Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:45

Маданият

“Гүлнур”: салттык - заманбап үлгүнүн айкалышы

19-сентябрда Венада дизайнер-тигүүчү Гүлнур Тоялиеванын “Гүлнур” деген аталыштагы көрсөтмөсү өттү.

"Гүлнурдун" автору дизайнер Гүлнур Тоялиева
Текст көлөмү - +
Кыргыз аялдарынын улуттук көйнөктөрүндөгү өзгөчө стилдер менен заманбап кийимдердин айкалышынан турган коллекцияда 22 көйнөк көрсөтүлдү. Он жылдан ашуун Европада жашап, Улуттур Уюмунун Венадагы кеңсесинде эмгектенген Гүлнур Тоялиева өзү ойлоп таап, тиккен көйнөктөрү дүйнөлүк модада бурулуш жасаарына ишенет. Көрсөтмө соңунда Гүлнур айым "Азаттыкка" чакан маек курду.

Гүлнур: 20дан ашык көйнөк көрсөтүлдү. Көрсөтмө аябай узак болуп, көрүүчүлөрдүн баарына жакты, көңүлдөрү жайдары кетишти. Себеби көйнөктөр ачык, жайдары түстө. Жибектен, колдо жасалган көп нерселер көрсөтүлдү. Мындай моделдер Европада абдан аз болот. Ошондуктан бардыгына аябай жакты окшойт.

"Гүлнур" көрсөтмөсү, Вена, 19-сентябр, 2011-жыл

«Азаттык»: 22 көйнөктү даярдоо, 22 кызды кийинтип эл алдына алып чыгуу машакаттуу эмгек болсо керек. Ушунун баарын өзүңүз уюштурасызбы?

Гүлнур: Абдан көп даярданууга туура келди. Мен бир ишти колго алганда аны аягына чейин аткарышым керек. Мен абдан жакшы даярдандым, жардамчыларым дагы бар. Эки чебер кыз көйнөктөрдү даярдаганга жардам берди. Менин биринчи көрсөтмөм июнда өткөн, ошондон улам кандай өткөрүштү билип калдым. Көрсөтмөнү өткөрүүгө кыргыз элчилиги да абдан жардам берди.

«Азаттык»: Көйнөктөрдүн ажарын чыгарып кийип, басып өткөндү чебер кыздар аткарат да, сиз андай кыздарды кайдан табасыз?

Гүнур: Алар моделдер. Кыргызстандан кыздарды тандагам, алар катышты. Австриядан дагы кыздар болду, аларга көйнөктөр аябай жакканын айтышты. Менин көйнөктөрүм өзгөчө, азыркы Кыргызстандагы жаңы багыттан айырмаланат. Менин модам саркеч кийимдер. Менин көйнөктөрүмдү кинофестивалдарда кийишет деген тилегим бар.

«Азаттык»: Сиз алектенген чыгармачылыктын түрү - жогорку мода абдан көп каражатты талап кылган искусствонун түрү болуп саналат. Сизге каражат жагынан ким жардам берет?

"Гүлнур" көрсөтмөсү, Вена, 19-сентябр, 2011-жыл
Гүлнур: Эч ким жардам бербейт. Бардыгын мен өзүм даярдап, өзүм жасап жүрөм. Мындай ишти башташтын алдында кичине инвестиция жасаш керек, албетте. Мен муну долбоор катары алдыма койгом, ошого жараша каражатты бөлүштүрөм. Мындан ары эгерде элге менин моделдерим жакса, бул акча кайра көп эсе болуп кайтарылышы мүмкүн.

«Азаттык»: Ошол эле учурда азыр Кыргызстанда сизге окшогон айымдар, жигиттер бул тармакта жаңы нерселерди жасап жатышат. Кыргызстандык адистер менен бирге иштешүү пландарыңыз барбы?

