Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Кумтөрдү иштетүүгө кызыкдар компаниялар чыгууда


Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.
Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.

Англияда катталган Anglo Asian mining компаниясы Кумтөр кенин иштетүү сунушу менен Кыргызстандын парламентине жана өкмөтүнө кайрылды.

Аталган компаниянын сунушунда Кумтөрдүн пайдасынын 70 пайызын Кыргызстан, 30 пайызын өздөрү алары айтылат. Бирок парламент менен өкмөт биринчи кезекте “Центерра” менен бир жаңсыл болмоюн башка компаниялар менен сүйлөшүү эрте деп эсептешүүдө. Өткөн жумада өкмөт Кумтөрдөгү үлүштү 50-50 пайыз кылып бөлүшүү боюнча келишимди экинчи ирет Жогорку Кеңешке алып келген. Бирок ал депутаттардын катуу сынына кабылды.

Кумтөрдү иштетүүгө даярбыз

Anglo Asian mining компаниясынын президенти Реза Визари Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун атына Кумтөрдү иштетүү сунушу менен кайрылды. Анда кенди иштетүүдөгү кирешенин 70 пайызын Кыргызстан, 30 пайызын өздөрү алары, кыргызстандыктар башкаруучу органдардын негизин түзөрү айтылат. Ушундай мазмундагы катты алтын компаниясы президент Алмазбек Атамбаевге жана премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге да жиберген.

Anglo Asian mining компаниясынын тоо-кен тармагы боюнча кеңешчиси Магомед Осмонов “Азаттыкка” Бакудан телефон аркылуу буларды айтты.

- Биз мындай катты президентке, премьер-министрге жана спикерге жөнөттүк. Анда түрдүү сунуштарды берип жатабыз. Булар Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болгон сунуштар. Кенди башкарып, кыргызстандык адистерди окутуп, жаңы долбоорлорду ишке киргизебиз. Алгач иш баштаганда капиталдык колдоо көрсөткөнгө да даярбыз. Кумтөрдү Кыргызстан үчүн пайдалуу болгон саясий көз карандысыздыкка жеткиребиз. Эгер мурда иштеткендер менен талаш жаралса, юридикалык кеңеш бергенге да даярбыз.

Магомед Осмоновдун айтымында, Anglo Asian mining компаниясынын Кумтөр кенин иштетүүгө каржылык кудурети жана тажрыйбасы жетиштүү. Ал “Центерранын” ишмердигинде айтылып келаткандай, коррупциялык элементтер бар деген ойдо.

Anglo Asian mining компаниясынын сайтындагы маалыматка таянсак, алтын жана жез өндүрүү менен алектенген бул ишкананын башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан. Анын Азербайжанда да кеңсеси жайгашып, Кавказда, Борбор Азияда иш алып барары көрсөтүлгөн. Анткен менен бул компаниянын мүмкүнчүлүгү жана тажрыйбасы, дегеле ал тууралуу көз карандысыз булактан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Өкмөт менен парламент эмне дейт?

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркин Алымбековдун айтымында, “Центерранын” ордуна келип, Кумтөрдү иштетүүнү каалаган компаниялар ондоп саналат. Бирок бул азыр негизги маселе эмес.

- Ар кандай компаниялардын сунуштары толтура. Эгер өзүбүздүн күчүбүз жетпей баратса, эл менен ачык-айкын иштеп, эл аралык эрежелерди сактоо менен кызматташабыз деген компаниялар көп. Бирок бул экинчи баскычтагы маселелер. Биринчи кезекте, азыркы “Центерра” менен маселени так карап, адилеттүүлүктү камсыз кылыш керек.

“Ата Мекен” фракциясы парламентте өкмөттөн “Центерра” менен келишимди жокко чыгарууну көбүрөөк талап кылууда. Ошондон уламбы Алымбеков Anglo Asian mining компаниясынын кызыкчылыгын түртүп жатыптыр деген сөздөр чыккан.

- Кийин эгер Кумтөрдү иштетүү үчүн башка компания тандаш керек болуп калса, мен биринчи кезекте Anglo Asian mining компаниясына каршы чыгам. Анткени, бүгүн айтып жаткандай, анда да Алымбеков ушул компанияны түртүп жатыптыр деген сөздөр чыкпасын. Биз, “Ата Мекен” чындыкты талап кылып жатабыз. Ошон үчүн башка компаниялардын сунуштары экинчи баскычтагы маселелер.

Кыргыз өкмөтүнүн пикиринде, “Центерра” менен биротоло орток пикир табылбай калгандан кийин гана бул сыяктуу чет элдик компаниялардын сунуштары каралышы мүмкүн. Мындай оюн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди:

- “Центерра” менен денонсацияга баргандан кийин гана башка компаниялар менен сүйлөшүүгө жол ачылышы мүмкүн. Али келишим жокко чыгарылбай туруп эле башкалар менен сүйлөшкөнүбүз туура эмес болот. Ошондуктан азыр биз андай маселелерди караган жокпуз. “Центерра” менен бардык маселени толук бүтүп туруп, андан кийин гана башка сунуштарды карашыбыз мүмкүн. Бирок ошондо да алдын ала анын укуктук жактары кандай болору талкууланат.

2009-жылдагы келишимдин негизинде, Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 33 пайыз. Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүгү аны 67 пайызга жеткирүүнү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну сунуштап келатат. Бирок өкмөт ал мүмкүн эмес экенин айтып, өткөн жумада экинчи ирет Кумтөргө 50/50 пайыз ээлик кылуу боюнча келишимди Жогорку Кеңешке алып келди. Катуу сынга кабылган бул сунуш эми парламентте жаңы жылдагы эс алуудан кийин каралмакчы.

XS
SM
MD
LG