Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Абакта оозун төөнөгөн адам издеген чындык


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев Бишкектин №1 тергөө абагында оозун төөнөп алган айыпталуучуга тиешелүү кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алмай болду.

8-январдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан адам соттун өкүмүн териштирүүнү сурап, акыйкатчыга кайрылган. Ал Кылмыш кодексинин зордуктоо беренеси менен айыпталып, былтыр ноябрда 14 жылга кесилген.

Оозун төөнөп алып, ачка отурган Таалай Сыдыков азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында. Ал Ленин райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайрадан райондук деңгээлде кароону талап кылууда. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, ачкачылык жарыялап жаткан адамдын саламаттыгы канааттандырарлык. Бирок ал Жаза аткаруу кызматынын акцияны токтотуу сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысы Александр Никсдорф "Азаттыкка" билдирди:

- Абактагы бул адам менен Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери жана атайын прокуратурадан өкүлдөр келип, ачка отуруудан баш тартуусун өтүнүштү. Бирок ал кийинки сот жараянына чейин жолдон кайтпасын айтууда. Чындап эле ага тосмо арыз жазылган экен, бирок сот көңүлгө албай, ушундай чечим чыгарган.

Айыпталуучунун жактоочусу Майрамбек Жумабековдун ишендиргенине караганда, соттун өкүмүндө көрсөтүлгөн зордуктоо болгон эмес жана кылмыш ишинин козголушуна ырбап кеткен үй-бүлөлүк чатак себеп болгон:

- Урушуп кеткен адам өзүнүн эле жубайы болгон. Үй-бүлөлүк чырдан улам тутанган жаңжалдын кесепетинде жабыркаган аял алгач сабады деп арыз жазып, кийин зордукталганын да кошуп жазган. Бирок кийинчерээк тосмо арызды жазып, эч кандай доом жок деп, Орусияга чыгып кеткен. Ушундан улам сотко да келген эмес. Бирок сот тосмо арызга көңүл бурбай, мен коргоп жаткан адамды 14 жылга кесип салды. Ушул чечимге нааразы болгон Таалай Сыдыков азыр ачкачылык жарыялады.

Акыйкатчы абалга көзөмөл кылат

Ишти толук көзөмөлгө алып жаткан Акыйкатчы институтунун инспектору Казыбек Уметов атайын өкүлдөр менен чогуу эки жолу абактагы жаранга жолугуп, юридикалык консультацияларды бергенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Бул жерде белгилеп кетүүчү жагдай, жабырлануучунун алгачкы соттук-медициналык экспертизадан өткөн документтери бар экен. Анда В. Дайдекееванын жабырланганы ырасталган. Бирок Орусияга кетип баратканда, ал тосмо арызды мыйзамдуу өкүлү Э.Кулуева дегенге таштап кеткен экен. Сот учурунда бул арызды судья көңүлгө алган эмес жана 14 жылга кескен.

“Азаттыктын” тил кат жазып, Орусияга чыгып кетти деген айыптоочу тарап менен байланышуу аракетинен азырынча майнап чыга элек.

Тергөө жана дагы тергөө

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов окуяны дыкат иликтөө үчүн экинчи тараптын өкүлдөрү сөзсүз тергөөгө жана сотко катышуусу зарылдыгын айтууда.

- Азыр ар кандай учурлар катталып жатпайбы. Алсак, эки түгөй уруша кетип, кызуулук менен арыз жазып, эртеси кайра жарашып жатышат. Бул жерде Орусияга кеткенине карабай ал аялды чакырып келүү керек же болбосо мыйзамдуу өкүлү сөзсүз сотко катышуусу зарыл. Ошол эле учурда зордукталганы чын болсо, татыктуу жазасын алышы керек. Ошондуктан кийинки сот процессинде тергөөчү окуяны кайрадан ийне-жибине чейин иликтеп чыгышы зарыл.

Абактагы Таалай Сыдыковдун кийинки соту 26-январга белгиленген. Бул мөөнөткө чейин ал ачкачылыкты токтотпой, оозун төөнөп отурарын билдирүүдө. Белгиленген шаардык сотко Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү да катышып, абалга мониторинг жасамакчы.

XS
SM
MD
LG