Гүлнур: Бирин-экин жаңы дизайнерлерди билем. Бирок өз ишимди башкалар менен салыштырбайм. Менин өз багытым бар - минималистмин. Канчалык кездеме эксклюзивдүү болсо, ошончолук курак, сайма деген азыраак болуш керек. Ошон үчүн мен бардык дизайнерлер менен иштеше албасам керек. Кыргызстандан азыр аябай көп кызыккандар, сунуштар болуп атат. Мен бул жерде жалгыз эле аракет кылып жүрбөстөн, дизайнерлер менен чогуу иштешсем кызыгыраак, жеңил болушу мүмкүн.

«Азаттык»: Гүлнур айым, алдыңыздагы чоң максатыңыз эмне?

Гүлнур: Менин максатым - Кыргызстанды чет мамлекетке таанытууга өз салымымды ушул чыгармачылыгым аркылуу кошсом деген тилек. Мен патриотмун, кайсы жерде болбосом да жүрөгүм Кыргызстанда.

"Гүлнурдун" ээси-дизайнери Гүлнур Тоялиева, Вена, 19-сентябр, 2011-жыл

«Азаттык»: Сиздин максаттар ишке ашышына биз дагы тилектешпиз. Ошол эле учурда көркөм мода дүйнөдөгү эң катуу атаандаштыкты жараткан өзүнчө индустрия. Кыргызстан ушул көркөм дүйнөдө өз ордун табат деп ишенесизби?

Гүлнур: Ушул суроого өзүм жооп таптым. Бир катар жылдан бери моданы окуп-таанып, өз көйнөктөрүмдү жасап жатам. Себеби Кыргызстанда башкаларга көрсөтө турган нерсе абдан көп, көп элдер аны билбейт. Европада азыр мода кайсы багытка кетип жатат - Леди Гага. Көчөгө чыксаңыз кара, боз түстөрдү көрөсүз. Мен көйнөктөрүмдү кийип чыксам бардыгы карашат.

Жакында Миланга барып келдим. Бул шаар дүйнөлүк моданын борбору саналат эмеспи. Миландын көп дүкөндөрүн кыдырдым. Көчөнүн оң жагындагы дүкөнгө кирсем, сол жагындагы дүкөнгө кирсем деле кийимдердин бардыгы бирдей түстө, бирдей үлгүдө. Ошондо мен кичинемден апамдан үйрөнгөн кыргыздын саймасы, курагы менен азыркы заманбап моданы айкалыштырып жасасам, андай нерсе эч жерде жок экендигин түшүндүм. Мен алектенип жаткан иш бул жерде жаңы багыт катары чыгат деп ойлойм. Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү азыркы заманбап үлгүгө өткөрүп, Европада көрсөтсөк, балким жаңы мода пайда болот.

P.S. "Азаттыкка" тартуулаган сүрөттөрү үчүн Гүлнур Тоялиевага ыраазычылык билдиребиз. "Гүлнур" жараткан модалуу кийимдер тууралуу http://www.gulnur.eu интернет сайтынан таанышууга болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.09.2011 01:33
Гульнур!очень интересная коллекция в стиле Киргизского этно!
Понравились ткани которые вы используете для своих идей!Вполне жизнеспособные вещи,которые украсят любую девушку!
Дальнейших вам успехов!


кимден: Асатилла каяктан: Австрия (Грац)
23.09.2011 01:01
Гүлнүр, азамат коллекцияларың аябай жакты, жөнөкөй гана стилде кыргыздын оймо-чиймелерин керектүү жерде колдонуп, ал жакка бул жакка чоюп татаалдаштырбай, кийген кыздардын ажарын ачыпсың. Жогорто Амирбек айткан пикирлерге толугу менен кошуламын.*Кыбыраган кыр ашат* дегендей издене берсең сөссүз ийгиликке, максатыңа жетип, жашоодо өз ордуңду табасың. Сага чыгармачылык ийгилик

