Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

"Аалам кыргыздары" журналынын куржунунан


Гундула Салк (ортодо) достору менен
Гундула Салк (ортодо) достору менен
Европалык белгилүү кыргыз таануучу жана түрколог айым Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжыра” - Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860-1942) - деп аталган диссертациялык эмгеги 2009-жылдын май айында Фрайбургдагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө эң жогорку баа (magna cum laude) алуу менен ийгиликтүү коргогонун жана өзүнчө илимий монография болуп жарык көргөнүн кыргыз журтчулугу кабарлар болгон эле.

Бүгүнкү алган маалыматыбыз боюнча Гундула айым эми “Сарыбагыш уруулары” боюнча изилдөө жүргүзөөрүн билдирди. Бул дагы жакшы кабарлардын бири деп эсептейбиз!

- Урматтуу Гундула айым Сиз илимий изилдөңүздү эмне үчүн Тоголок Молдонун санжырасына токтолдуңуз?

- Кыргыз акын, ырчы жана санжырачы Тоголок Молдону өтө маанилүү киши катары элдин эсинде сактоо - бул менин оюмча зарыл милдет. Кыргыз маданиятында – манасчылар жана дастанчыларды негизги бир бутагы катары карайт. Кыргыздардын мурунку көчмөндүк турмушу, ал менен байланыштуу салт-санаасы албетте жергиликтүү жана шаардагы маданияттарга караганда, анча деле көп деп эсептеле албайт. Ошону менен бирге, кыргыз маданияты манасчылар, дастанчылар менен бүтпөйт. Эң кызыктуу нерсе - көчмөндүк коомду жана коомдук маданий техникаларды сактаган өзгөчөлүктөр: санжыра. Аны бардык адамдар билгени менен бардык эле акындар бул билимди бизге калтырган эмес. Ал эми Тоголок Молдонун кыргыз маданиятындагы орду жогору. Андан ары, Тоголок Молдо жазууну эрте билген адам катары, ырларында коомдогу кыйынчылыктарды совет мезгилинен мурда деле ачык көрсөтөт.

- Бул илимий иштин үстүндө канча жыл иштедиңиз?

- Илимий изилдөөмдү үч жыл жүргүздүм. Менин жолдошум башка жерде болгондуктан, болгон убактымды ишке гана жумшадым. Чынын айтканда, Тоголок Молдо жана анын эмгеги мага абдан кызык болду жана аны өзүмдүн ата катары көрө баштадым. Буюрса кийин анын кээ бир ырларын да, немис тилине которормун.

- Сизди Чыгыш таануучу катары кандайча Кыргызстан кызыктырып калды?

- Мен өзүм түркологмун. Ошондуктан бардык түрк элдерин маданияты менен таанышпыз. Бирок Кыргызстандын салт-санаасы, маданияты көчмөн элдин турмушу бүгүнкү күнгө чейин дале көрсөткөндүктөн, кыргыз элин Кичи Азиянын коомдук маданиятынын - бир мисалы катары караймын.

- Кыргызстандык Чыгыш таануучулар изилдебеген фу-йу кыргыздарын сиз изилдөөгө алдыңыз, кандайча бул маселеге кызыгып калдыңыз?

- Мага кызык болгон суроо-көөнө кыргыздардын изин табышыбыз мүмкүнбү? Ошондуктан фу-йу кыргыздарына кайрылгам. Алардын жолдору айрым болсо да, фу-йу кыргыздарын өз жеринде көрүп изилдөө мага өтө кубанычтуу жана кызык болгон.

- Келечектеги сиздин пландарыңыз?

- Келечекте – сарыбагыш уруусу менен байланыштуу изилдөө, анткени ал уруу аты ат катары башка «багыш» урууларга (чоңбагыш, карабагыш, багыш жана мүмкүн бугу) жакындык көрсөтөт.

Маек кыргыз тилинде жүргүзүлүп, өзгөртүүсүз берилди.

Гүлзада Абдалиева
XS
SM
MD
LG