Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Ырыскелди үмүтүн үзбөйт


Өткөн жылы Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөктү алмаштыруу операциясы жасалган. 20-январда Беларустун дарыгерлери Кыргызстанга келип, дагы 5 кишиге донордун бөйрөгүн салат.

Алардын арасында экөө - балдар. Операцияны чет өлкөдөн 35-40 миң долларга жасатканга каражаты жок отурган 11 жаштагы Ырыскелдиге 7,5 миң долларга атасынын бөйрөгү салынмай болуп жатат.

Беларустан келаткан дарыгерлер бөйрөгү иштебей калган беш кыргызстандыктын бөйрөгүн алмаштырып беришет. Бул тууралуу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев айтып берди.

- Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бекитилген сумма бар. Операция болжол менен 7,5 миң долларга жасалат деп жатабыз. Дарылардын баары ошонун ичинде болот. Минскте мындай операцияга 50 миң доллар кетет экен. Анан врачтарга берилчү гонорар бар, балдардан ал алынбайт.

Кыргызстанда органдарды алмаштыруу борбору бар. Орган алмаштырууга 7-8 жыл мурда уруксат берилгени менен, былтыркыга чейин шарт жоктугунан андай операциялар жасалган эмес. Өткөн жылы Кыргызстанда алгачкы жолу чет өлкөлүк дарыгерлер бир кишинин бөйрөгүн акысыз алмаштырышкан. Андан кийин мындай операция дагы үч кишиге жасалган. Органдарды алмаштыруу борборунун директору Талгат Осмонов буларды билдирди:

- Бизде бир тууган жана ата-эненин бөйрөгүн салууга гана уруксат берилген. Азыр алыс туугандарын донор кылам дегендер келип жатышат, бирок биз мыйзамдан чыга албайбыз. Ал эми башка өлкөлөрдө жол кырсыгында каза тапкандардын органын алса болот, бейтааныш адамдардыкын сатып алышат.

Азырынча Кыргызстандын менчик клиникаларында органдарды трансплантациялоого уруксат жок. Мындай чектөө орган бизнесин алдын алуу максатында киргизилген.

Эртең-бүрсүгүнү жакындарынын бөйрөгү салына тургандардын арасында президент 250 миң сом берген 15 жаштагы Алманбек Рахматуллаев бар. Ал Түркияда 35 миң доллар турган операцияны Бишкектен жасатмай болууда. Экинчи бала - 11 жаштагы Ырыскелди Камчиев.

Биз Ырыскелдини ооруканага жаткырар алдында үйүнө барып кабар алдык. Ырыскелди врач болгусу келет экен:

- Медициналык билим алгым келет. Кийин саламаттык сактоо министри болсом дейм. Ал үчүн биринчи окуш керек, көп эмгек кылыш керек.

Апасы Бумайрам Юсупова баласынын ден соолугу болсо, келечектен көптү үмүттөндүрөт дейт:

- “Чоңойгондо жердин алдынан ар бир айылга жете турган жол салам, жердин үстүндөгү жолдордун баарын башкача шаар кылам” деп калат. Ага көп каражат керек, Кыргызстанда аны жасаганга болобу десем, “мен чоңойгонго чейин жакшы болуп калат” дейт. Өзү жакшы гана тилек кылат. Мектептен жалаң "5" алып келчү. Ата-энелер чогулушунда менин баламды гана үлгү кылышчу. Класс жетекчиси келип, "жакшы окугандан көрө ден соолугуң эле чың болуп жүрсөң болмок" деп ыйлап кетти.

Ырыскелди бир жылдан бери мектепке барбай калды. Эки бөйрөгү тең соолуп баратканын врачтар айтышкан. 2004-жылдан бери бир нече операцияны башынан өткөрдү. Ырыскелди 2004-жылы ооруп калганда ата-энеси Чоң-Алайдан борборго алып келген. Андан бери шаарда турушат.

Ырыскелдинин ата-энеси Пакистанда сунушталган 35-40 миң долларлык операцияга каражат табуудан үмүтүн үзүп койгон эле. Эми минтип 7 жарым миң долларга Кыргызстанда атасынын бир бөйрөгүн салууга мүмкүн болуп турат. Бирок учурда жумушсуз, шаар четинде батирде жашап жаткан бул үй-бүлө үчүн аталган сумманы да табуу кыйын болуп жатат. Ал эми Беларустун дарыгерлери ушул аптанын соңунда саналуу гана күнгө келишет.

11 жаштагы бала келечекке илгери үмүт менен карайт:

- Жакшы болуп кетсем классташтарым менен окугум келет. Ошого бир аз жардам берип койсоңуздар жакшы болот эле.

Ырыскелдиге бул сөздөрдү эч ким үйрөтпөйт. Үй-бүлөсүндөгү абалды баарынан жакшыраак түшүнгөн бала университетти кызыл диплом менен бүтүрөм деп самап, Кыргызстан кийинки олимпиададан медаль алып келсин деп тилейт экен. Ал бильярдчы Каныбек Сагынбаевди кумир тутат. Анткени анын Кыргызстандын желегин бир нече жолу дүйнөгө желбиреткени сыймыктандырат экен.

Ырыскелдиге жардам бергиси келген кайдыгер эмес адамдар үчүн маалымат:

Бишкек, "РСК" банкынын Чүй филиалы
Банктагы эсеби 1290042120020073
Банктагы идентификациялык коду 129004
Төлөм түрү ЛС И-00198

Юсупова Бумайрам Ражабовна, тел: 0 554 17 66 65, 0 555 80 08 54
XS
SM
MD
LG