Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

Нанотехнология турмушка улам аралашып келатса дагы "XXI кылымдын илими" Кыргызстанда дээрлик өнүккөн эмес. Германияда кыргыздын окумуштуу кызы бул жаатта дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөө жүргүзүп келет.

Саарланд (Saarland) университетинин окутуучусу, илим доктору Айсада Үчүгөнова инфаркт, диабет, боор циррозу, рак илдеттери өңдөнгөн ооруларды дарылоого үмүт берген өзөктүк клеткаларды изилдейт.

Жаңыл Жусупжан: Айсада, Германияда био-медицина, нанотехнология боюнча докторлук ишиңди жактадың. Өзүң өскөн айылдагы балдарга "нанотехнология" деген эмне дегени кантип түшүндүрөсүң?
Айсада нано-хирургияда ДНК деңгээлинде мына ушундай бөлүкчөлөргө атайын лазер менен операция жасайт.

Айсада Үчүгөнова: Нано-технология, ген-технология, био-технология, ген-инженериясы деген бар, алардын баары Кыргызстанда өтө начар өнүккөн. Нано-технология атом, молекула өңдөнгөн кичине бөлүкчөлөр жөнүндөгү илим, 100 нано-метрге чейинки бөлүкчөлөрдү ичине камтыйт. Медицинада нано-бөлүкчөлөрдүн негизинде көптөгөн дары жасалат. Ошондой эле нано-технология космос, компьютер, машина курууда, тамак-аш өндүрүшүндө колдонулат.

Жаңыл Жусупжан: Нано-бөлүкчөнү көз менен көрсө болобу?

Айсада Үчүгөнова: Бул бөлүкчөнү көз менен көрүүгө болбойт. Нанобөлүкчөнү электрондук, атомдук микроскоп менен гана көрө аласыз. Кадимки жарык микроскобу дагы жарабайт.

Жаңыл Жусупжан: "Нано" атомдон да кичинеби?

Айсада Үчүгөнова: "Нано" - атом, молекула өңдөңгөн майда бөлүкчөлөрдү өлчөй турган метр, сантиметр деген сыяктуу чен бирдик. 1 атом - 0.2 нано-метрдей келет. Ал эми кичине вирустун чоңдугу 5-50 нано-метр. Хромосомадагы генетикалык материал- ДНКнын диаметри болжол менен 2 нано-метр, узундугу бир нече метрге чейин жетет. Биз азыр нанонун көлөмүндөгү молекуланы синтездей алабыз.

Жаңыл Жусупжан: "Нанодон" турмушка керектүү кандай оокат жасаса болот?
Айзада кесиптештери менен
Айсада Үчүгөнова: Бир эле мисал – күндөн сактоочу кремдерди жасашат. Мындай крем беттин терисин каптап, күндүн зыяндуу нурун өткөрбөйт.

Жаңыл Жусупжан: Күндүн нуру кийинки кездери чынында эле зыяндуу болуп баратат. Бирок нано-бөлүкчө да зыян дешет го?

Айсада Үчүгөнова: Туура айтасыз. Нанобөлүкчөлөр ушунча кичине болгондуктан, териден өтүп кетиши мүмкүн. Эгер ал кан тамырга кирип, өпкөгө өтсө, рак оорусун пайда кылышы мүмкүн деген коркунуч бар. Бизде нано-бөлүкчөлөрүн изилдеген жакшы жабдыктар бар. Биз анын теринин канча кабатына чейин кирип бараарын изилдейбиз. Мисалы мулти-фотондук томография деген жаңы чыккан ыкма бар. Биздин топ ойлоп тапкан бул ыкма быйыл эл аралык Призм сыйлыгына ээ болду (ред: жогорудагы сүрөт). Нанобөлүкчөнүн кан тамырга өтүп кетпей тургандыгын далилдеп көрсөтөбүз. Косметиканы, дарыларды сүрөттөп, мүнөздөөгө жардам беребиз.

Жаңыл Жусупжан: Нанотехнология Кыргызстанда өнүксө, бизге кандай пайдасы тийиши мүмкүн?
Айсада (солдо) өзү иштеген Саарланд университетинде кыргыз студенттери менен
Айсада Үчүгөнова: Бүгүн консерванын банкалары, тамак-аш сактоочу идиштер азыр жаңы технология менен жасалып жатат. Ичи нанобөлүкчө менен капталган идишке салынган тамактын сапаты көпкө чейин кадимкидей сакталат.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанда илим аксап турат. Биз, кыргыздар, илимге шыгыбыз жокпу же мамлекеттик стратегиянын жоктугу, каражаттын тартыштыгы кедерги болуп жатабы?

Айсада Үчүгөнова: Биринчиден, каражаттын тартыштыгы. Экинчи проблема - маалыматтын жетишсиздиги жана чет өлкөлөр менен коммуникациянын жоктугу. Илимдин кудугун казган киши дүйнөдөгү кесиптештери менен такай байланышта болушу керек. Бизде андай мүмкүнчүлүк өтө аз. Үчүнчү көйгөй – билим берүүнүн (начар) деңгээли да тоскоолдук кылат.

Жаңыл Жусупжан: Кантип тоолук кыз нанотехнологияга кызыгып калды?

Окумуштуулар эс алганды дагы билишет. Будапешт шаарында, 2011-жыл
Айсада Үчүгөнова: Мен кичинемен эле илимге кызыкчумун, анан Германияда окуганга стипендия алып калдым. Германияда атактуу окумуштуулар менен таанышып, алардан таасирлендим, илимге кызыгуум ого бетер артты. Ошону менен илим жагында иштеп калдым.

Жаңыл Жусупжан: Нарындын Ак-Талаа районунда бир туугандарың менен атайын кор түзүп, 8 жылдан бери өзүң окуган Бердаaлы Календеров атындагы мектептин мыкты мугалимдерине, окуучуларына, таланттуу балдарга стипендия, дипломдорду уюштуруп келатыпсың. Жыйынтыгы кандай?

Айсада Үчүгөнова: Мектептин статистикасы боюнча, биз ушул корду ачып, каржылай баштагандан бери окуучулардын билим деңгээли өскөн. Муну мектептин директору да айтып жатат. Англис тили боюнча китеп, окуу куралдарын алып келдик, бул жаңы идея. Себеби, англис кабинеттеринде эч кандай китептер жок экен. Алыс болгондуктан, волонтерлер да келбейт. Ошондуктан окуу китеп, окуу куралдары менен жөндөмдүү балдар чет тилдерди үйрөнүп, чет өлкөлөрдө окуганга аракет кылса деп жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG