Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Капкаксыз кудук наристенин өмүрүн алды


Оозу ачык кудукка түшкөн Азада сууда төрт саат жаткан.
Оозу ачык кудукка түшкөн Азада сууда төрт саат жаткан.

Ошто көчөдө ойноп жүрүп жоголгон төрт жашар кыздын жансыз денеси жол боюндагы капкагы жок кудуктан табылды.

Көзү ачык кеткен наристенин жакындары укук коргоо органдарына арыздануудан баш тартты. Ошондуктан факт боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бала өмүрүн алып кеткен кудуктун капкагы дагы деле ачык бойдон жатат. Укук коргоочулар айыптууларга карата кылмыш иш козгоону талап кылууда.

Апасы базарга иштегени кетип, дайыма тагасынын кароосунда калган Азада ошол күнү көзөмөлсүз калган. 9 жаштагы агасын ээрчип көчөгө чыккан бойдон жоголгон кыздын жансыз денеси 4 саат бою сууда жатканын соттук-медициналык экспертиза тастыктады. Бул окуядан кийин Азаданын тагасы Ганыжан Абдуллаев үстү ачык жаткан кудукту эптеп жаап койгонун айтты:

- Өзүм жаап койдум. Бирок көчөдөгү башка кудуктардын баары ачык жатат.

Ташлак айылынын дагы бир тургуну Махарам Сабирова бийликтен жолдогу ачык жаткан кудуктарды жаап коюуну суранат:

- Бул жерде бала-чака ойнойт. Алардын коопсуздугу үчүн ачык кудуктарды жаап коюшса болот эле.

Ташлак айылынын эл башчысы Эргешбай Жороев көчөдөгү кудуктардын капкагын буга чейин үч жолу жапканын билдирди:

- Азыркы тапта уурдалган кудуктун бетине тактай коюп, топурак чачып койдук. Темир капкактарды базардан акчага сатып алып үч жолу өз колум менен жаптым. Бирок улам уурдап кетип жатышат. Темир экен. Темир пул болуп калды.

Азаданын жакындары окуя боюнча эч кимди күнөөлөп, милицияга арызданган жок. Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн билдиришинче, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок жабыркаган тарап арызданбагандыктан бул окуя кокустук деп бааланып, иш кыскартылган. Бирок укук коргоочу Залина Абдулхакова кыздын өлүмү боюнча бир нече кылмыш иши козголушу керек болчу деген пикирде:

- Балдардын укугун коргоо бүтүн бойдон мамлекеттин моюнунда. Кудукка түшүп кеткен кыздын өлүмү боюнча кароосуз калган кудуктун ээсине, жергиликтүү бийликке карата кылмыш иши козголуш керек болчу.

2012-жылы да Оштун Навои паркында капкагы жок кудуктун айынан наристе өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG