Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Инвесторду иренжиткен кыргыз соттору


Түштүк Кореядан келген бизнесмендер маалымат жыйында. 19-март, 2015-жыл
Түштүк Кореядан келген бизнесмендер маалымат жыйында. 19-март, 2015-жыл

Кыргызстандагы курулуш тармагына акча салган түштүк кореялык инвесторлор тобу аларды Кыргызстандагы өнөктөшү алдап кеткенин билдиришүүдө.

Түштүк кореялык бизнесмендердин өкүлү кыргыз соттору шылуундар менен келишип алып, адилет чечим чыгарбай жатат деп билдирди.

- Биз Кыргызстандагы сот системасына, андагы коррупциялашкан көрүнүшкө нааразыбыз, - деп сөзүн баштады маалымат жыйынына келген Ким Ги Енг.

Ким Ги Енг Кыргызстандагы кореялык жердешине 1 миллион 200 миң чамалуу долларын алдатып ийген төрт кореялык ишкердин өкүлү. Алардын карызын өндүрүү үчүн учурда соттон сотко чуркап жүрөт. Окуянын чоо - жайын ал мындайча айтып берди:

- 2012-жылы жердешибиз Вон Сонг Пил Оштогу курулуп жаткан көп кабат үйдүн инфраструктурасын бүтүрүүгө акча сурады. Бирок ал өз милдеттенмесин аткарган жок. Алган акчаларга батирлерди, курулуш техникаларын күрөөгө койгон эле. Бирок аларды сатып, акчасын өзү алып алган. Ошондон кийин сотко кайрылдык. Биринчи инстанцияда Вон Сонг Пил айтылган сумманын 500 миң долларын бизден алганын айтканына карабастан Ош шаардык соту ага карата "акчаны төлөөгө милдеттүү эмес" деп чечим чыгарды. Андан кийин облустук сотко кайрылдык. Облустук сот бизге айтпай, жада калса адвокатыбызды чакырбай туруп алардын пайдасына чечим чыгарыптыр.

Ош шаарында курулуп жаткан үйлөрдүн бири. 2014-жыл.
Ош шаарында курулуп жаткан үйлөрдүн бири. 2014-жыл.

Жабырлануучу тарап карыз алгандыгы тууралуу тил каттары, акча которуулар боюнча документтер турганына карабастан сот тескери чечим чыгарганына таң калууда. Алар сотко кайрылышканда Сонг Пилдин ишканасына таандык 3,2 гектар жерге арест салынган. Бирок ал жер арестке карабастан сатылып кеткен.

- Бул иш боюнча алдамчылык, жер тилкесин мыйзамсыз кайра каттоо беренелери боюнча сотко кайрылганбыз. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымкаты жана башка далил документтерге карабастан кылмыш иликтөө иштери баштала элек. Демократиялуу Кыргызстандын мыйзамдары эмне үчүн иштебейт? - деп суроо койду Ким Ги Енг.

Ал эми Вон Сонг Пил менен байланышканыбызда, ал чын эле төрт жердешинен карыз акча алганын айтып, бирок аны батирлер сатылып, кредит төлөнүп бүткөндөн кийин гана берерин билдирди.

Енг эки инстанциядан акыйкат таппадым деп Жогорку Сотко кайрылганын айтууда. Бирок Жогорку Соттун маалымат кызматынын жетекчиси Айнура Токтошева арыз келип түшө электигин билдирди:

- Бизге ал кишинин арызы келип түшө элек. Келсе карап чыгып, соттук коллегия сөзсүз акыйкат баасын берет.

Бул сыяктуу Кыргызстандагы сот системасы, же бюрократиялык көрүнүштөр менен кагылышып, иренжиген инвесторлор аз эмес. Маселен, өткөн жылы өлкөгө агылган инвестиция көлөмү 35 пайызга азайып кетти. Бирок муну Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны илгерилетүү агенттигинин директору Алмаз Сазбаков башка себептерден көрүүдө.

Кытай тараптан келген инвестициялык долбоорлор аяктай баштады
Кытай тараптан келген инвестициялык долбоорлор аяктай баштады

- Төмөндөөнүн негизги себеби, Кытай тараптан келген инвестициялык долбоорлордун бүтүшү, Кумтөрдөн да кичине төмөндөдү. “Реемтсма Кыргызстан” тамеки заводу жабылды. Ал эми инвесторлор коркуп келбей атышат деген сөз туура эмес.

Анткен менен оппозиция Алмаз мырзанын айтканына кошулбайт. Депутат Равшан Жээнбеков стабилдүү деген менен Кыргызстанда инвесторлорду чочулаткан жагдай дале бар экендигин айтып, конкреттүү мисалдарга токтолду:

- Акыркы убактарда Ош аэропортунда ишкерлердин миллиондогон долларын тоноп кетишти, Бишкекте кытай ишкерин тоношту. Баскан-турган жердин баарында милиция чет элдиктерди кармап, катталган эмессиң деп коркутуп, акча сурап аткан мамлекетке эч качан инвестор келбейт. Экономикалык жагын албаганда деле, инвесторлорго түзүлгөн чөйрө начарлап, алар кача башташты.

Мындан тышкары көмүскө экономиканын гүлдөшү, капиталдын корголушу сыяктуу маселелердин ачык калышы инвесторлорду чочулатууда дешет адистер. Анан албетте, сот системасына ишенбейбиз деп Ким Ги Енг сыяктуу инвесторлордун өкүлү маалымат жыйын куруп атышы инвестициялык климатка пайда алып келбеси бышык.

XS
SM
MD
LG