Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Кыргызстанда алтын кендерине байланышкан маселе кайрадан күн тартибине чыкты.

Өкмөт австралиялык инвестордун сотко беришинен кооптонуп, Андаш кенин иштеткен компаниянын лицензиясын жокко чыгарбай турууга чакырууда. Ал арада Кеминдеги жергиликтүү тургундар Талды-Булак Сол-Жээк кенин иштеткен кытайлык инвесторго нааразы болуп жатат. Жалал-Абадда болсо Иштамберди кенинде кырсык болуп, кендердин коопсуздугу да талкууга алына баштады.

Андаштан чыккан талаш

Кыргыз өкмөтү Андаш кенин иштетем деген австралиялык “Кентор Голд” компаниясына дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү көздөөдө. Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев парламент комитетинин кечээки жыйынында депутаттарды компаниянын лицензиясын алууга ашыкпоого чакырып, ага олуттуу жүйөө келтирди:

- Биринчиден, Андаш кенин иштетем деген компания жергиликтүү эл менен тил табышыш керек. Эл макул болбосо ал жерде иш болбойт. Экинчиси, эгерде өздөрү макул болуп, жергиликтүү эл менен макулдашса, эл аралык экспертиза өткөзөбүз деп жатат. Биз буга макулбуз. Үчүнчүдөн, алардын лицензиясын тартып алсак, анда соттук жараян башталат. Аларга сотко бергенге укуктук негиздер түзүлөт. Анда бул жерде келишимди аткарбай жаткан кыргыз тарап болгондуктан Кыргызстан чоң өлчөмдөгү айып төлөп калат.

Андаш

Андаш

Жогорку Кеңеш 2011-жылдын июнь айында экологияга зыян келет деген жүйөө менен Андашты жаап, австралиялык “Кентер Голд” компаниясы каржылаган “Андаш майнинг” ишканасынын лицензиясын жокко чыгаруу токтомун кабыл алган. Бирок бул токтом алигиче аткарылбай, компаниянын тагдыры ары же бери болбой турат. Темир Сариев белгилегендей, Андаш боюнча бир жактуу чечим кабыл алууга өкмөттүн эрки жетпей жатат. Мындан улам кыргыз өкмөтү парламенттен токтомун өзгөртүп, лицензияны убактылуу гана токтотуп берүүнү өтүнүүдө.

Соттук териштирүүлөрдөн кооптонгон өкмөттүн суранычын Жогорку Кеңештин экономика багытындагы комитети канааттандырмак тургай, жоопкерчиликти кайра өкмөттүн өзүнө жүктөп койду. Натыйжада Андаштын тагдыры кайрадан ара жолдо калган чагы.

Жогорку Кеңештин токтому өзгөрсө компания эл менен сүйлөшүүгө даярдыгын “Андаш майнинг” компаниясынын жетекчиси Кубан Ашыркулов да “Азаттыкка” тастыктады:

- Ушул Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде бизге жергиликтүү калк менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат. Элге маалымат берүүгө, же социалдык программалар менен тааныштырууга шарт түзүлбөй келет.

Кеминде 20 тонна алтын катылып жаткан Андаш боюнча кенге эки чакырымдай алыстыктагы Көпүрө-Базар айылында да кайчы пикирди кармангандар бар. Март айынын соңунда өкмөт башчынын орун басары Жоомарт Оторбаевдин жергиликтүү эл менен жолугушуусу жаатташкан тараптардын чырына айланып кете жаздаган.

Көпүрө-Базардын тургуну Молдогазы Чекиров калктын басымдуу бөлүгү Андашты иштетүүгө каршы деп эсептейт:

- Себеп дегенде кен көчөгө, элге жакын. Кен калдыктарын сактоочу жай айылдын үстүндө. Каза турган жерлери мүрзөлөрдүн түбүндө. Анан кандай болуп калат? Бизге жашоо керекпи? Биз Андашка түк, таптакыр уруксат бербейбиз.

