Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Муралиевдин уулу тыңчылыкка шектелүүдө


Тыңчылыкка шектелген өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы Алтынбек Муралиев. Сүрөт өкмөттүн сайтынан алынды.
Тыңчылыкка шектелген өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы Алтынбек Муралиев. Сүрөт өкмөттүн сайтынан алынды.

Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев тыңчылыкка шектелип, камакка алынды.

Анын кайсыл мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылганы жана кылмыш ишинин маңызы тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу толук маалымат берүүдөн баш тартууда. Алтынбек Муралиев Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин уулу. Экс-премьер-министр уулунун кармалып, камакка алынганы боюнча кабарды чукул арада укканын айтып, учурда ага адвокат издеп жатканын билдирди.

Жабылбай калган жашыруун сыр

Ушул жылдын 1-ноябрь күнү өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган. Бул тууралуу 3-ноябрь күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Бирок Алтынбек Муралиевдин кайсыл чет мамлекеттин чалгын кызматына тыңчылык кылганы ачык жарыялана элек. Бирок ага коюлган айыптоо беренеси кызматтык жашыруун сырды ичине камтыган маалыматты чет элдик уюмга берүүгө байланышкан жаза чарасын карайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул кылмыш иши туурасында азырынча толук маалымат берилбей турганына токтолду:

- Кылмыш-жаза кодексинин 302-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча ал жаран кылмышка шектелип кармалып, андан соң камакка алынды. Бул боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Мына ошого байланыштуу бул иштин толук жагдайлары азырынча ачык айтылбайт.

Алтынбек Муралиев былтыр 11-октябрда өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал аталган бөлүмдө эксперт жана ага эксперт катары иштеп келген.

Баланын ишин атасы билбейт...

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

Алтынбек Муралиев мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин уулу. Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев анын уулу кандай жагдайда кармалганы боюнча маалыматы жок экенин белгилеп, учурда адвокат издеп жатканын айтты:

- Чынын айтканда мен бул туурасында жаңы эле уктум. Мыйзам боюнча азыр аны менен бизди жолуктурбайт. Ага эми адвокаттар эле киришпесе. Ошондуктан андан кабар алуу үчүн азыр адвокат издеп жатабыз. Азыр эмне деп ойлоорумду деле билбей турам. Эми ушундай болуп калды... Уулум чоңойгон. Үй-бүлөсү бар. Бизден өзүнчө турчу. Ошондуктан анын өзүнчө жашоосу жана өзүнүн билгени бар. Ошондуктан азырынча анын кармалышы боюнча эч нерсе деп айта албайм.

Өкмөттү аралаган “караан”

Өкмөттүн бөлүм башчысынын деңгээлиндеги аппараттык жетекчинин тыңчылыкка шектелип кармалган учуру буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Болгондо дагы өкмөттүн эл аралык саясатын иштеп чыгууга катышкан кызмат адамынын мамлекеттик сырды чет элдик уюмга беришине байланышкан кылмыш фактысы каттала элек болчу. Атайын кызматтын полковниги, чекист-эксперт Талант Раззаков мындай мүнөздөгү кылмыш ишин иликтөө көп машакатты талап кыларын айтып өттү:

- Албетте бул иш коомчулукта чоң резонанс туудурбай койбойт. Бирок бизде биринчи кезекте мыйзам бардыгынан улук болууга тийиш. Ошондуктан анын мына ошондой ишке күнөөсү барбы же жокпу тергөө учурунда иликтенип, сотто аныкталат. Бул чынында эле сейрек кездешүүчү кылмыш фактысы. Анткени буга окшогон иштерди иликтөө аябай татаал болуп, көптөгөн аракеттерди талап кылат. Андай иштер көп убакыт изилденип жүрүп, анан ачыкка чыгарылат. Болбосо далили азыраак болуп туруп, жөн эле айып коюп, кармап, камакка алуу болсо, андай иштер тергөөдө өз максатына жетпей калат. Башка катардагы кылмыш иштеринен айырмасы ошол.

Өкмөттүн эл аралык кызматташтык боюнча бөлүмү мамлекеттин тышкы экономикалык саясатын иштеп чыгуучу жана уюштуруучу борбордук аппараттагы орган. Мында негизинен Кумтөр сыяктуу ири долбоорлорго байланыштуу маселелер каралып, тигил же бул жагдай боюнча өкмөттүн туруму аныкталат. Мына ошого байланыштуу мамлекеттин кызыкчылыгын камтыган кызматтык маалыматтарга “жашыруун” же “өтө жашыруун” деген атайын гриф коюлат.

XS
SM
MD
LG