Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

“Кыргызалтындын” башчысы кармалды


Дилгер Жапаров.
Дилгер Жапаров.

Башкы прокуратура “Кыргызалтын” акционердик коомунун башчысы Дилгер Жапаровго каршы кылмыш ишин козгоп, аны Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра голд инк.” ишканасына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптоодо. Бул маалыматты башкы көзөмөл органынын маалымат катчысы Сейитжан Апышев тастыктады:

- Дилгер Жапаров 28-майда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында.

"200 млн. доллар "Кыргызалтындыкы" эмес"

Башкы прокуратура бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде ушул жылдын 28-мартында кылмыш ишин козгогон.
Анткен менен “Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров “Центеррага” которулган акча “Кумтөр голд инк.” ишканасыныкы болгондуктан акционердик ишкананын ага тиешеси жок экенин айтты:

- Дивиденд катары берилген акча “Кыргызалтындыкы” эмес, ал “Кумтөр голд компани” ишканасыныкы. Ал “Центеррага” которулган. "Кыргызалтындын" акчасы болбогондон кийин бизге тиешеси деле жок. Эми баарын прокуратура органдары териштирет да.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айыпталып жаткан Дилгер Жапаров буга чейин эле чет элдик ишканалардын кызыкчылыгы үчүн иштеп келген деди:

- Парламент депутаттары Дилгер Жапаров бир эле учурда "Центерранын", "Кумтөр голд компанинин” директорлор кеңешинин мүчөсү экени бир канча ирет айтылган. Ал чет элдик ишканалардан акча алгандыктан ошолордун кызыкчылыгы үчүн иштеп келген. 200 млн. долларды “Центеррага” өкмөт менен кеңешпей которуп салышы анын ким экендигин тастыктап жатат.

Жапаров жазадан оңой кутулабы?

Дилгер Жапаров эгер коюлган берене боюнча күнөөлүү деп табылса, 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул төлөшү же 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Текебаев бул жаза миллиондорду кымыргандар үчүн өтө эле жумшак болгондуктан мыйзамга өзгөртүү керек деген пикирде. Анын айтымында, Жапаров азыркы мыйзам боюнча жоопкерчиликтен оңой эле кутулуп кетет.

- 30% акциясы бар мамлекеттик ишканаларга зыян келтирген жетекчилер коррупция беренеси сыяктуу эле 15 жылга кесилет деп мыйзамга өзгөртүү киргизгенбиз. Парламент колдогону менен президент Атамбаев негедир кол койгон эмес. Мына эми мамлекеттен миллиарддаган акчаларды которгондор жазадан жеңил кутуларын убакыт көрсөтүп жатат. Анүстүнө жакында эле мунапыс боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошентип Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тарта албай калабыз.

Прокуратуранын ырасташынча, дивиденд ишкананын жыл бою тапкан таза кирешесинин 25 пайызынан ашпоосу керек, белгилүү болгондой 2012-жылы "Кумтөр" ишканасы чыгаша менен чыккан. Эң кызыгы 2012-жылдын соңунда "Кумтөр голд компани” ишканасынын балансында өткөн жылдардагы киреше эсебинен бөлүштүрүлбөй калган 779 млн. доллар акча болгон.

2009-жылы кыргыз өкмөтү канадалык компания менен келишимин жаңылап, "Центеррадагы" үлүшүн 33% чейин жеткирген.
XS
SM
MD
LG