Жергиликтүү тургундарды Жогорку Кеңеште да бир катар депутаттар колдоп жатышат. Алардын бири депутат Кожобек Рысбаев:

Кен көчөгө, элге жакын. Кен калдыктарын сактоочу жай айылдын үстүндө. Каза турган жерлери мүрзөлөрдүн түбүндө. Анан кандай болуп калат?...

- Ушундай эле жакшы компания экен, анда өкмөт Андашты иштетүүгө болбойт, бул кен андан жакшы деп башка кенди сунуш кылса болмок. Өкмөт иш алып барбай жатат. Эл аралык экcпертиза жүргүзгөндө деле, тогуз булактын көзү жаткан жерге калдык сактоочу жай курууга уруксат берип коюшкан.

Талды-Булакта таарынычын айткандар бар

Кыргызстандын бюджетине олуттуу киреше берет деп күтүлгөн Андаштын айланасында ушундай кырдаал түзүлүп турганда Кумтөр менен Жерүйдөн кийинки кен байлык саналган Талды-Булак Сол-Жээк кенинде нааразылык пайда болду. Жергиликтүү бир катар тургундар менен кесиптик кошуундун өкүлдөрү кенди иштетүүгө уруксат алган “Алтынкен” ишканасы кытайлык жумушчуларга артыкчылык берип жатат дешип, апта башында митингге чыгышты.

Нааразылыктын күңгөй-тескейин кесиптик кошуундун жетекчиси Турат Арыкбаев түшүндүрүп берди.

- Жергиликтүү элден токсон пайыз жумушчу алынат деген эреже сакталбай жатат. Алардын айлыктары биздикине караганда көбүрөөк. Анан жергиликтүү жумушчуларды эс алууга чыгарып жиберди. Шахтада жалаң эле кытайлар иштеп жатат. Дагы кытайлар келип, жергиликтүү жумушчуларды кетирет деген айың кептер болуп жатат.

64 тоннадай алтын бар Талды-Булак Сол-Жээк кенин иштетем деген “Алтынкен” ишканасынын директорунун биринчи орун басары Түркмөн Дүйшөбаев болсо кенде кытайлыктар көбөйдү деген дооматты четке какты:

- Баары тең эле келип алды деп айтышка эрте. Эл-журтубуз кичине белди бекем бууп күтө турсак, бир жарым-эки айдын ичинде баары өз орудуна келет эле. Карапайым жумушчулардын баарын Кытайдан алып келүүгө инвестор деле кызыктар эмес.

Кемин аймагындагы Талды-Булак Сол-Жээк кенинин 60 пайызына Кытайдын Zijin Mining компаниясы, 40 пайызы “Кыргыз алтын" ээлик кылат.

Иштамберди кени

Иштамберди кени

Ал арада кендердеги коопсуздук маселеси да талкууга алына баштады. Буга 26 апрелде Жалал-Абад облусундагы Иштамберди алтын кениндеги таштанды сактоочу жайдан уулуу заттар агып кетиши себеп болду. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары химиялык заттар дале чыгып жатат деп коңгуроо кагышууда.

Кенди иштеткен “Фул Голд Майнингдин” башкы инженери Акылбек Эрматов болсо тескерисинче жагдай калыбына келтирилгендигин маалымдады:

- Кар көп болуп, таш түшүп ошондон бир түтүктү алып кеткендиктен биртике маселе болгон. 26-апрелде таңга маал болгон. Бат эле калыбына келтирилген. Жергиликтүү элдин жыйырмадай өкүлдөрү келди. Техинспекциядан, геологиядан келип, кайра ишке киргиздик.

Былтыр так ушул Иштамберди өңдүү Талас, Жалал-Абад, Нарын, Оштогу бир катар алтын кендеринде жергиликтүү тургундар менен кен иштеткен компаниялардын ортосунда араздашуулар болгон. Алардын көпчүлүгүндө экология маселеси көтөрүлүп, Андаш баштаган бир катар кендерде өндүрүш үзгүлтүккө учураган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG