Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Кылмыш дүйнөсү “Сакалдуу” болдубу?


Евразиядагы кылмыш дүйнөсүнүн байланышы, АКШнын Финансы министрлиги, 30.10. 2013.
Евразиядагы кылмыш дүйнөсүнүн байланышы, АКШнын Финансы министрлиги, 30.10. 2013.

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсү үчүнчү бир криминалдык аталык менен толукталышы мүмкүн.

Орусиялык primecrime.ru сайты КМШдагы криматалыктардын Түркияда өткөн жыйынында кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген лакап ат менен белгилүү кыргызстандык Улан Токтосуновго “мыйзамдагы ууру” макамы ыйгарылып, таажы кийгизилгенин жазып чыкты. Маалыматтарда Улан Токтосунов Кыргызстандагы ири уюшкан кылмыш тобунун анабашы Камчы Көлбаевге теңтайлаш атаандаш катары тандалган болушу мүмкүн. Ички иштер министрлиги кримавторитетке “мыйзамдагы ууру” макамы ыйгарылды деген маалыматты ушак катары төгүндөдү.

Криминалдык “таажынын” талапкери

Кылмыш дүйнөсүнүн жаңылыктарын жарыялоого адистешкен орусиялык primecrime.ru сайты Түркиянын курорттук шаарларынын биринде жакында КМШдагы ири криминалдык лөктөрдүн жыйыны өткөнүн жазып чыкты. Анда кыргызстандык кылмыш чөйрөсүнөн чыккан Улан Токтосуновго “мыйзамдагы ууру” макамы ыйгарылганы маалымдалды. Кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген лакап ат менен белгилүү Улан Токтосунов буга чейин Кара-Балтадагы уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү болгон. Ага криминалдык “таажы” ыйгаруу демилгесин “Ташкендик Жора” жана “Саратовдук Тимур” деген кылмыш дүйнөсүнүн ири төбөлдөрү көтөрүшкөнү маалымдалууда.

Буга чейин мына ошондой даража ыйгарылган “Карышкыр” деген лакап ат менен белгилүү кримтөбөл Москвадан кармалып, жайында Кыргызстанга алынып келинген. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Бактыбек Калмаматов өлкө криминалдын таасиринен чыга албай калганын белгиледи:

- Өлкөдө үрөйдү учура турган жашоо образы калыптанууда. Мурда кылмыш дүйнөсүнүн бирин-экин лидерлери тууралуу гана угуп келсек, учурда алардын арасы улам калыңдап бараткансыйт. Азыр каякка барба, мына ошолор тууралуу талкуулар күчөп турган учур. Анан калса соңку мезгилде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнө кайрадан алык-салыктар башталганы айтыла баштады. Бул бийликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүнүн жыйынтыгы. Бийлик криминал менен кызматташпаш керек жана алардын колдоосун саясий оюндарда же шайлоодо колдонбош керек.

“Сакал” мурда Кылмыш-жаза кодексиндеги "каракчылык", "тоноо" жана "зомбулук көрсөтүү" беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, ал Кара-Балтадагы уюшкан кылмыш тобунун башчысы Алмаз Бокуштун жакын адамы катары кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликти көзөмөлгө алып турган. Токтосунов 2011-жылы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөгөндө өлкөдөн чыгып кетип, ошол боюнча анын каякта жүргөнү белгисиз болгон.

Тастыкталбаган “тастыктама”

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Жоробай Абдраимов ага “мыйзамдагы ууру” макамы ыйгарылды деген маалыматты четке какты:

- Чынында мына ошондой жыйын болуптур. Бирок анда кайсы бир кыргызстандык жаранга кандайдыр бир криминалдык титул ыйгарылган эмес. Биздин алдын ала алган маалыматтар боюнча мына ошондой. Анан эми азыр кызыкдар бирөөлөр ортодон ошондой жалган маалыматты таратып жатышат. Улан Токтосунов деген уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары ички иштер органдарына белгилүү.

36 жаштагы Улан Токтосунов Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Кара-Кашат айылында туулган. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын материалдары боюнча анын кандайдыр бир орчундуу криминалдык териштирүүлөргө катышканы же анын кылмыш дүйнөсүндөгү өзгөчө таасири боюнча маалыматтар аз. Адис-эксперт Жолдошбек Бузурманкулов соңку мезгилде кылмыш дүйнөсүндө “таажы тагынуу оорусу” күчөгөн көрүнүш бар экенин белгиледи:

- Кийинки мезгилде криминалдык лидерлер өздөрү тууралуу мына ошондой маалыматтарды атайын таратып, андан өздөрүнө кылмыш дүйнөсүндө кадыр-барк жасоого аракеттенген көрүнүш бар. Мына ошондуктан белгилүү бир кылмыш дүйнөсүнүн ири лөктөрүнүн катышуусунда "таажы" кийгизүү болду деген сөздөрдү атайылап чыгарышат. Ошол аркылуу алар өздөрүнүн криминалдык чөйрөсүн кеңейтип, ишкерлерге салык салууга жеңил болорун мыкты өздөштүрүшкөн.

Ошол эле кезде коомчулукта Кыргызстанда үчүнчү бир “мыйзамдагы ууру” пайда болсо, ал өлкөдөгү криминалдык топтордун ортосундагы мамилеге жана коомдук-саясий кырдаалга кандай таасирин тийгизет деген түпөйүл суроо турат.

Криминалдык түшүнүктө өзгөчө айырмаланып, кадыр-барк тапкан кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнө “мыйзамдагы ууру” макамы ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG