Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Баатырларча курман болгон Барыкин


Александр Барыкинди акыркы сапарга узатуу. Каракол, 26-январь, 2014.
Александр Барыкинди акыркы сапарга узатуу. Каракол, 26-январь, 2014.

Ысык-Көлдө кыргыз-кытай чек арасын бузуп киргендер менен кармашып жатып каза тапкан Александр Барыкиндин сөөгү өзгөчө сый-урмат менен жерге берилди.

Маркумдун зыйнаты 26-январда Каракол шаарындагы Ыйык Троица чиркөөсүндө өттү. Ага Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев, облус башчысы Эмилбек Каптагаев баштаган бийлик өкүлдөрү да катышты.

Александр Барыкинди акыркы сапарга узатуу учурунда облус башчысы Эмилбек Каптагаев маркум эл керегине жараган уул экенин далилдеп кеткенин айтты:

- Бардыгыбыз эле балдарыбызга эл керегине жараган, эл үчүн кызмат кылган уул бол деп айтабыз. Мына Барыкин Александр Васильевич да элдин керегине жараган, эл үчүн кызмат кылган уул экенин далилдеди. Ал өзүнүн эрдиги менен, жарандык милдетин аткаргандыгы менен эл уулу болуп калды.

Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө президенттик социалдык колдоо фондусунан бөлүнгөн 50 миң сомду да тапшырды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев болсо маркум Александр Барыкин чек арадагы эрдиги үчүн “Эрдик” медалына көрсөтүлгөнүн билдирди.

- Барыкиндин кылган эрдиги ар бир эле жарандын колунан келе бербейт. Ушул кишидей “менин жерим, менин элим" деп турган адамдар көбүрөөк болсо...

Ошентип 63 жашында баатырларча курман болгон Александр Барыкиндин сөөгү Каракол шаарындагы православ-христиандар мүрзөсүнө коюлду. Маркумдун артында бир уул, бир кызы, төрт небереси калды.

Александр Барыкиндин зыйнатынан сүрөт баян



Маркум 1951-жылы Түп районунун Ак-Булуң айылында төрөлгөн эле. 1977-жылы Иркутскидеги айыл чарба институтун аяктаган соң мекенине кайтып келип, Ысык-Көл облустук мергенчилик коомунун инспектору болуп иштей баштаган. Андан соң ошол эле коомдун жетекчиси болуп иштеп келди. Анын демилгеси менен облуста 15 ыктыярдуу мергенчилик топ түзүлгөн.

Александр Барыкиндин жакын досу Иван Ардамен ал кызматын так, жооптуу аткарган инсан болгонун үшкүрүнө эскерип отурат:

- Анын мындай кадамга барышын күтсө болот эле. Анткени ал өз кызматын так жана жоопту аткарган адам болгон. Александр жанагы чек араны бузуп киргендерди чек арачыларга өткөрүп берейин деген ойдо болсо керек. Анан ошол жактагы элдин да коопсуздугун карады го...

Александр Барыкин 23-январда Жети-Өгүздүн кыргыз-кытай чек арасына жакын Бикиртик деген жеринде белгисиз адамдар жүргөнү тууралуу кыргыз чек арачыларына кабар берген жана чек арачылар келгенче өзү алар менен кармашып, экөөнү өлтүрүүгө жетишкен. Бирок көптүк кылган белгисиз адамдар аңчыны өлтүрүп, куралын тартып алышкан. Кийинчерээк барган чек арачылар белгисиз топту курчоого алып, ошол күнү кечке жуук аларды жок кылды.

Көп өтпөй 11 адамдан турган бул топтогулар Кытайдын уйгур тектүү жарандары экени жана кырыз-кытай чек арасындагы Кайчы ашуусу аркылуу Кыргызстанга өтүп келгени аныкталды.

Аңчы Александр Барыкин кантип өлтүрүлгөнүнө күбө болгон Анвар

Аңчыны кантип өлтүрүшкөн?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG