Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

ДНК-анализ шектенген аталардын акыркы үмүтү


Акыркы жылдары ДНКнын жардамы менен аталыгын тастыктагандар көбөйүүдө. Айрым адистер алар алименттен качып бул кадамга барарын айтса, кээ бири буга ар кандай турмуштук жагдайлар түртөөрүн айтышат.

Кыргыз жигит интернеттеги форумдардын биринде мындай билдирүү таштаган:

- Келинчегимдин үч айлык боюнда бар. Бирок ал жакында эле башка эркек менен да болгонун айтты. Ошондон бери "түйүлдүк менденби?" деген суроо мага тынчтык бербейт. Бала жарык дүйнөгө келгенден кийин ДНК анализи аркылуу текшерсе болорун билем. Бирок төрөлгөнүн күтпөстөн эле ал менин баламбы, же меники эмеспи, мына ушуну билсе болобу?

Жигиттин бул суроосунан кийин ага кеңеш айтып, атүгүл өз тажрыйбасы менен бөлүшкөндөр бир топ болгон.

Кыргызстанда ДНК анализ чыгарып, баласын тастыктоо мүмкүн эмес. Буга уруксат берген мамлекеттик мекеме да жок. Бирок мындай түрдөгү анализден өтүүгө шарт түзүп берген жеке менчик лабораториялар борбор калаада бар.

ДНК анализ аркылуу текшерүүдөн өтүп жаткандар бул кадамын түрдүү себептер менен түшүндүрүшөт. Аталган анализ боюнча адис Ирина Владимированын айтымында, буга чейин ДНК анализин сот чечими менен тапшыргандар басымдуулук кылса, акыркы жылдары жашыруун түрдө текшертүүнү каалагандар көбөйүүдө. Мындай лабораторияларга бир гана борбор калаадан эмес, өлкөнүн башка аймактарынан да келип тапшырышат:

- Биздин лабораторияга көбүнчө ажырашып жаткан түгөйлөр соттун чечими менен келип, анализ тапшырып кетишет. Себеби анын негизинде алимент төлөө боюнча чечим чыгарылат. Бирок акыркы учурда жашыруун түрдө тапшыргандардын арасында кыргыз улутундагылар көп. Алар атайын бир бөлмөгө кирип, башка атты жазып тапшырышат.

Чыдамсыздар Алматыга барат

Мындай анализди тапшыргандарды эч бир мамлекеттик мекеме тескөөгө албагандыктан алардын так санын билүү мүмкүн эмес. Болгону жеке менчик лабораториялардын маалыматына гана таянсак болот.

Мисалы, Бишкектеги лабораториялардын бирине бир жыл ичинде кеңеш сурап, өлкө боюнча 200дөн ашык адам кайрылган. Бирок кызмат баасынын кымбаттыгынан улам 100гө чукул адам гана ДНК анализин тапшырган. Бул бир гана лабораторияга келген адамдардын саны. Ал эми Бишкекте мындай жеке менчик медициналык ишканалар онго жакын.

Адатта мындай лабораториялар Бишкектен текшерип алып, аны АКШ, Украина, Орусия өңдүү мамлекеттерге жиберип, 10-15 күндөн кийин жыйынтыгын алышат. Бирок көпкө күтүүнү каалабаган айрым кыргызстандыктар Казакстандын Алматы шаарына барып, текшерүүдөн өтүп келишет.

Аталган кызматтын орточо баасы 17 миң сомдон 20 миң сомдун тегерегинде болот. ДНК анализи эки жол менен тапшырылат. Биринчиси - кан аркылуу, экинчиси - ата-эненин, баланын ооз көңдөйүндөгү шилекей аркылуу текшерилет. Ушундан кийин жыйынтык 99,9% болсо, бала анализ тапшырган адамдан деп эсептешет. Ал эми терс жыйынтык 0% дал келүүсүн көрсөтөт.

Бала түйүлдүктө болгондо да ДНК анализи аркылуу биологиялык атасын тастыктоого мүмкүн. Бирок мындай учурда эне-баланын ден соолугуна коркунуч жараларын адистер эскертишет.

Алименттен качкандардын акыркы айласы

Айрым адистер акыркы учурда жарандык никелердин көбөйүүсү менен ДНК анализге болгон муктаждык да арбыганын белгилешет. "Адилет" укуктук борборунун юристи Бактыгүл Кулматованын айтымында, алименттен качкандар адатта текшерүүдөн өтүүгө мажбур болушат:

- Сот аркылуу алимент төлөө маселеси чечилип жатканда, албетте, сот адегенде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө көңүл бурат. Бирок жарандык никеде турган үй-бүлөлөрдүн балдары энесинин атында гана жазылгандыктан ДНК анализин тапшырып, биологиялык атасын тастыктоого туура келет. Алимент төлөөдөн качып, текшерүүдөн өткөн аталар да биздин тажрыйбада көп эле болот.

Бирок иш жүзүндө соттун чечимисиз эле турмуштук жагдайлардан улам ДНК-анализ тапшырууга мажбур болгондор да бар.

- Өспүрүм убагымда дарыгерлер балалуу боло албайсың деп тастыктама жазып беришкен. Бирок бир жыл мурун келинчегим кош бойлуу экенин, балалуу болорубузду айтты. Башында эмне дешимди билбей, ал көз жарган убакытты күттүм, көз жаргандан кийин баары бир ДНК анализин тапшырууну чечтим. Анализ бала меники экендигин тастыктады. Ушул тапта же кубанарымды, же күмөн санаганым үчүн ыйларымды билбей отурам.

Бул билдирүү интернеттеги форумдардын бирине бир жыл мурда жазылган.

ДНК анализ жалгыз гана биологиялык атасын эле эмес, энесин да тастыктоо үчүн жасалат. Маселен, айрым учурда "төрөт үйүндө баламды алмаштырып жиберишти" деп, ата-эне анализ тапшырат. Мындан бир нече күн мурда №4 төрөтканасындагы наристелер алмашып кетти деген чырга эми ДНК анализи гана чекит койчудай.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG