Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Кыргызстандын акыйкатчы кызматына жаңы шайланган Кубат Оторбаев алгачкы маегин "Азаттыкка" курду.

“Азаттык”: Кубат мырза, акыйкатчы кызматындагы ишиңизди кайсы жаатта баштаганы жатасыз?

Кубат Оторбаев: Албетте, институттагы жасалып жаткан иштер боюнча маалымат алам. Эң негизгиси кайсы маселелер боюнча арыздар көп болсо, ошол жаатта жумушту чечкиндүү баштайбыз.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште программаңызды тааныштырып жатканда айрымдары акыйкатчылык кызматка юридикалык билими бар адамдар келсе жакшы болмок деген оюн айтышты. Аларга жообуңуз кандай болор эле?

Кубат Оторбаев: Акыйкатчы ошол эле төрага, президент же министрлер сыяктуу эле элдик киши болуп эсептелет деп ойлойм. Бул жерде коомчулуктун алдында жоопкерчилик өтө чоң. Ал эми юристтер Омбудсмен аппаратында жетиштүү. Ошондуктан бул кызматтын жетекчиси биринчи кезекте адам укуктары үчүн күйгөн киши болуш керек. Акыйкатчы Кыргызстандагы жарандардын көз жашын сүртүп, бузулуп жаткан тагдырларды оңдой турган, көз карашы жана жүрөгүндө жалыны бар адам болуш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиз бийликтин фракциясы тарабынан көрсөтүлүп, акыйкатчы болуп шайлангандан кийин бийликтин таламын талашпайт деп канчалык ишеничтүү айтсак болот?

Кубат Оторбаев: Бул жерде талапкер кайсы фракциядан көрсөтүлгөнү негизги маселе эмес. Шайлангандан тартып омбудсмен - Кыргыз Республикасындагы жарандардын укугун коргой турган адам.

Укук кайсы жерде бузулуп жатат? Менимче мамлекеттик органдар, аткаминерлер кабыл алган чечимдер тарабынан бузулуп жатат. Ошондуктан каалайбызбы, же жокпу, бирок акыйкатчы өзүнүн калыс сөзүн айтыш керек. Бирөөгө жаман көрүнөсүң, башкасына жакшы көрүнөсүң, бирок бул - жумуш. Адамдардын эркиндиктерин чектеген, аны бузган мыйзам бузуулар, зордук-зомбулуктар, кыйноолор болсо ошолорду ачык айтып, бектен да, хандан да кайра тартпай кызмат кыла турган жумуш.

“Азаттык”: Азыркы учурда “Бейөкмөт уюмдарды чет элдик агенттерге теңөө жөнүндө” мыйзам долбоору кызуу талкууланууда. Акыйкатчынын бул жаатта пикири кандай болот?

Кубат Оторбаев: Биринчи кезекте чет элден алынып жаткан жардамдардын структурасына, алар кайдан келип жатканына, кандай максатта келгенине жана кандай пайдаланылганына анализ жасашыбыз керек.

Мына, 25 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан чет өлкөлөрдөн бир топ карыз алды. Ошонун ичинде өкмөт да, министрликтер да, мамлекеттик эмес уюмдар да карыз алышкан. Ошол эле Жогорку Кеңешке, өкмөткө, министрликтерге келип жаткан гранттар да бар. Ошолордун бардыгын жалпы караш керек. Ошонун фонунда албетте бейөкмөт уюмдарга берилип жаткан жардамдардын ачыктыгын мен колдойм. Анткени бейөкмөт уюмдар дал ушул бюджет маселесинде ачыктык болсун деп айтышат. Демек бирөөгө талап коёрдон мурда ар ким өзүнө жооп бериш керек.

Экинчиден, саясий иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агенттерге теңөө маселеси өтө кылдат карай турган нерсе. Мен мыйзамдын долбоору менен таанышып чыктым. Мисалы, ал жерде прокурордун арызынын негизинде эле кайсы бир бейөкмөт уюмду кайра-кайра текшере берүүгө укуктуу экен. Биз ушундай нерселерин жакшылап карап чыгышыбыз керек. Ал эми бюджеттин ачыктыгы боюнча талап колдоого аларлык экен.

“Азаттык”: Омбудсмен саясаттан тышкары болушу керек дегенге макулсузбу?

Кубат Оторбаев: Адам укуктарында үч чоң нерсе бар. Биринчиси - ар бир адамдын өзүнүн эркиндик укугу. Экинчиси - социалдык-экономикалык укук. Үчүнчүсү - жарандык жана саясий эркиндиктер. Ошондуктан ар бир адам ээлеген кызматына, саясий көз караштарына карабай Кыргызстандын жараны болгондуктан, эгерде тийиштүү мыйзам бузуулар болсо акыйкатчы кимди болбосун коргоого аракет жасаш керек.

“Азаттык”: Чет өлкөлөрдө кыргызстандыктардын укуктары бузулуп жаткан фактылар да өтө көп. Мигранттардын укуктары тууралуу сурагым келип турат. Акыйкатчы өлкөдөн тышкары кандай иш алып барат?

Кубат Оторбаев: Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 500 миңден бир миллионго чейинки жараны сыртта жүрөт. Бул жаатта албетте ишти күчтөндүрүш керек.

Ишим эми гана башталып жаткандан кийин азырынча ойлор бар. Биз балким өзүнчө бир кызмат адамды дайындап, же өзүнчө бир структура түзүшүбүз керек деген ойдомун. Иштин көлөмү өтө чоң экенин көрүп турам. Ошондуктан бул нерсе көңүл сыртында калбаш керек. Анткени "үйдөн беш кадам чыккандан кийин адам мусапыр болот" деп айтабыз. Ал эми чет мамлекетте жүргөн адамдар эки эсе кор болуп, эки эсе чүнчүп жүргөн учурлар өтө көп. Ошондуктан мигранттар маселесине Тышкы иштер министрлиги жана башка дипломатиялык жолдор аркылуу өзгөчө көңүл бөлүш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG