.

Андан мурдарак кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда колго түшкөн Чоң-Алай районунун эки тургуну эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулду. Бул эки окуяны иликтеп-териштирүү жүрүп жатат. Байкоочулар адатта чек арада ок атылган, анда адам өмүрү кыйылган фактыларга көп учурда жергиликтүү тургундардын кенебестиги, коңшу мамлекеттердин чек арачыларынын катаал мамилеси негиз болорун белгилешет.

Кыргыз-тажик чек арасында “Тажикстандын аймагына мыйзамсыз өтүп барган, куралдуу каршылык көрсөткөн” деген айып менен кармалган Оштогу Чоң-Алай районунун 30 жаштагы тургуну Дөөлөтбай Гаимов менен 28 жаштагы Бекмырза Матырзаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошоду. Райондун акими Абдилазиз Ашыралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мында буга чейин түзүлгөн, ар бир эки айда жыйын куруп турган эки өлкөнүн райондор аралык комиссиясы башкы роль ойноду:

- Жерге-Тал району менен жакшы байланыш болуп келген. Ушундан улам коңшулардан бул балдарды өткөрүп бергиле деп суранып, алар да туура түшүнүп, кечээ эки баланы өткөрүп беришти. Жогору жактагы бийлик өкүлдөрү да жакшы жардам берди. Материалдары менен өткөрүп беришти. Эми биздин күч органдары да тактап, иликтеп жатат. Балдардын абалы жакшы. Тактоолорго караганда алар Тажикстандын аймагына байкоосуз өтүп алышкан.

Бул окуя 9-августта кечке жуук болгон. Расмий маалыматка ылайык, 9-августта кечке жуук Тажикстандын Тупакүл аймагында коңшу өлкөнүн чек арачылары менен Чоң-Алай районунун үч тургуну атыша кеткен, анда бир адам ажал таап, экөө камакка алынган эле. Тажик тарап кыргыз жарандары аң уулап жүргөнүн айткан.

Бул окуядан көп өтпөй, 12-августта кыргыз-казак чек арасында дагы атышуу орун алганы маалым болду. Ысык-Көл облусунун Григорий капчыгайында дары чөп чогултуп жүрүп коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кеткен үч кыргыз жараны менен казак чек арачыларынын ортосунда куралдуу чатак орун алды. Бирөө качып кеткенге үлгүргөн, экөө ушул тушта Алматы облусунун Кара-Сай чек ара бекетинде кармалып турат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын маалымдашынча, кармалгандарды кайтарып алуу аракети, эки тараптуу иликтөө башталды:

- Биз азыр казак тарап берген маалыматты текшерип жатабыз. Андан сырткары өзүбүз да иликтөө жүргүзө баштадык. Казак тарап биздин эки жаранды камакка алды. Сүйлөшүү процесси жүрүп жатат. Биздин жарандар ал жакка кантип барып калышкан, чек арадан кантип өтүп кетишкен деп териштирип жатабыз.

Чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен кармалган, коңшу мамлекеттин чек арачылары атып салган фактылар буга чейин деле катталган. “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаеванын баамында, мындай окуялардын орун алышына коңшу өлкөлөрдүн чек арачыларынын катаал мамилесинен сырткары жергиликтүү тургундардын кенебестиги да кошул-ташыл болууда:

- Илгертен чек ара болбой, элибиз ошол режимде жашап, малын каалаган жерине жайып, малын каалаган жерден айдап өтүп көнүп калган. Чек арадагы аймактарда жашоо, мал кайтаруу, өтүү деген сыяктуу эрежелер элдин калың катмарына жеткен эмес. Билген күндө деле көндүм адатка салып маани бербейт. Андан сырткары бул чек ара, мынча чакырымдан кийин коңшулардын чек арасы жайгашкан деген да белгилер орнотулган эмес.

Былтыр жайында Ысык-Көлдүн Түп районунун Корумду айылынын 9 тургуну казак чек арасын мыйзамсыз өттү деген шек менен камакка алынган. Алар Көк-Бел жайлоосунда мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткени маалым болгон. Корумдулуктар эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн бир канча жолку сүйлөшүүсүнөн кийин айып пул төлөп бошотулган эле.

XS
SM
MD
LG