Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Лев Гумилев 100 жашта


Бишкекте Улуттук китепканада атактуу тарыхчы жана ойчул Лев Гумилевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Борбор Азиядагы чыгыш элдердин тарыхын изилдеген окумуштуу көчмөндөр тууралуу мурдатан калыптанган ой-пикирди жокко чыгарганы менен дүйнөгө таанылган.

Илим чөйрөсү Лев Гумилев тууралуу 20-кылымдын 60-жылдары кабардар болгон. Дал ушул мезгилде жаш окумуштуунун көчмөн элдердин тарыхын изилдеген “Хунну” жана “Байыркы түрктөр” монографиялары жарык көргөн. Бүгүнкү эскерүү кечеде Гумилевдун бул эмгектери кыргыз окумуштуулары үчүн кымбат табылга болгону айтылды.

Саясат таануучу, философ Карыбек Байбосуновдун айтымында, Лев Гумилев биринчилерден болуп кыргыздын улуу эл экенин тааныган. Карыбек Байбосунов мунун себебин жеке көз карашы менен түшүндүрдү:

- Кыргыздын изи Гумилевдун эмгектеринде алтын тамга менен жазылып калган. Кайсы эмгегин алба, кыргыз жыттанып турат. Демек бул кыргыз элин таанууга чоң салым кошкон окумуштуу болгон. Негизи Гумилев тектүү адам. Хандын-бектин тукумунан чыккан. Өзүн славян эсептегени менен теги түрк болгон. Ал эми түрктөрдүн теги барып кыргызга такалып жатат.

Николай Гумилев, Анна Ахматова жана Лев Гумилев
Николай Гумилев, Анна Ахматова жана Лев Гумилев
Белгилүү тарыхчы, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов кыргыз өзүн тааныш үчүн Лев Гумилевдин эмгектерин толук кыргызчалашы керек деген пикирде:

- Лев Николаевич көчмөн цивилизациясынын башында кыргыздар, ал эми отурукташкан элдин башында кытайлар турган деп айткан. Кыргыздар улуу талаада жашаган гунндар, ал эми кытайлар көктүн балдары деген. Кыргыз тилине Гумилевдин “Жердин этногенези жана жандуу чөйрөсү”, “Байыркы түрктөр” деген эки чыгармасы гана которулган. Менин оюмча Гумилевдун дагы көптөгөн эмгектерин кыргызчалообуз керек. Ошондо гана тээ байыркы тарыхыбыз чубалып чыгат.

Токтобай Мүлкүбатов жогоруда айткан кебин ырастоо үчүн коңшу казактарды мисалга тартты:

- Казак туугандар Астанада ачылган Евразия университетине Гумилевдун ысымын берди. Орхон-Енисейдеги чоң ташта жазылган Култегиндин катынын көчүрмөсүн Жапониядан миллион долларга жасатып келип, университеттин астына койдуруп коюшту. Ал ташта жалаң кыргыздар тууралуу жазылган. Казак жөнүндө бир дагы сөз жок. Биз болсо, экономикабыз чабал болгону үчүнбү же руханий чөйрөбүздө чалынуу барбы, өзүбүздү тааный албай келебиз.

Дагы бир тарыхчы Жаныбек Жакыпбеков окумуштуунун өмүрү куугунтукта өткөндүктөн ал тууралуу коомчулук кийин билгенин айтат:

- Гумилев пассионардык теорияны көтөрүп чыккан киши да. Бул теориянын маңызы мындай: коом өнүккөндө улут тарыхта калабы же жокпу деген суроо жаралат. Ошол кезде пассионардык шыкак болсо, эл өзүнүн изин калтырат. Бул жагынан алганда Гумилевдун теориясы тарыхка эмес биологияга жакын.

Эскерүү кечесинде Лев Гумилевдун бедизи дагы ачылды. Маданият министринин орун басары Кудайберген Базарбаев бул окуянын мааниси зор экенин баса белгиледи:

- Бул киши СССР учурунда эле туруп калган ойго каршы чыккан. Түрк эли менен славяндардын тамыры бир деген көз карашты айтып чыккан да. Бул биз үчүн абдан маанилүү окуя. Евразиялык мамлекет деп жатабыз. Андай мамлекет үчүн мындай нерселер маанилүү.

Айтылуу акындар: Анна Ахматова менен Николай Гумилевдун уулу Лев Гумилевдун өмүрүнүн теңи куугунтукта өткөн. Анткен менен окумуштуу тизе бүгүп, авторитардык режимдин чоорун тарткан эмес. Чыныгы илимге гана кызмат кылган. Бул мүнөзү үчүн аны кодулагандар да, сыйлагандар да көп эле.

Лев Гумилев тарыхчы гана эмес мыкты акын, котормочу дагы болгон. Ал которгон байыркы шумерлердин “Гильгамеш” эпосу дүйнөлүк адабияттын баалуу чыгармасы болуп калган.
XS
SM
MD
LG