Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Талды-Булактын бүтпөгөн талашы


"Алтынкен" ЖЧКсынын кеңсеси. Орловка, Кемин району, 22-октябрь, 2012
"Алтынкен" ЖЧКсынын кеңсеси. Орловка, Кемин району, 22-октябрь, 2012

Кеминдеги Талды-Булак-Сол жээк кенин кытайлык “Алтынкен” компаниясы иштетишине жергиликтүү тургундардын бир тобу каршы.

Кеминдеги Талды-Булак-Сол-Жээк кенин иштеткен “Алтынкен” компаниясы менен жергиликтүү эл ортосундагы түшүнбөстүк эки жылдан бери уланып келет. Кен жайгашкан Орловка шаарчасынын тургундары Талды-Булак кенинде курула баштаган комбинаттын уулуу саркындысын көмө турган жай булак суусунан алыс эмес жерге курулушуна нааразы.

Шаарчадагы жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары Замир Бейшеналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, компания комбинатты Кыргызстандын экологиялык жана эмгек мыйзамдарын бузуу менен куруп жатат:

- Булар биздин экологиябызды бузуп жатат. Комбинаттын уулуу саркындысын экологиялык нормаларды сактабай, айылга агып келчү булактын үстүнө сактап жатышат. Ал суу менен биз бакчабызды сугарабыз, мал-жан ичет. Экинчиден, алар эмгек келишимин түзбөй, Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жатышат. Кыргызстандыктарды жумушка алат, бирок эч кандай документ бербейт. Жергиликтүү тургундарга 1000 сомдон берсе, мыйзамсыз жол менен келген кытайлыктарга 3000 сомдон төлөп берип жатат.

Бейшеналиев кошумчалагандай, жергиликтүү элдин эң орчундуу талабы - жаштарды жумушка орноштуруу. Келишим боюнча ишканада 90 пайыз жергиликтүүлөр, 10 пайыз кытайлыктар иштеши керек. Бирок иш жүзүндө комбинатта кытайлыктар көп болуп, жергиликтүүлөрдү ар кыл шылтоо менен жумушка албай жатат.

Негизи Талды-Булак-Сол-Жээк кенин 2011-жылдан бери “Алтынкен” компаниясы иштетип келет. Компаниянын 60 пайыздык үлүшүнө кытайлык SuperB Pacific Ltd. компаниясы ээлик кылса, 40 пайыздык үлүшү “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына таандык.

“Алтынкен” үлүшүнө ээлик кылган “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасынын орун басары Сагынбек Абдырахманов жергиликтүү калктын дооматтарын негизсиз деп четке кагууда:

- Ал жерде эки уу калдык сактоочу жай салынып жатат. Алардын талапка жооп бербейт дегени популисттик билдирүү деп айтсак болот. Анткени бул тармакка тиешелүү бардык мекемелердин лизенцияларын алган,
текшерүүлөрүнөн өткөн. Ал эми жумушка акча төлөбөй жатат дегенди мен уга элекмин. Ал жерде 155 адам иштеп жүрөт.


Абдырахмановдун маалыматы боюнча, азыркы тапта комбинат жарым-жартылай курулуп бүтүп калды. Быйыл күзгө чукул комбинатты ишке берүү мерчемделүүдө.

Дал ушундай эле пикирди Кемин районунун акими Тынарбек Супатаев да кубаттап атат. Анын айтымында, кенде алтын казыла баштаса, райондун өнүктүрүү фондуна тапкан пайданын бир бөлүгү которулуп, башка социалдык жайларды курууга көмөктөшөт. Мындай кырдаалды аким жергиликтүү тургундар түшүнбөстөн туура эмес маалыматты айтып жатышат дейт:

- Айыл тургундарын баары эле каршы эмес. Алардын арасында түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. Бирөө билип маселе көтөрсө, айрымдары билбей эле айтып жатышат. Бул эми чоң техникалык курулуш болуп жатпайбы. Ошондуктан тиешелүү нормаларды аткарып, керектүү корутундаларды алган. Ал эми жумушка алууда деле мыйзам бузуу болгон жок.

Ошентсе да айылдын тургундары кенди “Алтынкендин” иштетишине каршы болуп, Жогорку Кеңешке чейин кайрылышкан. Буга байланыштуу январь айында Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин мүчөлөрү кендеги абал менен таанышса, өткөн аптада Социал-демократтар фракциясы Орловкада көчмө жыйын өткөрдү.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, кендеги абалды кийинки аптада фракция жыйынында караганы жатат:

- Албетте, ар кандай деңгээлдеги маселелер бар экен. Эки тарап өз жүйөөлөрүн келтирди. Бул маселени биз кийинки жумада өкмөттүн катышуусунда талкуулап, чечим кабыл алабыз.

Алдын-ала иликтөөлөргө караганда, Талды–Булакта 78 тонна алтын жана 5 тонна күмүштүн запасы бар. "Алтынкен" ишканасы тапкан кирешенин 60 пайызын кытайлык компания, 40 пайызын “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы алат. Алардын келишими 2026-жылга чейин күчүндө болот.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG