Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

“Залкар банк” орус инвесторунун колуна өттү


Москва Кыргызстандын банк системасына кире баштады. Орусияга таандык “Инвестициялык соода бизнес-холдинг” акционердик коому “Залкар банкты” сатып алды. Кезинде өлкөдөгү эң ири банктардын биринин ордуна түзүлгөн чырлуу “Залкар банкты” Орусия эмне себептен сатып алды?

“Азияуниверсалбанк” 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин мамлекеттин колуна өткөрүлгөн. Бирок көп узабай, 2010-жылы август айында Улуттук банк тарабынан банкрот деп жарыяланган. Ошол жылдын соңунда “АзияУниверсалБанктын” активдеринин негизинде “Залкарбанк” түзүлгөн.

Өкмөт "Залкар банкты” сатуу боюнча бир канча аукциондорду уюштуруп, бирок аларман чыкпай койгон. Буга “АзияУниверсалБанктын” мурунку кожоюндары Кыргызстанды эл аралык сотторго берүүсү себеп болгон.

Өкмөт адегенде “Залкар банкты” 1 млрд. 80 млн. сомго баалаган. Бирок эч ким алган эмес. Андан кийин арзандатылып, 702 млн. сом делген. Бирок анда да сатып алуучу чыккан эмес.

Соңунда Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатыкта орусиялык “Инвестициялык соода бизнес-холдинг” банктын 90% акциясын 193 млн. сомго сатып алганы маалым болду. Банктын калган 10% акциясы өкмөттүн колунда калмакчы.

Банктарды реконструкциялоо жана кайра түзүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Зуура Баяманованын 7-майдагы билдирүүсүнө караганда, орус инвестору биринчи кезекте “Залкар банктын” уставдык капиталын толтурууга каражат салат:

- Биринчи инвестиция банктын уставдык капиталын түптөө үчүн салынган акча болот. Андан сырткары банкты сатып алуу үчүн 4 млн. доллар жумшалды. Бул акча банктын кредиторлорунун талабын канааттандыруу үчүн жумшалат. Андан сырткары жумуш орундары болот.

Зуура Баяманованын маалыматы боюнча, “Залкар банктын” уставдык капиталы үчүн орус инвестору 500 млн. сом салышы керек. “Залкар банктын” жер-жерлерде 36 филиалы бар. Бул филиалдар сакталат.

“АзияУниверсалБанктын” мурунку кожоюну жана анын өнөктөштөрү эл аралык сотко кайрылып, Кыргызстанга 480 млн. доллар доо койгон. Кыргыз өкмөтү соттошуу үчүн чет өлкөлүк юридикалык компанияны жалдап алган. Бирок азыркы кезде Михаил Наделдин эки өнөгү ал доо арыздан баш тартты. "Ошондуктан биринчи жеңиштер бар", - дейт Зуура Баяманова.

Кыргызстан да “АзияУниверсалБанктын” жетекчисине каршы 63 млн. доллар доо менен Октябрь райондук сотуна кайрылган. Андан сырткары бул банк аркылуу арам акчалар адалданган деп айыпталып, кылмыш иштер козголгон. Ошондуктан эки тарап тең бири-бирин сотко берип жатат.

Белгилей кете турган нерсе, “Залкар банк” түзүлгөндө, анын “АзияУниверсалБанкка” эч кандай тиешеси жок деп айтылган.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев “Залкар банктын” орус инвесторунун колуна өтүшүн оң баалады:

- Азыр биздин өлкөдөгү банктардын баары эле араң жүрөт. Өндүрүш үчүн дурустап насыя да бере албайт. Күчү жок. Эми орустар сатып алса, кубаттанып, дурус эл аралык банк катары болот. Андан сырткары ачык айтканда, орустар келип басып алат деп чочубаш керек. Чет өлкөлөрдө бүт эле четтен келген банктар иштейт.

Бекбоевдин пикиринде, орустар Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга камданууда. Ал долбоорлорду каржылоону алар өздөрүнө таандык банк аркылуу жүргүзүүнү каалашат. Ошондуктан алар “Залкар банкты” сатып алышты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG