Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

"Градиент" фирмасы кайрадан текшерилет


Тайырбек Сарпашев, 12-сентябрь, 2012-жыл
Тайырбек Сарпашев, 12-сентябрь, 2012-жыл

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Градиент” фирмасына тиешеси бар-жогу маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Башкы прокуратура биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Градиент” фирмасына тиешеси бар-жогуна кошумча текшерүү жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды.

Буга байланыштуу прокуратура 30-апрелде тийиштүү материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгына кайтарып берген. Эми аталган кызмат текшерүү иштерин болжол менен 10-июнга чейин жүргүзгөнү жатат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын башчысы Замир Усенов буларды айтты:

- Мурда тергөөчүлөр текшерип, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок Башкы прокуратура окуп чыгып, ал чечимди бузуп, кайра бизге текшерүүгө жөнөткөн. Азыр ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат. Акыркы чечимди кабыл ала элекпиз.

“Градиентке” Сарпашевдин тиешеси бар. Ал деген аффилиацияланган фирма, заказдарды да алган.
Марс Сариев

Буга чейин "Градиенттин" тегерегинде чыккан чырга байланыштуу Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия да түзүлгөн. Анын иликтөөсүндө “Градиент” соңку үч жылда 20га жакын мамлекеттик тендерди утуп алганы айтылган. Муну бир катар депутаттар биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кийлигишүүсү менен байланыштырган болчу. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы текшерүү иштерин жүргүзгөн соң кылмыштын курамы жок деген негиз менен кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Санаага салган сандар

Депутаттык комиссияны жетектеген Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун айтымында, иликтөө учурунда Тайырбек Сарпашевдин декларациясында көрсөтүлбөгөн мүлктөр да бар экени аныкталган. Мындан улам ал текшерүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанбай, Башкы прокуратурага кат жолдоп, мыйзам бузууларды кайра карап чыгууну талап кылган.

- "Мыйзам бузуулар көрүнүп турса деле эмнеге мындай чечим чыгарасыңар" деп Башкы прокуратурага кат жаздым. Аңгыча прокурор алмашып калды. Анан кийин келген прокурордун орун басары мага кайра каттарды жиберди. Тайырбек Сарпашевге премьер-министр эскертүү берип, ошол иштер кайра кароого жөнөтүлүп жатат. Ал жерде мыйзам бузуулардын эң негизгиси – беш айдын ичинде Сарпашев ошол “Градиент” фирмасынын 80 пайыз акционери, түзүүчүсү болуп турган. Өкмөт тууралуу мыйзамда "өкмөттүн өкүлү эч качан башка коммерциялык жайларда иштебеши керек" деп жазылып турат. Ошол убакта бул фирма беш айдын ичинде 168 миллион болуш керек, так санын унутуп калдым, ошончо суммага тендер уткан экен. "Эмне үчүн мыйзам бузуулар менен өзү ошол жерде түзүүчү болуп туруп, мамлекеттик тендерлерге катышкан?" деп чыкканбыз.

"Градиент" мотор майлары менен камсыздоо, жол жана ирригациялык системаларды куруу иштери менен алектенип келген.
"Градиент" мотор майлары менен камсыздоо, жол жана ирригациялык системаларды куруу иштери менен алектенип келген.

Бирок биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев депутаттык комиссиянын түзүлүшүн, мурунку жана кийинки иштерди тескөө аракетин саясий оппоненттердин каралоо аракети катары баалап келатат.

Бул жолку иштин кайрадан текшерүүгө алынышы боюнча Сарпашевден комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Бирок “Градиент” фирмасынын түзүүчүсү, Тайырбек Сарпашевдин агасы Эмир Сарпашев өткөндү кайра козгоо менен саясий оппоненттердин жаманатты кылуу аракети, саясий бир кызыкчылыктары уланып жатканын белгилейт.

- Кандайдыр бир саясий топтор тарабынан саясий куугунтук болуп жатат. Булар Кыргызстандын келечегин ойлобогондор. Иним Тайырды жаманатты кылуу аракети болуп жатат. Эки жылдан бери 10 депутаттык комиссия текшерди, айланайындар! Эмне болду жыйынтыгында? Ошого карабай чычалап, бир нерсе табалы деп, кайра эле ошол оппонент дейби, кыскасы ошол депутаттардын тобу кайра баштап жатышы мүмкүн.

"Кара мышык" араладыбы?

Саясат талдоочу Марс Сариевдин көз карашында Акаев, Бакиевдин убагынан бери эле бийлик менен мамиле түзүп, анын багытынан чыкпаган чиновниктерге эч ким тийишкен эмес. Бирок алардын көпчүлүгүнө карата чогултулган компроматтар качан гана чиновник тескери баса баштаган учурда саясий жагдайга жараша пайдаланылып, аларды ооздуктоонун аспабы болуп келген.

Талдоочу Марс Сариев Сарпашевге байланыштуу окуяга дагы ушул өңдүү себептер таасир этиши мүмкүн деп божомолдойт:

- Менин оюмча, “Градиентке” Сарпашевдин тиешеси бар. Ал деген аффилиацияланган фирма, заказдарды да алган. Мунун баары токтоп турган, анткени Сарпашевдин бийлик менен мамилеси жакшы болчу. Азыр мүмкүн оппозиция жакка ооп кеттиби, ошондой бир жагдай болду го. Ошондуктан жабылып калган иш кайра козголуп жатат деп ойлойм.

“Градиент” ишканасы 1997-жылы түзүлгөн. Жетекчиси - өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасы Эмир Сарпашев. Ишкана негизинен мотор майлары менен камсыздоо, жол жана ирригациялык системаларды куруу иштери менен алектенип келген. Эмир Сарпашев бүгүнкү күндө бул компания сатылып кеткенин жана ага Сарпашевдердин эч кандай тиешеси, байланышы жоктугун билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG