Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Өз көмөчүнө күл тарткан партиялар


Кыргызстанда шайлоо 4-октябрда өтөт
Кыргызстанда шайлоо 4-октябрда өтөт

Үгүт кампаниясына көз салган байкоочулар бийликтеги партиялардын айрымдары административдик ресурсту колдонуп жатканын айтып чыгышты.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын айтымында, мугалим, дарыгер жана студенттер өз иштерин таштап коюп, жолугушууларга барууга аргасыз болууда. Байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясын мындай көрүнүштөргө баа берип, чара көрүүгө чакырышууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын узак мөөнөттүү 60 байкоочусу ушул күндөрү жер-жерлерде үгүт кампаниясына көз салууда.

Коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова жалпысынан үгүт жараяны тынч өтүп жатканын, бирок айрым аймактарда партиялар же алардын өкүлдөрү бири-бирине агрессивдүү мамиле жасаганын, добуш сатып алуу аракеттери болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле бийликте турган партиялар шайлоого карата административдик ресурсту пайдаланганы тууралуу маалыматтар арбын түшүп жатканын кошумчалады.

- “Ата Мекен”, КСДП, башкача айтканда кайсы партиянын бийликте өкүлү болсо ошолор административдик ресурсту пайдаланууга аракет жасап жатышат. Жергиликтүү бийлик бардык үгүт иштерине мугалимдерди, дарыгерлерди, бюджеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерин катышууга мажбурлап жатышат. Алар өз иштерин таштап, ар кайсы жолугушууларга катышууга аргасыз болушууда.

Ошурахунова административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар, телефон чалуулар көп болгону менен алар бул басым жөнүндө ачык айта албагандыгын белгиледи. Мындан сырткары бир топ партиялар үгүт маалында элге шайлоодогу программасын тааныштыруунун ордуна концерт, оюн уюштуруу менен чектелип жатканы белгиленди.

- Жер-жерлерде социалдык маселелерди чечүү, белек, акча берүү, ишембилик өткөрүү, короолорду оңдоо сыяктуу иштер менен алек болуп, жергиликтүү бийликтин ишин аткарууда. Ошондой эле ар кандай спорттук иш-чараларды, көкбөрү уюштуруп жатышат. Мисалы, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бишкекте жаштарды футбол талаасына бекер ойноого чакырып жатканын уктук. Бул добуш сатып алууга киреби, жокпу - биз бул отчетту БШКга да беребиз. Алар аныктап, баасын берсин.

Өткөн аптанын соңунда Борбордук шайлоо комиссиясы “Өнүгүү-Прогресс”, "Замандаш", "Аалам", "Республика Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Бир Бол" партияларына оозеки жана жазуу түрүндө эскертүү берген. Балдардын сүрөттөрү жана видеолору үгүт иштерине колдонулуп жатканы боюнча “Азаттык” партиясына ошондой баннерлерин алып салууну тапшырган.

Ушул тапта үгүт иштерине байкоо салып жаткан “Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова ушундай эле көрүнүш КСДПда бар экенин, бирок аларга эскертүү берилбегенин белгилөөдө.

- Биздин оюбузча КСДПга да эскертүү берилиш керек эле. БШК “Азаттык” партиясы балдарды билбордго колдонуп жатат деген негизде эскертүү берип жатат. Андай нерсе ошол эле КСДПда да жүрөт. Экинчиден, партиялар шайлоочуларга көңүл буруп, 1000-2000 миң сомдон таратып жатат деген маалымат бар. Бирок айтылган менен, алар өз каалоосу менен арыз жазышкан жок.

Шайлоо камы

Ушул тапта “Таза шайлоо” ассоциациясынын 30дан ашуун узак мөөнөттүү байкоочусу иштеп жатат. Алардын саны шайлоо күнү 850гө жетет. Булардан сырткары бир канча жергиликтүү жана эл аралык уюмдар үгүт иштерине байкоо салууда.

БШКнын маалыматында, 14 эл аралык уюмдан 156 адам байкоочу катары катталды. КМШ өлкөлөрүнүн чакан тобу Кыргызстанда штабын ачып иштеп жатат. Шайлоо күнү КМШ өлкөлөрүнөн келген 130дан ашуун байкоочу иштейт.

Штаб башчы Олег Кулебанын "Азаттыкка" айтымында, биометрикалык маалымат тапшыргандар өзүн тизмеден таппай калган, жаңы технологияны билбей калган учурлар кездешүүдө.

- Биз бир нече шайлоо участкасына бардык, көптөрү менен сүйлөштүк. Ооба, жаңы технология боюнча, тизме тактоо, бармак изин аныктоо жагынан проблема бар экен. Бирок иш жүрүп жатат. Ал шайлоо күнү өз жыйынтыгын берет деп ойлойбуз.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, добуш сатып алуу аракеттери боюнча каттар териштирүү үчүн тартип коргоо органдарына тапшырылды.

- Көп материалдарды "балдар бар" деп айтып жатышат. Ал жерде балдар үгүткө катышкан жок. Ал жөн эле атасы менен турат, атасы "КСДП сенин тирегиң" деп айтып атат. Ал эми “Азаттык” партиясында бала "добуш бер" деп үгүттөп жатпайбы. Мындан сырткары оозеки айтылып, бул жерде, тигил жерде аким мындай кылып атат деп айтып атышат. Ал боюнча аймактык комиссияга берип жатабыз. Форма-2, тизмени тактоо боюнча да аким кээде башка партияларды киргизбей жатат деген арыздар түшкөн. Бирок барсак андай болгон жок деп моюнга албайт. Телефондон арыздар түшкөн, бирок чалган кишини туруптур десек биз барганча кетип калыптыр. Ал эми спорттук мелдеш өткөрүү, бир аз белек берүү деген мыйзамда бар.

Кыргызстанда шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. Азыр үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан чагы.

XS
SM
MD
LG