кимден: Гулнур каяктан: Вена
22.09.2011 00:06
Кымбатту жердештер, мени колдогон бардык жакшы ой-пикирлеринерге чон рахмат, окуп аябай кубандым. 19-сентябрьдагы корсотмонун суротторун фэйсбукта "Gulnur Fashion" деген атайын ачкан баракчамда корсонор болот.
Чыгармачылыгыма кошумча айтып кетким келет - менин даярдаган модельдерим кыргыздын гана улуттук кийимдерин замандап улгусу менен чектелбестен, бардык Борбордук Азиянын кол онорчулугу курчалат, башка соз менен айтканда менин тандаган темам Улуу Жибек Жолу. Бирок албетте, негизи кыргыз кол онорчулугу колдонулат.
Силерге да ийгилик, ден-соолук, тынчтык каалайм. Гулнур

кимден: Ayim каяктан: Bishkek
21.09.2011 17:30
Койноктор абдан жакты, баардыгы укмуш экен. Башка дизайнерлерден айырмаланып койноктордо бытылдап эле ар жеринде оймо чийме боло бербей,азыраак экен. Курактан жасалган койноктор озгочо жакты!!!

Бир жакпаган жери, өзбөктөрдүн "аллас" көйнөктөрү болду. Жана да модель кыздарга өзбөк топу кийгизип койгону жакпады. Өзу интервьюда айтып жатпайбы мен улуттук кийимди модернлештирип жатам деп, андай болсо өзбөк кийчү кийимдер бизде салттык кийим катары эсептелбейт да...

кимден: Амирбек Азам уулу каяктан: Прага
21.09.2011 15:48
Гүлнурдун Кыргызстандын түштүгүндө ушу азырга чейин сакталып келаткан стилди өнүктүрүп, заманбап европалык бычым менен айкалыштырып, аялзаттын көркүн ачкан кийимдери мага жакты. Дагы чоң ийгиликтерди жана сен жараткан моделдериң атактуу подиумдардан көрсөтүлүшүнө тилектешмин. Анан да европалык аялдар боз кийинишет деген сөзүңө карата өз байкоомду кошо кетейин. Бул алардын табиятына жана менталитетине, ошондой эле кийимге Кыргызстан жана башка пост-советтик өлкөлөрдөгүдөй чоң маани беришпегенине байланыштуу го...Мурда тартыштыкта чоңойгон экс-советтик адамдар -дайыма кийимди тандоо мүмкүнчүлүгү болгон Батыш Европалыктардан айырмаланып- алиге кийим-кечеге көздөрү тоюп, карк боло элек. Кийим Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө көпчүлүк адамдар үчүн өзгөчөлөнүүнүн, социалдык статустун жана байлыктын белгиси болуп жатпайбы.
Гүлнара дагы ирет чоң максаттарыңызга жетүүңүзгө тилектештигимди билдирип, талантыңызга таазим эте Амирбек

кимден: Azat каяктан: Australia
21.09.2011 15:03
Biz bir jerden bolobuz. Mektepte okup jurgondo ele ashyk bolchum bul kyzga, men bir eki jash kichumun.kiin bir universitette okuganduk ayabai suloo bolup ketken eken. Iyigilik kaalaimyn Gulnur saga ! :) Kazyrda kelbeti kelishken sulu eken

кимден: Nazgul каяктан: Bishkek
21.09.2011 07:47
Kyrgyzdyn kyzdar ushundai kiyinish kerek, chachty ekige oryp, chyptama,koinok kiyip.

кимден: Ысматтила каяктан: Баткен
21.09.2011 00:28
ме ме мен .. жон эле эмне айтаарымды да билбейм. Кыргыздын кыздары мындай ийгиликти жаратып жатса саясатчы соройлорун, чиновниктерин (Мадымаров, Турганбаев, Атамбаев, Кулов, Жапаровдор) бар энергиясын кайдагы бир чылага сарптап жатышат. Суппер! Гулнур мен сени суйом.. сендей чыпчырайлуу, жанычыл, реалдуу кыздар мене мекендеш экениме сыймыктанам

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине