Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:14

Маданият / Өнөр

Алиша Диа: Сүйө бил!

21 жаштагы актриса Алиман Дүйшеналиева Кыргызстанда тартылган “Сүйө бил” аттуу жаңы тасмадагы башкы ролдордун бирин аткарган.

x

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Алиман шоу-бизнесте Алиша Диа деген ат менен таанылып келатат. Биз Алиша менен Москвадагы кафелердин биринде маектештик.

“Москвага ата-энеме учуп келгем. Алар да чыгармачыл адамдар, ГИТИСти бүтүрүшкөн, апам – актриса, атам – режиссер”.

​​Алиша билими боюнча дипломат. Бирок окуусун улантпай эле "актриса болом" деп чечкен.

Буга чейин бир нече тасмада ойногон, анын ичинде кыргызстандык “Кызыл көйнөкчөн-2” триллеринде жана казакстандык сериалда тартылган.

“Мага тасмаларда роль аткаруу абдан жагат, дипломаттыкка бекер эле тапшырган экенмин, айтор актриса болом”, - дейт Алиша.

“Сүйө бил” тасмасынын режиссеру Адилет Акматов Кыргызстанда Жеки Чан деген атка конгон, себеби ал – каскадер. Тасманын продюсери Каарманбек Кулуевдин айтымында, фильм action жанрында тартылган.

​​“Тасмадагы башкы ролду үч кыз ойнойт. Алар эркектерге аябай жинденген. Себеби мен ойногон Жылдызды анын жигити зордуктап койгон. Башка эки кыз менен да жаман окуялар болгон. Алар таанышып калып, бардык эркектерден өч ала башташат. Менимче бул биздин коомдогу кыз-жигиттердин ортосундагы мамилелерди кичине болсо да чагылдырат. Феминисттик турум десем жарашат. Бирок акырында баары бир сүйүү жеңет”, - дейт Алиша.

     


“Сүйө бил” тасмасы “баары бир сүйүү бар”  деген ойду берет. Бюджети 15 миң долларды түзгөн мелодрама 14-февралдан (Ыйык Валенти күнү) тарта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Азыр кинотоп “Фейсбук” социалдык тармагында атайын бет ачып, бекер билеттерди ойнотуп жаткан кез.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.01.2012 15:21
Трейлерден эле корунуп турат. Болбогон кино.
Бирок, кино ушинтип атып онугот.

кимден: tik каяктан: uiatyraak
28.01.2012 14:38
choong ele balee emi sivilizatsia dep ele chet eldi tuurap emi kochodo shumu jok jurbosok boldu ushul akteerlorgo i any jaratuuchularga aitarym bul ketishinde Kyrgyz kyrdaryn jakynda ele galivut kyzdaryndai jylangach tartyp salasyngargo a bizdikilerge azyr jagypjatkan uchuru,Ekinchiden uluttuk tildi basynttyp jatasyngarda ozungordu jyldyzga tengep alypsyngar emen Kyrgyzchatartsangar ele korboi koiotda e. Oto ele asha chaap ketipsing Bunu tartkan adamga aityp jatam

кимден: Freedom каяктан: St. Louis, USA
28.01.2012 13:56
Men bir nersege abdan tan kalam. Emne uchun yrchylar je negizi ele belgiluu adamdar sozsuz turdo ozunun jeke avtounaasynda jurush kerek jana alar koomduk transportto jurso emnesi tan kalyshtuu...? Ozunor ele alardy asmandagy jyldyzga tenep jiberesiner. Otkondo bir deputat interview berip jatat, dagy ele ushakchy Super infogo, al aitat: "Men koomduk transportko tushup kordum, birok ozumdu abdan jaman sezdim" dep. Anan oshondoi adamdar kantip bir algylyktuu ish kylsyn. Koshomatynardy toktotkulachy urmattuu jurnalistter(ozgocho super infonun).

кимден: muslım каяктан: Turkıye
27.01.2012 23:10
it bolbodubu? Kırgızdın kızdarı kachan ele karatmen bolup biroonu tepklıechı ele? Koyboysunarbı batıchtı tuuraganırdı? sılerge bıroonu urup sabagan kızdardın osup jetıluusu kızık korunot okshoyt.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине