Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Кумтөр: мунаса табыла элек


Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын улантып жатат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 4-декабрда аталган компаниянын жетекчиси Ян Аткинсон баштаган топту кабыл алды.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Жантөрө Сатыбалдиев менен Ян Аткинсондун жолугушуусунда тараптар мурунку келишимди жакшыртуу боюнча өз варианттарын сунуштады.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов эми жолугушуулар эксперттер деңгээлинде өтөөрүн “Азаттыкка” кабарлады жана “Центерра Голд” Кыргызстандын талаптарына ынай электигин белгиледи:

- Алар бул жакка үч күнгө келишиптир. Үч күн ичинде эксперттер биз койгон талаптардын айланасында дагы сүйлөшөт. Булар 67-33 деген вариантка караманча каршы. Булар азыр "мындай жеңилдик берели, тигиндей жеңилдик берели, башка жагын ойлонуштуралы" деп жатышат. Бирок Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көбөйтүү деген сунушка чалкасынан кетип жатат.

Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн көбөйтүүнү Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан. Аталган фракциядан депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөттүн канадалык компания менен сүйлөшүүлөрүн сынга алууда:

- Биздин өкмөттүн позициясы мага түшүнүксүз болуп жатат. Негедир биз карыздар катары сүйлөшүп жатабыз. Маани-маңыз боюнча алар биздин кенди иштетип жаткандан кийин, биз жердин, кендин ээси катары сүйлөшүүбүз керек. Ал эми канадалыктардын берген жеңилдиктерин, анын кесепеттерин 20 жылдан бери эле жакшы эле көрдүк. Ошондуктан биздин өкмөттүн позициясы катуу болушу керек. Ал позициядан тайбай, колдон келгендин баарын жасаш керек. Мен үлүштү көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенем. Болгону саясий эрк керек. Сотко барабыз деп коркутуп жатат, андай болсо биз соттошконго даяр болушубуз керек. Экологияга келтирген залака, коррупциялык схемаларга кийлигишкенин соттон далилдегенге даяр болушубуз керек.

Техника илимдеринин доктору, профессор Кушбакали Тажибаевдин баамында, Кумтөр боюнча жаңы келишимде Кумтөрдүн менчигин эмес, анда өндүрүлгөн продукцияны теңме-тең бөлүү тууралуу шарт кириши керек:

- Менчикке эски жабдуулар, карыз да кирет. Кумтөргө тиешелүү бардык мүлктү жарым-жарым деп жатышат. Аны да ачык айтышпай, бүдөмүк кылып жүрүштү. Элүү-элүү деген эмне деп бүдөмүк кылып жүрүп, кийин менчик деп такташыптыр. Менчик деген аябай кең түшүнүк. Ал болбогон нерсе. Биз "Кумтөр" ишканасы өндүргөн продукцияны теңме-тең бөлүшүбүз керек. Өндүрүлгөн алтынды бөлгөнгө биздин мыйзамдар жол берет, эл аралык тажрыйбада да бар. Ошол алтынды бөлгөндө деле Кыргызстанга жакшы пайда түшөт. Экинчиден, бул Кыргызстанга да, өндүрүшчүлөргө да ыңгайлуу. Ошондо жаап-жашыруу маселеси токтойт, продукцияны чыгымын аз кылып бирок көп чыгарганга аракет жасайт.

Жогорку Кеңеш 23-октябрда Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын меморандумун караган. Анда Кумтөр боюнча жаңы ишкана түзүлүп, үлүшүн теңме-тең бөлүү тууралуу жобо жазылган. Парламент бул сунушту четке кагып, Кумтөр боюнча буга чейин түзүлгөн келишимдерден бир тараптуу чыгууну, Бишкектин үлүшүн 67 пайызга жеткирүүнү тапшырган. Бул үчүн 23-декабрга чейин мөөнөт чектелген. Канадалык компания Кумтөр келишими бузулса, эл аралык сотко кайрыларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG