Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:03

Коопсуздук

Токтосун уулу: Чек арадагы талаштуу жерлерди басып алышууда

Чек ара жаңжалдары тууралуу “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин юристи Каныбек Токтосун уулу ой бөлүштү.

Кыргыз-өзбек чек арасы
Текст көлөмү - +
- Жыл сайын Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш айылдарында жаңжалдар чыгып келет. Сиздер чек арадагы чатактарды иликтеп келесиздер. Жаңжалдардын келип чыгуу себеби эмнеде?

- Жаңжалдар жаз мезгили башталгандан тарта күч алат. Себеби айыл чарба багытындагы иштерди жүргүзүү, Өзбекстан тараптан Кыргызстанга жашылча, мөмө-жемиштерди өткөрүү учурунда чатактар көп чыгат. Ошондой эле жайыттар боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир топ жаңжалдар жанданат.

- Быйыл бул өңдүү жаңжалдарды алдын алуу үчүн кошумча чаралар көрүлгөнүн байкай алдыңызбы? Же жылдагыдай эле жаз келгенде чыр-чатактар кайталанабы?

- Өзбекстан тарап “Достук” эл аралык постунан башка чек арадагы өткөрмө бекеттерин жаап салган. Бул жаңжалдардын себептеринин бири. Чек арадагы көптөгөн аймактар делимитация, демаркация толук жүргүзүлбөгөнүнө байланыштуу же Кыргызстанга же Өзбекстанга тиешелүү экени жергиликтүү калкка белгисиз бойдон калууда. Ошол себептен Өзбекстан тараптын чек ара кызматкерлери биздин жарандарды кыйноого салган учурлар көп эле байкалат.

Бирок мамлекеттик деңгээлде кандайдыр бир программалар, же болбосо Чек ара кызматы тарабынан конфликттин алдын алуучу иш чаралар байкалбайт. Анан баса белгилей кетүүчү жагдай, Өзбекстан тараптан чек ара сызыктарын коргоого жетиштүү деңгээлде чек ара кызматкерлер тартылган. Ал эми бизде чек араны көзөмөлдөө үчүн кызматкерлер жетишпейт. Мамлекеттин каражатынын тартыштыгынанбы, же болбосо башка себептерден уламбы биздин чек ара кызматкерлерибиз толук түрдө чек ара сызыгын көзөмөлдөөгө жетишпей жатат десек болот.

- Жергиликтүү бийлик тарабынан жетиштүү көңүл бурулуп жатабы?

- Жергиликтүү бийлик кандай гана чараларды колдонбосун, алардын күчү жетпейт. Чама-чаркы жетишсиз. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде, республиканын жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде чечилиши керек.

- Кыргызстандын талаштуу чек ара тилкелеринде үйлөрүн сатып, көчүп кеткен кыргыздар бар экени айтылып жүрөт. Азыр чек арага жакын айылдарда абал кандай? Мындай көрүнүштөр дале уланып жатабы?

- Бир эле үйүн сатып, көчүп кеткен учурлар эмес, Өзбекстан тараптан андай жерлерди басып алган учурларды көрүп, күбө болуп жатабыз. Мисалы, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Торук айылында кыргыздар жашаганына карабастан, анын жарымын Өзбекстан өз алдынча делимитация, демаркация кылып, айылдын жартысын бөлүп алган. Ал эми Тажикстан тараптагы айыл тургундары Чүй облусуна, же болбосо Орусияга иштеп кетип, үйлөр сатылып кеткен учурлар көп эле кездешет.

- Бул жагдайларды жөнгө салуу үчүн кандай сунуштарыңыз бар?

- Бул эми Кыргызстан тараптын саясий эркине байланыштуу. Өзбекстан бир сантиметр жер үчүн принципиалдуу турушат. Бул маселе жакынкы аралыкта чечилбейт го деп ойлойм. Себеби, чек араны тактап, жерди бөлүштүрүү чоң кызматтагы саясий кызматчыларга минус алып келет.

Себеби жерди сатты деген жалаа саясий бийликте тургандарга коюлуп келген. Буга Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселеси мисал боло алат. Ошол себептен Москвадан же Астанадан эл аралык деңгээлдеги комиссияны кошуп, Москвадагы архивдерден карап, так жүргүзүп алышыбыз керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: алымбек каяктан: маскөө
31.01.2012 15:25
чекарадагы талаш-тартыштар бутпойт.озбекстан алар талаш жерерди 100% озунун пайдасына чечиш учун жанагындай "акцияларды"уюштуруп келет.а биздикилер же аскерибиз жок ,элибиз болсо кочуп кеткен талаш жерлерден эртенки куну озбектер кана кыргыздын жери кыргыздар жашабаса деп алып коет.эртели-кечпи
озбекстан,тажикстан тараптагы чекаралардын айынан согуш чыгат болуш керек . ошондо эле чечилбесе ва-банк варианты менен.

кимден: Каган каяктан: Бишкек
30.01.2012 22:31
Чек ара, бул мамлекеттүүлүктүн бирден бир белгиси экенин эске алганда, бул эң биринчилерден болуп чечилүүгө тийиш эле.
Пикирге жооп

кимден: kytai каяктан: kytai
01.02.2012 13:38
Bir mamleket u'qun 1cm2 jer 1cm3 altyndanda kymbat. Alemi bir jeke adamdyn kyzykqylyghy u'qun jol tosup, mitngke qykkan kairan kyrghyz elim ju'zdop qarqy kilometir jeri koldon ketip jatsada, ARAKyn iqip mas bolup, u'yundo uktap jatat. keq tu'shunotko oyghonup talagha qyghyp karasa UZda turghanyn. Baikush KGlar ertengki ETten bu'gunku O'PKO jakshy dep O'PKOngordu jep, ARAKyngardy iqip uktai bergile!!! jakshy tu'sh ko'rgulo!.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине