Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

"Фергана.ру" сайтына Кыргызстан тыюу салган жатат


Жогорку Кеңеш Баш прокуратурага kg зонасында “Фергана.ру” сайтына бөгөт коюу тапшырмасын берди. Чечим июнь коогасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмүнүн негизинде кабыл алынды.

Ал арада айрым депутаттар жергиликтүү “Дизель” жана “Парус” интернет басылмалары улут аралык кастыкты тутантууда деп, аларды массалык маалымат каражаттарына теңдөө демилгесин көтөрүп чыкты.

Жогорку Кеңеш "“Фергана.ру” сайты Кыргызстанды каралоону негизги максаты кылып алды, ошондой эле улут аралык кастыкты жагууда" деп эсептейт.

Парламент июнь коогасын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын бүтүмүнө таянып, “Фергана.ру” сайтын kg (кейжи) зонасынан ачылбагандай кылуу тапшырмасын үч айлык мөөнөт менен Баш прокуратурага жүктөдү.
Кыргызстандыктар сервер аркылуу, анономимайзер аркылуу окуй ала беришет. Бүгүнкү күнү анын жолун таба турган технологиялар аябай көп.

“Фергана.ру” сайтына "былтыр июнда түштүктөгү этнос аралык кагылышта бир улутка жан тартып, этностор аралык кастыкты козутчу сүрөт-тасмалар жарыяланган" деп айып коюлууда.

Кыргыз парламентинин бул чечимине жооп кайтарган аталган сайттын баш редактору Даниил Кислов Кыргызстан “Фергана.ру” сайтына бөгөт койгон Борбор Азиядагы биринчи өлкө эмес экендигин айтты:

- Ооба, Өзбекстан Анжиян окуясынан кийин “Фергана.ру” сайтына блок койгон. Бизди ошондой эле Түркмөнстанда, Тажикстанда кээде жаап коюшат. Эми өкүнүчтүүсү Кыргызстан да бул өлкөлөрдүн катарына кирип, бизди расмий түрдө жапканы жатат.

“Фергана.ру” сайтынын баш редактору кыргыз депутаттарына БУУ жакында эле интернетке кирүү укугун адам укуктарынын негизгилерине киргизгенин эскертти.

Даниил Кислов
Ал арада парламентте “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу кейжи домендүү эки сайт - “Дизель” менен “Парусту” жабуу демилгесин көтөрүп, бул сайттарда улут аралык мамилени козутчу маалыматтар тынбай жарыяланып турганын айтууда. Бакир уулу өлкөдө дагы бир кандуу окуя кайталанбаш үчүн бул чаралар зарыл деп эсептейт.

- 9-10 июнда parus.kg жана disel.kg сайттарын окусаңыздар төбө чач тик турат. Аны окуган өзбек, орус, кыргыз улуттары "бири-бирин балта менен чабыш керек, же мылтык менен атыш керек" деп, бири-бирине асылып, ушундай катуу сөздөрдү жазышкан экен. Ошондуктан бул нерсеге биз чекит коюшубуз керек эле.

Интернет баракчаларына мындай чабуулду медиа өкүл Акмат Алагушев кескин сынга алып, Кыргызстанда интернет цензураны орнотуу аракети башталганын билдирди.

- Эми техникалык жана мыйзамдык жактан муну кантип ишке ашырышаарын билбей турам. Бизде деле суроолор көп. Сайтты кантип блокко коет? “Кыргызтелекомго” буйрук беришеби? Бирок бул туура эмес. Тоскоолдук кылып, Түндүк Корея менен Кытайдагыдай болгон атпайбы?

Медиа өкүл Кыргызстанда интернет сайттарын ооздуктоо аракети буга чейин деле болгонун белгилеп, муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалоодо.

Акмат Алагушев
“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук уюумунун жетекчиси Татту Мамбеталиева Жогорку Кеңештин сайтка бөгөт коюу чарасы техникалык жактан мүмкүн эмес деп, тескерисинче, бийликтер аталган сайтка бекер реклама кылып атканын белгиледи.

- “Фергана.ру” сайтын блоктоо туура эмес чечим. Экинчиден, бул чара жардам бербейт. Кыргызстандыктар сервер аркылуу, анономимайзер аркылуу окуй ала беришет. Бүгүнкү күнү анын жолун таба турган технологиялар аябай көп. Бул, тескерисинче, “Фергана.ру” үчүн реклама болуп атат. Эми ал жерге көбүрөөк окурмандар кире баштайт. Техникалык жактан блокко коюу чарасы иштебейт.

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан kz зонасындагы бардык интернет ресурстарын ММКга теңеп, аларга маалымат каражаттарындай эле жоопкерчиликтерди жүктөгөн. Ал эми Орусияда жарандар интернет баракчаларын каттоодон өткөрүүдө сайтты ММК, же жөн эле ресурс деп ажыратуу мүмкүнчүлүгү бар.
XS
SM
MD
LG