Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Куландын көмүрүнөн кутула албаган өкмөт


Кулан кенинен көмүр ташуу эки жыл мурда токтотулган.
Кулан кенинен көмүр ташуу эки жыл мурда токтотулган.

Кыргызстандын өкмөтү Казакстандан мурда чектөө киргизилген Кулан кенинин көмүрүн ташып келүүгө парламенттен уруксат сурады.

Мындан эки жыл мурун Казакстандан алынып келген “КуланТБ” көмүрүнүн радиоактивдүүлүгү жогору экени билинип, чуу чыккан болчу. Мына ошондон кийин парламент өкмөткө ички керектөөнү жергиликтүү көмүр кендеринин эсебинен жабуу талабын койгон эле. Жогорку Кеңештин Отун, энергетика комитети бул маселени так изилдеп келип анан жыйынтык чыгаруу үчүн документти артка кайтарды.

Арзан көмүргө кызыккан өкмөт

Өкмөт башчысынын орун басары Валерий Диль Кыргызстанга көмүр ташыган казакстандык “Кулан-Көмүр” компаниясынан чектөөнү алып салууну сунуштады. Валерий Диль жергиликтүү көмүр менен Куландан ташылган көмүрдүн радиоактивдүүлүгү бирдей экенин белгилеп, ага байланыштуу мындан эки жыл мурунку чууну атайын уюштурулган кутум катары баалады. Башка көмүрдүн тоннасы 42 доллардан болсо, “Куландын” көмүрүнүн тоннасы 28 жарым тоннадан ташылып турган. Валерий Диль Кыргызстан кымбат баада көмүр ташып келүүдөн жылына 7 миллион доллар жоготуп жатканын айтты. Жогорку Кеңештин отун-энергетика комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев “Куландан” көмүр ташууга уруксат берүү шарттары өкмөткө тапшырылганын белгиледи:

- Биз бул маселени чечүүнү өкмөттүн өзүнө жүктөдүк. Бардыгын эсептеп чыгып, мына ошол көмүрдүн жагууга жарамдуулугун текшерип чыгып анан алып келгиле дедик. Өкмөт бул көмүрдүн жакындыгын жана арзандыгын айтууда. Биз ошол үчүн мурда ага чектөө киргизген изилдөөлөрдүн жыйынтыгын кайра карап чыгалы дедик.

2011-жылы “Электр станциялар” ишканасы Бишкек жылуулук берүү борборуна Казакстандын Кулан кенинен ташылып келген көмүрдүн радиоактивдүүлүгү жогору экени аныкталган. Бул көмүрдү ташып келүүгө ошол кездеги парламент спикери Келдибековдун катышы бар экени тууралуу маселе көтөрүлгөн. Көтөрүлгөн ызы-чуудан соң ошол кездеги “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси менен энергетика министри кызматынан алынып, казакстандык компаниянын эсебинен радиоактивдүү көмүрдү кайра ташып кетүү талабы коюлган. Жогорку Кеңеште бул маселени “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев өзүнүн фракциялаштары көтөрүп чыккан бул маселеде курулай саясатка караганда чындыктын үлүшү бар деген оюн ортого салды:

- Ал эч кандай каралоо болгон эмес. Ал иш далилденип, мойнуна коюлган. Ошонун негизинде ал компания көмүрдү кайра артка ташып кетпедиби. Эгерде мына ошол чуу жөндөн-жөн эле чыккан болсо ошол компания айтып чыгат эле да парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы жөндөн-жөн эле каралап жатат деп.

Жергиликтүү көмүрдү жериген саясат

2011-жылы Куландан ташылган радиоактивдүү көмүрдөн улам парламент “Кулан-Көмүр” жана “Кулан ТБ” компанияларына Кыргызстанга көмүр ташып кирүүгө чектөө киргизип койгон. Мындан улам ички керектөөнү жергиликтүү көмүр кендеринин эсебинен толуктоо маселеси келип чыккан. Бирок жергиликтүү кендер ички керектөөнү толук жаба албагандыктан көмүр казакстандык башка компаниялардан ташылып турган.

Кыргыз турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Кушбак Тезекбаев өкмөт жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо саясатынан баш тартып жатканына таң калды:

- Өкмөт кайра эле баягы кызыл кулактардын тилине кирип, кайрадан Куландын көмүрүн алабыз деп жатат. Сапаты жана тазалыгы жагынан биздин жергиликтүү көмүр андан алда канча мыкты. Бирок эми темир жолу аркылуу ташып келүү жагы оңой деген жүйө менен ушундай жолго барып жатышат. Анан эми кезинде укмуш чоң чыр чыгып, анын натыйжасында ташылып келген көмүрдү кайра артка кайтаруу бир топ татаал болгонун эске салышыбыз керек. Ошол көмүрдүн акыркы тонналарын былтыр биз кайра артына ташый албай, жерге көөмп салууга туура келди. Анан ошол иш кайра кайталанса, бул туура эмес болуп калат го.

Кыргызстан жылына эки миллион тоннадан ашуун көмүр керектейт. Анын жарымынан көбү Казакстандын көмүр кендеринен ташылат.

XS
SM
MD
LG