Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

"Кыргызстан" бийликтин жаңы долбоорубу?


“Кыргызстан” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов (оңдо) жана Чүй облусунун мурунку губернатору Канат Исаев (солдо) да бар.
“Кыргызстан” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов (оңдо) жана Чүй облусунун мурунку губернатору Канат Исаев (солдо) да бар.

Кыргызстандын саясий майданына жаңы саясий партия кирип келе жатат. Мурунку губернатор жана аткаминерлер кураган жаңы партиянын бийликтин негизги өнөктөш партиясы болуу мүмкүнчүлүгү бар.

“Кыргызстан” деп аталган жаңы саясий партия өлкөдөгү барандуу партиялардын катарына кошулууга умтулууда. Партиянын оңчул, солчул же борборчул экени жана тутунган идеологиясы азырынча белгилүү эмес. Бирок партиянын лидерлери жана ага умтулуп жаткан адамдардын тизмеси партия бийлик партиясы КСДПнын жандоочусу болорунан жана каражаттан кыйналбасын кабарлайт. Бул нерселер алдыдагы шайлоодо ийгиликке жетишүүнүн негизги компоненттеринин бири.

Бийлик КСДПнын жандоочусу катары “Замандашты” даярдап, КСДПнын тизмесине батпай калгандарды ага топтоп жаткан.

Бирок долбоор кайсы бир жерден аксап, “Замандаштын” туусунун астында чогулгандар чилдей тарады. Натыйжада “Замандаш” бийликтин жандоочу партиясы болуудан ажырап, анын ордуна “Кыргызстан” партиясы келе жатканы байкалат.

Бул партиянын лидери Чүй облусунун мурунку губернатору Канат Исаев. Ал партиялык курулушту жүргүзүү жана шайлоого даярдык көрүү үчүн губернаторлуктан жакында эле кеткени маалым.

"Замандаш" партиясы
"Замандаш" партиясы

Канатбек Исаевдин айтымында, партия борборчулдукту карманат жана өз алдынча шайлоого барат:

- Бул партия жаңыдан эле түптөлүп келатат. Негизи борборчул болобуз. Анткени биздин катарыбызда мамлекеттик кызматта иштеген, депутат болгон адамдар бар. Ошондуктан борборчулдук багытты кармап, өз алдыбызча шайлоого барабыз деген ойдобуз.

“Кыргызстан” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Шаршенбек Абдыкеримов, Каныбек Иманалиев, Алмазбек Баатырбеков, Элмира Жумалиева, мурунку губернаторлор Арзыбек Бурканов, Канатбек Муратбеков бар. Булардын ичинен атактуу "алкомагнат", Шаки деген ат менен таанымал Шаршенбек Абдыкеримов партиянын негизги демөөрчүсү болууга дараметтүү.

Саясат таануучу Марс Сариев “Замандаштын” ордуна “Кыргызстан” партиясы келатканы чындыкка жакын дейт:

Марс Сариев
Марс Сариев

- “Замандаш” КСДП менен бирге болуп, анын долбоору катары келатканы белгилүү болчу. Азыр “Замандаштан” кеткен лидерлер, өзгөчө коммерция, акчалуу ишкерлердин “Кыргызстан” партиясына барышы анын бийлик долбоору деген ойго түртүүдө. “Кыргызстан” азыркы кезде бийликтин долбоору болуп калды. “Замандашта” болсо бизнесмен, акча менен бийликке келем дегендерден тазаланып, өзүнүн жолуна кайтып келишине мүмкүнчүлүк бар.

Марс Сариев дегеле саясий партиялардын биригип жатышы эле эмес, жалпы эле саясий айдыңдын бөлүнүп-бөлүнүп долбоор катары түзүлүп жатышынын терс жагдайы да бар дейт:

- Саясий талаа толугу менен долбоор катары түзүлүп атат. Эркин жүргөн, табигый кырдаал жараткан партия калбай калды. Мунун коркунучу эмнеде? Азыркы бийлик топтоп эле, саясий айдыңды долбоор катары түзсө, анда реалдуу оппозиция системалуу эмес болуп калат. Анда башка жараяндар башталып кетиши мүмкүн. Ошол чоң коркунуч.

Мына ошентип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын саясий талаасында саясий партиялардын түзүлүү жана биригүүсүнүн бир этабы аркада калып баратат. Анткени бириге турган партиялар бирикти, жаңы күчтөр саясий партияларын түздү. Бирок ошол эле учурда шайлоого чейин дагы биригүүлөр жана ажырашуулар болуп кетиши да четке кагылбайт.

Азыркы кезде бийликтин долбоору болбой турган системалуу эмес оппозициянын өкүлдөрү бир күчкө биригүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым. Алар бир партия менен парламенттик шайлоого барууну көздөшүүдө. Алардын катарында Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов, Бөдөш Мамырова жана башка депутаттар бар экени маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG