Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Кыргызстанга келип жаткан гранттар кайда жана кандай жумшалат? Ушул тема “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.

Катышуучулар: "Таза табигат" коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Дауталиева, "Промотанк" компаниясынын жетекчиси, көз карандысыз экономист Азамат Акелеев, Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстан 20 жылдан бери сырткы жардамдын - арзан кредиттердин, кайтарымсыз гранттардын эсебинен жашап келаткандай. Тунгуч президент Аскар Акаевден тарта азыркы бийлик башчылары грант алып келгенин, кайсы бир өлкө кредит убада бергенин айтып мактанышат. Акыркы беш жылда Кыргызстанга канча грант келиптир? Анара айым, сиздер ушуну иликтеп жүрдүңүздөр эле.

Анара Дауталиева: Биз тышкы акчаларды көзөмөлдөйбүз. 2005-жылы ХИПИК башталганда биздин тышкы карыз 1 млрд. 900 млн. болчу. Азыр карызыбыз 2 млрд. 755 млн. доллар болду. Ал эми ички карыз 280 млн. доллар.

Анара Дауталиева

Анара Дауталиева

Грант деген үстөк пайызы жок акча берет, бирок аны көп нерсе менен төлөп беребиз. Грант аркылуу көп мыйзамдар өзгөрүп кетти. Мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика – бул социалдык кызмат. Алар бүгүнкү күнү акы төлөй турган болду.

Убагында Алмазбек Атамбаевге деле “акчаны абайлап алгыла” деп айтканбыз. Насыя, грант алганда коомдук угуу өткөрүп, ошол долбоор бизге керекпи, жокпу, ушуну коом билиш керек, талкуулаш керек. Азыркы бийлик Акаев, Бакиев жолуна кайра түштү. Азыр президенттин деле алы келбейт, анткени кызматка мурдагы эле кишилер келди.

Азамат Акелеев: Грант – бул карыз эмес, кайра төлөнбөгөн акча каражат. Бирок бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банктан келип аткан ири гранттардын жок дегенде 50% насыя, калганы грант.

Көптөгөн өкмөт өкүлдөрү насыя жакшы экенин, анткени алардын үстөк пайызы абдан төмөн келип жатканын айтышат. Экономикалык жактан караганда бул жакшы. Бирок негизинен насыя, гранттарга көз каранды болуу эки жаман нерсеге алып келет. Биринчиден, көз карандуулукка анан жоопкерчиликсиз мамилеге.

Азамат Акелеев

Азамат Акелеев

Аткаруучу бийлик гранттарды алыш үчүн бюджетке абдан чоң таңсыктык киргизип атат. Аткаруу бийлиги арзан насыяларды алууга ар дайым кызыкдар. Анткени күнүмдүк маселелерди чечүүгө ошол каражатты жумшайт. Ал каражат күнүмдүк керектөөгө гана кетет. Мисалы, былтыр Дүйнөлүк банк менен Дүйнөлүк валюта корунан 60 млн. каражат насыя алынган. Бул деле күнүмдүк керектөөгө жумшалган. Демек насыялардын көбү узак мөөнөттөгү инвестицияга жумшалбаганын көрсөтүп турат.

“Азаттык": Грант да жөн берилбейт да, кандайдыр бир максатты ишке ашырыш үчүн салынганы бар. Аларды ким көзөмөлдөйт? Грант Кыргызстандын коопсуздугуна, улуттук кызыкчылыктарына каршы келбесин ким текшерет?

Токтайым Үмөталиева: Биринчиден, бул жерде системалуу түрдө мамлекетти өнүктүрүү механизмдерин иштеп чыккан адамдар жок.

Токтайым Үмөталиева

Токтайым Үмөталиева

Экинчиден, донорлордун өзүнүн кызыкчылыгы бар, бекер эч нерсе берилбейт. Гранттарды берүүнүн эң башатында мен тургам. Грант – бул чет өлкөдөгү иши жок калган адамдарды башка жакка жумшап, жумуш менен камсыздандыруу деп коёт.

Консультанттар да ошондой. Бул - легалдуу, ачык жасалган тыңчылык деп айта алам. Үчүнчүдөн, чалды-куйду кичинекей уюмдар акча берип жаткан топтордун кызыкчылыгын көздөп, мыйзамдарды талкалап, өзгөртүп, жалпы системаны азыркы абалга алып келүүдө.

Төртүнчүдөн, келген кредиттерди өзүбүз каалагандай колдонууга уруксат берилген эмес. Насыялар бизге баңгизат катары берилди. Негизинен ал каражат иштеш керек. Бизде насыялар эмнеге берилип атат? Даараткана курганга, балдарды ачка калбасын деп оокат бергенге жана башкаларга. Дегеле экономикалык өнүгө турган багытка берилген жери жок.
XS
SM
MD
LG