Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Чет өлкөдө бекер окуу баарына эле буюрбайт


Бишкектеги ЖОЖдордун бири
Бишкектеги ЖОЖдордун бири

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, чет өлкөлүк окуу жайларга гранттык негизде кабыл алуу мөөнөтү аяктады.

Бул арада саналуу орундарга илинбей калган абитуриенттер арасында маалыматты өз убагында жеткирбегени үчүн министрликти күнөөлөгөндөр болууда. Чет өлкөлүк окуу жайларга гранттык негизде окууну каалоочулардын сынактарга катышуусун уюштуруу аксап келатканын айтып, өзгөртүү сунушу көтөрүлүүдө.

Чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бекер окууга болорун капысынан угуп калган ысыккөлдүк Дамира Сурабалдиева 11-классты аяктаган кызы Гүлайымдын документтерин топтоп министрликке келсе, андай окуу жайларга тапшыруунун мөөнөтү эбак бүтүп калганын айтышкан.

Кечигип калганына кейиген эне "чет жердеги университеттерде билим алуунун жол-жобосун эртерээк билгенде башкалардай болуп балам да чет өлкөдө окумак беле", - дейт.

- Кызым журналистикага тапшырайын деген. Өткөндө телеканалдан министр сүйлөп, Казакстандагы, Москвадагы окуу жайларда окуса болорун айтып жаткан. Бирок ал жакка кантип тапшырып, кимге кайрыларын түшүндүргөн эч ким жок. Кимден сурарымды билбейм. Айтор мөөнөтү аяктаганын уктук.

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бири
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бири

​Ата-энесин кыйнабай бекер, болгондо да чет өлкөдө окугусу келген абитуриент Гүлайым Ишенова өзү да карапайым үй-бүлөлөргө мындай мүмкүнчүлүк берилбейт окшойт деп шаабайы сууп турган кези.​

- Барсак албай коюшту. Орун жок деп эле кайталашат. Бизге баары бир жетпей калат турбайбы. Ал жакта да коррупциясы бар окшойт. Анысын кайдан билейин...

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, эки тараптуу макулдашуулардын негизинде быйыл да жети чет өлкөлүк жогорку окуу жай кыргызстандык абитуриенттерди гранттык негизде бекер окутууга сынак жарыялаган. Ал сынакка кыргыз тарап кийлигише албайт. Болгону маалыматтык колдоо көрсөтүп, тигил же бул окуу жайдын кабыл алуу шарттарын тиешелүү маалымат булактары аркылуу абитуриенттерге жеткирип турат.

Министр гранттык окуулар тууралуу төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Эки жол менен ал окуу жайларга өтүүгө мүмкүн болчу. Биринчиси - бул ведомство аралык чечимдер аркылуу. Мисалы, Казакстан министрлиги менен биздин министрлик аркылуу кызматташтыктын негизинде орундар каралган. Экинчиси - бул элчиликтер аркылуу чечимдер кабыл алынат. Эгер Орусиянын кайсы бир окуу жайы кыргызстандыктар үчүн орун бөлүп берсе, элчиликтин алдындагы кызматтар көзөмөлгө алат. Алардын комиссиясы чечим кабыл алып жарыялашат. Бирок биз да гезит-журналдар аркылуу маалымат жарыялаганбыз.

Анткен менен ата-энелер сыяктуу эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер келишим түзүлгөн жогорку окуу жайлардын сынактарына балдардын катышуусун жетиштүү деңгээлде уюштуруп бербейт деп министрликти сындагандар болууда.

Билим берүү жаатындагы адис Кеңешбек Сайназаров чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жөнүндөгү тиешелүү маалыматтарды элдин калың катмарына жетпей жатышы тандоолорго байланыштуу ар кыл бүдөмүк ойлорду жаратууда.

- Бул маселе көптөн бери келаткан чечилбеген маселе. Системалуу түрдө өзгөртүү керек деген ойдомун. Себеби интернеттеги сайтка маалымат илүү менен эле чектелип калбаш керек. Анткени бардык эле бүтүрүүчү ал жактан окуп, билип алат деген туура эмес. Балким министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмү маалымат жеткирүүнүн башка жолун ойлонуштуруусу зарыл.

Билим берүү министрлиги өткөн жылы магистратурада, аспирантурада, докторантурада окуусун улантууга жана жогорку билим алууга 200дөн ашык кыргызстандык жаран чет өлкөгө жөнөтүлгөнүн билдирди. Ар жыл сайын Орусия, Түркия, Кытай, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандагы жогорку окуу жайлардын ар бирине гранттык негизде окууга бештен жыйырмага чейин орундар сунушталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Айдай Осмонованын айтымында, быйылкы абитуриенттер кайсы адистиктер боюнча кандай окуу жайларга кабыл алынгандыгы туурасында маалымат августтун орто чендеринде белгилүү болот.

- Мисалы, Түркия мамлекети канча орун бөлүнгөнүн айта элек. Ошол эле Беларус менен Казакстанга көбүнчө эл аралык мамилелер, англис тили боюнча талапкерлер көп болгону айтылууда. Бирок акыркы чечим менен канча кыргызстандык ал окуу жайларга кабыл алынарын айтуу эрте.

Маалыматка караганда, азырынча Башкыртстан педагогикалык университетинен башка бардык чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга гранттык негизде бекер окутуу үчүн кабыл алуу мөөнөтү аяктап, бирок жыйынтыгы жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG