Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Грузия издөө салган Чокутаев ким?


Самар Чокутаев фото cyxymu.livejournal.com сайтынан алынды
Самар Чокутаев фото cyxymu.livejournal.com сайтынан алынды

Грузия эл аралык издөө жарыялаган кыргыз жараны Самар Чокутаевди тааныгандар аны үлгүлүү адам катары сыпатташууда.

Грузия Кыргызстандын жараны Самар Чокутаевди “террордук акт жасоого шыктандырган маалыматты ачык тараткан” деп айыптап, ага издөө жарыялаган.

Маалымат технологиясы боюнча дасыккан адис, 24 жаштагы Чокутаев Кыргызстанда бир катар алдыңкы компанияларда эмгектенген.

Чокутаев боюнча пикирлер карама-каршы

Грузиянын Ички иштер министрлиги кыргыз жараны, маалымат технологиялар боюнча адис Самар Чокутаевге издөө салды. Ал Грузияда “террордук акт жасоого шыктандырган маалыматты ачык тараткан” деп айыпталууда.

Расмий маалыматтарда Чокутаев Грузиядан ажыраган аймакта, тагыраак айтканда Абхазиянын борбору Сухумиде туруп, быйыл 4-июнда “Талибандын Ооганстандагы грузин аскерлерине жихады” деп аталган видеону интернетке чыгарган.

Грузин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нино Гиоргобани 3-октябрда журналисттерге буларды маалымдады:

- Тергөө аныктагандай, Самар Чокутаев Сухумиде мобилдик байланыш компаниясында иштеген. Ал IT тармагында жогорку даражадагы адис жана Грузия көзөмөлдөбөгөн аймакта кылмыш жасаган. Кылмыш Абхазиянын аймагында жасалган. Өз изин жашыруу максатында Самар Чокутаев Грузиянын GSM операторлорунун USB интернет-модемдерин колдонгон.

Маалыматтарда Чокутаев грузин уюлдук телефонунун сим-картасын сатып алып, ал аркылуу кайра малайзиялык серверди байланыштырган, бирок видеону тбилисилик колдонуучу катары интернетке жайгаштырган татаал байланышты уюштурган.

Анын Бишкекте бирге иштеген кесиптештери 24 жаштагы Чокутаевди үлгүлүү адам жана маалымат технологиялар боюнча дасыккан адис катары сыпатташууда.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттен “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Чокутаев 2011-жылы бул университеттин электроника жана телекоммуникация факультетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Мындан тышкары жаш экенине карабай IT технология боюнча адистигин ырастаган эл аралык деңгээлдеги сертификаттарды алганга жетишкен. Ал Бишкекте жүргөндө Жапониянын JIKA эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосундагы Маалымат технологиялар боюнча улуттук борбордо тренер, ошондой эле “О” уюлдук операторунда да иштеген экен.

Чокутаевди тааныгандардын бири - мурдагы кесиптеши Жумабек уулу Зарлыктын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал мындай иштерди кылгыдай динчил да эмес болчу.

- Ал бала намаз окучу эмес, динге да өзгөчө көз карашы жок болчу. Ал мындай иштерди такыр кылмак эмес жана көз карашы да ага туура келбейт. Бул мен үчүн абдан таң калычтуу жана нес кылган кабар болду.

Чокутаевди тааныгандар аны айыптаган маалыматтарды чоң жаңылыштык деген ойду карманышууда жана Чокутаев Абхазияга бир жыл мурда иштеп кеткенин айтышты.

Шектүү видео жаңжалы

Самат Чокутаевге Грузияда кылмыш ишин козгоого себеп болгон видео “Талибандын Ооганстандагы грузин аскерлерине жихады” деп аталат. Анда Грузин аскерлерин жана президенти Михаил Саакашвилини коркуткан сөздөр камтылган.

- Биз каапыр грузиндердин ар бирин тозокко айдайбыз. Анан Грузияга барабыз. Өч алабыз. Саакашвили, биз келатабыз. Дарегиңди билебиз. Туугандарыңды билебиз. Аман калам деп ойлобо.

Грузин жоокерлери
Грузин жоокерлери
Бирок бул видео адеп чыкканда анын адатта Ооганстандагы талибдер жарыялап келген видеолорго окшобостугу айтылып, чын-бышыгы күмөн жараткан болчу. Анткен менен көп өтпөй 7-июнда Ооганстанда Грузиянын жети аскери жардыруудан мерт кеткен. Бул өз кезегинде Грузияда чоң талкууну жаратып, бийлик менен оппозиция аталган тасма боюнча кайым айтышууга чейин барышкан эле. Атап айтканда, президенттин тарапкерлери тасма премьер-министр Бидзина Иванишвилиге жакын адамдардын кылганы десе, Иванишвили мындай былык тасмаларды жасаганга дал Саакашвилинин кыймылы маш деп ырастаган.

Грузиядагы аскерий эксперт, "Арсенал" журналынын башкы редактору Ираклий Аладашвили "ИИМдин тараткан маалыматы чындыкка жакын",- дейт:

- Президент Саакашвили башында турган азыркы оппозиция өкүлдөрү бул видеону чыгарууга жаңы өкмөттүн, Иванишвилинин тарапкерлери кызыкдар болгон деп айтышкан. Ал эми Иванишвилинин тарапкерлери болсо, муну Саакашвилинин адамдары кылган болсо керек деп күнөөлөшкөн. Бирок менимче, бул жерде Грузияда адамдарды бушайман кылууну каалаган чет элдик агенттердин изи жатат.

Бирок бул жолу да айрым оппозиция өкүлдөрү ИИМдин маалыматынан күмөн санап турушат. Ал эми Грузиянын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Давид Пурцхванидзе Ички иштер министрлиги айтып жаткан версия техникалык жактан мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал “Азаттыктын” грузин кызматына буларды билдирди:

- Мен түз эле айтайын, техникалык жактан алганда, айтылып жаткандай грузин сим-картасы аркылуу мындай ишти жасоо такыр эле мүмкүн эмес.

Грузиянын Ооганстанда бир жарым миңден ашык аскери бар. НАТОго кирбеген башка бир да өлкө мынча санда аскер кошкон эмес.

Чокутаев экстремисттик уюмдарга мүчө эмес

Грузин укук коргоо органдары Самар Чокутаев боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигине маалымат сурап кайрылды. ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, ал буга чейин соттолбогон жана эч бир экстремисттик же террористтик уюмдарда мүчө болгон эмес.

- Биз азырынча бул тууралуу кенен маалыматка ээ эмеспиз. Бирок бул айтылып жаткандар туура эмес маалымат болсо керек деп ойлоп жатабыз. Грузиянын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы кандай болоорун көрөбүз го. Ал адамды кандайча буга катышы бар деп айтып жатышканына таң калып жатабыз.

Анткен менен Грузияда көпчүлүк ИИМдин маалыматтарына ынанып турган чагы. Ал эми Кыргызстанда Самар Чокутаевди жакшы тааныгандар анын бул кадамга барганынан күмөн санап, күнөөсүз экенин далилдөөгө мамлекеттик органдар жардам бериши керек деп эсептешет. Ал эми Самар Чокутаевдин өзү азыр кайда экендиги белгисиз.

XS
SM
MD
LG