Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

“Центерра Голд” 50% кем үлүшкө макул болбойт


Кумтөр кенин иштетүү боюнча "Центерра Голд" менен кыргыз өкмөтү 50-50% үлүшкө ээ биргелешкен ишкана түзүү - компаниянын акыркы сунушу болуп саналат. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Ян Аткинсон "Азаттыктын" Бишкек бюросунда курган маегинде айтты.

- Жогорку Кеңештин жыйынына кандай жаңы сунуштарды даярдадыңыздар?

- Биз кыргыз өкмөт башчы менен жолугуп, “Кыргызалтын” ишканасы жана атайын жумушчу топ менен көп иштерди аткарууга жетиштик. Биргелешкен ишкана түзүү, анда 50-50% үлүшкө ээ болуунун шарттарын талкууладык.

Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе – “Центерра Голд” эл аралык биржалар менен кызматташкан акционердик компания болуп саналат. Эл аралык акционердик компанияга атайын талаптар, анын ичинде рыноктун талаптары, мыйзам нормалары, Канаданын укуктук шарттары жүктөлөт. Ошол нормаларда акционердик компаниянын иштөө шарттары аныкталат. Мына ошол шарттарга ылайык, “Центерранын” үлүшүн 50% төмөн коюуга болбойт. Ошондой эле биздин акциялардын ээлери да бул көрсөткүчтү жактырышы керек. Андыктан кыргыз тарап да муну түшүнүп, укуктук алкакта чечим кабыл алат деген ишеним бар.

Бардык чечимдер укуктук нормалардын чегинде гана болушу керек, эгер сотко жетсек да, кабыл алынган чечимдерди сот жактыргандай болуусу абзел.

Кыскасын айтсак, 50-50% көрсөткүч бардык тараптарды: Кыргыз Республикасын, “Кыргызалтынды”, кыргыз өкмөтүн канааттандырган сунуш болуп турат. Ошондой эле “Кумтөр” ишканасы иштеп, пайда алып келсин деген мамлекеттин мүдөөсүн да орундатат. Ушул жол аркылуу кыргыз тарап биргелешкен ишканада көбүрөөк үлүшкө жана кенди көзөмөлдөөгө таасир эте алаары мамлекеттик комиссиянын отчетунда да белгиленген.

- Кыргыз Республикасы бул сунушту жактырат деп айтып жатканыңыз эртерээк кылбайбы? Чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат. Эгер парламент меморандумду жактырбай койсо кандай болот?

- 23-октябрда Кыргызстандын премьер-министри парламентке барып сүйлөп, бул жаатта эмне иштер аткарылганын айтып берет. Бул парламентте канчалык колдоо табаарын аярлап күтө туралы.

Бул сунушталган вариант “Кыргызалтын”, Кыргыз Республикасы үчүн да кызыктуу экенин дагы кайталайм. Эң башкысы кыргыз парламентарийлери алдыда кенди иштетүү боюнча кандай сунуш айтаарын, ой-пикирин билели. Эгер парламент меморандумду жактырбай койгонун элестетип көрсөк, анда денонсация маселеси жаралат. Мындай кезде “Центерра” өз акционерлеринин кызыкчылыгын коргоого мажбур болот. Биз премьер-министр өзүнө алган милдетти мыкты аткарып, оң натыйжа алып келет деген маанайда турабыз. Ал эми эл өкүлдөрү болсо сунушталган конструкция Кыргыз Республикасына, кыргыз элине жакшылык алып келээрин түшүнөт деп турабыз.

"Кен Кыргызстанга иштейт"

- Премьер-министр буга чейин парламенттин жыйынына барып, депутаттардын катуу чабуулуна кабылган. Бул ирет жаңы сунуштар депутаттардын колдоосуна ээ болот деп эмнеге таянып ишенимдүү айтып жатасыз?

- Албетте биздин ортобузда узак, ал тургай кыйла татаал сүйлөшүүлөр болду. Анын натыйжасында бардык тараптарды канааттандыра турган чечимдердин меморандуму кабыл алынды. Баса белгилей кетчү нерсе: эки тараптын үлүшү бирдей болгон биргелешкен ишкана түзүүнү макулдаштык. “Кыргызалтын” мамлекеттик ишкана катары директорлор кеңешинде теңме-тең өкүлдөрү болуп, ага жетекчилик кылат.

"Кумтөрдө" иштегендер
"Кумтөрдө" иштегендер

​Мындан тышкары компанияда 2700 кызматкер туруктуу негизде эмгектенет, ага кошумча бир миңдей адам келишимдик негизде иштейт. Алардын 96% Кыргызстандын жарандары, алардын алган акчасы өлкөнүн ичинде калат. Андан сырткары компания жылына 68-78 миллион долларга жергиликтүү продукция сатып алат. Кыргызстандын премьер-министри, “Кыргызалтын”, кеңешчилер Кумтөрдүн жаңы шартта иштеши өлкөгө кандай пайда алып келээрин түшүндүрүүгө талыкпай аракеттеништи.

- “Центерра Голд” кирешенин 80% Кумтөрдөн алаары айтылууда. Эгер Кыргызстан келишимди токтотсо, анда сиздердин компанияда эмне күтүлөт?

- Сөздүн туурасын айтсак, “Центерра” эл аралык биржада көп каражат жана пайда табууну көздөгөн акционердик компания. 2004-жылы “Центерра” Кумтөргө келгенде, кен казуу дээрлик соңуна чыгып, 2009-жылы иш аяктаары күтүлүп турган. Компания адистерди, эксперттерди жана инвестиция тартуу боюнча бир топ иштерди аткаруу менен кен казууну 2026-жылга чейин узартты.

2004-жылдан бери “Центерра” Кумтөргө бир миллиарддан ашуун инвестиция салды. Биз геологиялык иликтөө иштери, жабдык-техникаларды алмаштыруу, алардын сапатын жакшыртуу аркылуу кенди кеңейттик. Өзүңүз белгилегендей, Кумтөр биздин чоң долбоор, андан сырткары Монголияда эки долбоорубуз жана Түркияда да бар.

- “Центерра” Кумтөрдөн кандай пайда табат? Монголиядагы Боро менен Гацуурт кендери Кумтөргө салыштырмалуу өтө эле чакан кендер экени белгилүү.

- Албетте Кумтөр дүйнөлүк запасы бар кендерге кирет. Кен көп жылдык, андыктан пайдасы да арбын, түшкөн каражатты Кыргызстандагы жана Азиянын башка өлкөлөрүндөгү кендерге кайра инвестиция кылууга мүмкүнчүлүк берет. “Центерра Голд” Азия континентинде долбоорлорду ишке ашырууга өтө кызыкдар.

"Коррупцияга аралашкан эмеспиз"

- “Центерра Голд” сыяктуу мамлекет аралык компаниялар корпоративдик жоопкерчилик, ачык жана таза ишкердик жүргүзүү боюнча этикалык нормаларды сактоосу керек. Кыргызстандын мурдагы эки башкаруучу режими менен тыгыз кызматташып, эки жолу келишимге кол койдуңуздар. Учурда болсо ал келишимдерге жетишүүдө коррупциялык механизмдер колдонулган деген айыптоолор күч. Компаниянын жетекчиси катары буга кандай жооп бересиз?

- Ооба, 2003-2004-жылдагы келишимге кол коюуда, балким 2009-жылкы келишимде коррупциялык жолдор менен маселе чечилген деген аңыз кептер, айыптоолор айтылып жүрөт. Бирок муну далилдеген, тастыктаган эч кандай документтер сотко берилген эмес. Муну баса белгилеп койолу. Андыктан бул жөн гана чайкоочулуктай таасир калтырат. Эгерде сотто андай факттар далилденип, тастыкталса гана коррупция болгон деп айтууга болот.

“Центерра Голддун” коррупцияга каршы, этикалык нормаларды сактоо, ишкердик жүргүзүү боюнча катаал саясаты, эрежелери бар. Андан сырткары канадалык компания катары Канаданын мыйзамдарына баш ийебиз. Ал мыйзамдар коррупциялык системалар иштеген башка өлкөлөргө инвестиция салган канадалык компанияларга катуу талаптарды койот.

Биз эч кандай коррупциялык иштерге аралашкан эмеспиз жана андай ишке барбайбыз. Эгер кимдир бирөөдө биздин коррупциялык иштерге тиешебиз бардыгы тууралуу документтери болсо, биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берүүгө, андай маселени чечүүгө даярбыз.

- Ушул айда Черногорияда өткөн ЕККУнун Парламенттер ассамблеясынын жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев “21 жылдан бери канадалык инвестор Кыргызстандын мурдагы коррупциялашкан бийликтери менен тил табышып алып, мамлекетке чоң зыян келтирди” деп айыптады. Мындай кескин сындын эл аралык трибунадан айтылып жатканы “Центерра Голддун” беделин түшүрбөйбү?

- Биздин компания Кыргызстандын жана Канаданын мыйзамдарына баш ийип, иш жүргүзөөрүн дагы кайталайм. Кандайдыр бир коррупциялык иштер боюнча кимдир бирөөдөн эч кандай факт түшкөн эмес.

- Эгер Жогорку Кеңеш Кумтөр келишимин жокко чыгарса, “Центерра Голддун” кийинки кадамдары кандай болот?

Компания адистерди, эксперттерди жана инвестиция тартуу боюнча бир топ иштерди аткаруу менен кен казууну 2026-жылга чейин узартты.

- Эгер кандайдыр бир себептерден улам парламент денонсация боюнча чечим кабыл алса, анда “Центерра Голд” 2009-жылкы келишимдин шарттарына ылайык кадамдарды жасайт. Биздин инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо үчүн арбитраждык сотко кайрылабыз. Кыргыз парламентарийлери, бийлиги сунушталган меморандум эки тарапка тең пайда алып келүүнү көздөөрүн түшүнөт деп үмүттөнөм.

- Азыр сиздердин таразанын ташында 50-50% үлүшкө жетишүү же Кумтөр долбоорун жоготуу турабы? 50% бул жеткен чекпи?

- Мындай долбоорлордо акционердик компаниянын үлүшү 50% кем болбошу керек деген рыноктун талабы бар. Андыктан биздин үлүш мындан төмөн болсо, биздин инвесторлор аны колдобойт. Соттук териштирүү башталса дагы биз адилетсиз келишим түзгөнүбүздү далилдейт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG