Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:38

Саясат

Мурзубраимов: Улут аралык жаңжалдарды жашырбоо керек

Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов улут аралык жаңжалдарга майда-чоң дебей маани берүү зарыл деп эсептейт.

Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Акыркы он күн ичинде өспүрүмдөр арасында улут аралык өңүттөгү жаңжалдар катталды. Муну ачыкка чыгарыш керекпи, же коомчулукка жарыя кылбай эле чечкен оңбу? Негизинен акыркы кездеги Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылындагы мушташтардын арты эмнеге алып келиши ыктымал?

Бектемир Мурзубраимов: Мындай мушташтардан белгилүү бир деңгээлде кооптонуу бар деп айтсак болот. Себеби мындай маселелерге кичине же чоң  дебей сөзсүз маани бериш керек. Аны жаап-жашыруунун зарылдыгы жок. Жаап-жашырган сайын, болгонун болгондой айтпай, тиешелүү укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар өзүнүн жазасын алмай сайын бул нерселер күчөй берет.

Кыргызстан эл ассамблеясы дагы бул маселелерге кайдыгер карабайт. Ассамблея коомдук уюм болгон менен Кыргызстандагы жашаган бардык улуттардын биримдигин сактоо, ошолордо болуп жаткан проблемаларды бийликке жеткирүү, болгонун болгондой, коркпой-үркпөй ачыгын айтып, мындайча айтканда ортодогу байланышты бекемдөө милдети биздин иш-чараларыбызга кирет. Бирок маалымат каражаттарында айрым бир күчөтүүлөр бар деп айтсам да болот. Себеби кичине нерсени көбүртүп-жабыртып, элдин, калктын көңүлүн ашыкча бурган учур болуп жатат. Жакында эле “Вечерний Бишкек” гезитинде белгилүү адамдар ассамблея өзүнүн аппараты менен ушул маселелерге көңүл бурбай жатат. Кавказ улутундагы элдер менен чоң жаңжал болду деп жазып чыгыптыр. Массалык жаңжалга жеткен жери жок.

Мен дагы бийликтен алынган маалыматтарга анча канааттанбай, өзүбүзгө тиешелүү адамдарды эч кимге айтпай-дебей, карапайым калк менен сүйлөшүп, учурашып келгиле деп жибердим. Ошонун жыйынтыгы боюнча бүгүн ассамблеянын курамындагы 30дан ашуун диаспора жетекчилери болуп кеңири жыйын өткөрөбүз. Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылында болгон окуялар туурасында да конкреттүү оюбузду президенттик администрациянын алдындагы Этникалык саясат бөлүмүнө сунуштайбыз. Алар да бул маселени белгилүү бир деңгээлде билиш керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда бардык улуттарды бир туунун алдына бириктирчү идеология жок деп айтылып жатат. Бул багытта концепция жазылып чыккан менен калк арасына кеңири тарабай жатат окшойт. Кыргыздардын өзүн ашкере улутчул болбогондой, ошол эле кезде бардык улут өкүлдөрүн Кыргызстан менин өлкөм дегендей бир идеологияга канткенде жетишүү мүмкүн?

Бектемир Мурзубраимов: Улуттар аралык маселе боюнча стратегияны Кыргызстан эл ассамблеясынын 7-курултайында кабыл алынган концепцияга кошумча киригизип, элге кайрадан жеткирүү керек болуп жатат окшойт. Абдан туура, “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” эмес, "Кыргызстан менин үйүм, менин мекеним" деген идеологияны бардыгына жеткирүү керек. Бул багытта жапа тырмак эл-журт, коомдук уюм катары биз да аракет кылып, салымыбызды кошушубуз керек болуп турат.

“Азаттык”: Буга чейин ассамблея саясий курал болуп калды деген дооматтар көп айтылып калды эле? Өткөн жылдардагы окуяларда деле байкоочу катары гана четте карап турган деген сындар көп айтылган. Эми улут аралык мамилени жакшыртуу үчүн ассамблеянын конкреттүү пландары барбы? 

Бектемир Мурзубраимов: Биз бул маселелер боюнча жаңы жыл алдында диаспора жетекчилери менен чогулуп сүйлөшкөнбүз. Жогоруда айтылган идеологиянын негизинде эл менен тез-тез жолугушууларды өткөрүп, чараларды көрүшүбүз керек. Болуп жаткан окуялар туурасында пикирибизди билдирүү - биздин негизги милдет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кушутарбек каяктан: Ош
11.01.2012 00:53
"Атанын созу - акылдын козу" деген чын! Тажрыйбасуы толуп-ташып, копту коруп дасыккан, кеп-кенеши улгу болчулардын баш сабындагы академик агайыбыздын айткандары абдан таасирдуу чыгыптыр!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.01.2012 10:47
Шу киши эч жакпайт мага

кимден: Рысбек каяктан: Ноокат
10.01.2012 10:40
Бектемир акенин "Кыргызстан менин үйүм, менин мекеним деген идеологияны бардыгына жеткирүү керек" деген пикирине толук кошуламын. Аттуу-баштуу адамдарыбыз да телерадиодон сүйлөсө "кыргыз элим" деп сүйлөйт, "Кыргызстан эли" же "кыргызстандыктар" деп сүйлөшпөйт (өткөнкү Коомдук биринчи каналдан берилген концертти эле алып көрөлү: Расул Маматкулов "кыргыз элим" деп куттуктады, ал эми башка улуттун өкүлдөрү "кыргызстандыктар" деп куттукташты). Биз өзүбүз ушинтип өлкө калкын бөлүп-жарып сүйлөп жатсак, башкалар кайда барат? Диаспора деген да туура эмес, диаспора деп башка өлкөгө жакында эле көчүп барган, тамырлаша элек ал өлкө үчүн бөтөн улуттун өкүлдөрүнүн уюмун атаса болот. Азыркы Кыргызстанда илгертен жашап жаткан элди "кыргызстандык" деген аттын астында бириктириш керек. Менимче мамлекеттик гимндин сөздөрүн өзгөртүп, ага да "Кыргызстандык" деген идеяны өзөк кылып киргизиш керек. "Манастын" 7 осуятын да А. Акаев убагында ойлоп чыгып киргизген эле, Акаев өзү кеткен менен бул атавизм калып кетти. Мамлекеттик идеологияга "Кыргызстан менин мекеним" деген ойду өзөк кылып, анын айланасында гуманисттик идеяларды, толеранттуулук, патриоттуулук идеяларын топтош керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине