Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Бишкекте өзбекстандык качкын жоголду


Анжиян окуясынан кийин Кыргызстандын аймагына качып өткөн өзбек качкындары. Кыргыз-өзбек чегиндеги Бараш айылы, 19-май, 2005.
Анжиян окуясынан кийин Кыргызстандын аймагына качып өткөн өзбек качкындары. Кыргыз-өзбек чегиндеги Бараш айылы, 19-май, 2005.

Бишкекте өзбекстандын качкын Шухрат Мусин дайынсыз жоголду. Ал 2005-жылдагы Өзбекстандагы Анжиян окуяларына байланыштуу куугунтукка кабылып, 2008-жылдан бери Бишкекте качкын катары жашап жүргөн.

Мусиндин жакындары аны Кыргызстандын күч органдары кармап же коңшу өлкөнүн атайын кызматтары чыгарып кетиши мүмкүн экенин айтышууда.

Өзбекстандык качкын Шухрат Мусиндин Бишкекте дайынсыз жоголгонун анын жубайы Барно Гайбердиева ачыккка чыгарды. Анын айтымында, 2008-жылдан бери Бишкекте жашап жүргөн Шухрат Мусин 18-февралда үйүнөн чыккан бойдон белгисиз:

- 18-февраль күнү эртең менен жумушка чыгып кеткен. Кетээр алдында бирөө телефон чалыптыр. Ошондон бери дайыны жок. Мен ал күндөрү Жалал-Абаддагы ата-энемдикинде болчумун. Ошол күнү эртең менен телефон чалып, Бишкекке чыкканы жатам десем, “келе бер, тосуп алам” деген. Андан кийин эле телефону өчүп калды. Батирде чогуу жашаган бала бар эле, ага деле эч нерсе айтпаптыр.

Барно Гайбердиева күйөөсү жоголгону тууралуу 19-февралда качкындардын укугун коргоо жаатында иш алпарган “Адилет” укуктук клиникасына кайрылат. Ал клиниканын адистери дароо Бишкектин Свердлов РИИБисине арыз жазышып, издөө жарыяланган.

Учурда бул ишти көзөмөлдөп жаткан “Адилет” укуктук клиникасынын юристи Тимур Султановдун айтымында, Мусиндин дайыны алигиче беймаалым:

- Биз эртеси күнү анын жубайы менен биргеликте бардык укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Алар азырынча эч маалымат жок экенин айтышууда. Бул боюнча опер кызматкерлер иликтеп жатышат. Биз алар менен тыгыз маалымат алмашып иштеп жатабыз. Бирок дайын-дареги дагы деле белгисиз.

Султановдун айтымында, 29 жаштагы Шухрат Мусин Өзбекстандын Анжиян облусунан болот. Ал 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин өз өлкөсүнүн күч органдарынын куугунтугуна кабылып, 2008-жылы Кыргызстанга качып келген. Мусинге мекенинде Өзбекстан ислам кыймылы деп аталган тыюу салынган экстремисттик уюмдун мүчөсү деген айып тагылган. Андан соң Шухрат Мусин кыргыз бийлигине жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарына кайрылып, 2009-жылы ага качкын макамы берилген.

Бул комиссарлыктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хуршод Юнусовдун айтымында, азыр Мусинди башка өлкөгө чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткан:

- Биздин уюм Мусинди 2009-жылы качкын деп таанып, атайын макам бергенбиз. Бирок кыргыз бийлиги ага мындай макам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам Мусин Кыргызстандын аймагында жашоого укугу болгону менен качкындарга берилген толук укуктар таанылган эмес. Ошондуктан аны экинчи бир өлкөгө качкын катары баш паанек таап берүүгө аракет кылып жатканбыз. Бирок андан жыйынтык чыга элек болчу.

Юнусов билдиргендей, Анжиян окуясынан соң куугунтукка кабылган Шухрат Мусиндин атасы алгач Кыргызстанга келип, качкын макамына ээ болгондон кийин АКШдан баш паанек алган.

Мусиндин жакындары аны Кыргызстандын күч органдары же коңшу өлкөнүн атайын кызматтары чыгарып кетиши мүмкүн деп айтышууда. Себеби буга чейин Өзбекстандын атайын кызматтары 2010-жылы аны өткөрүп берүү өтүнүчүн Кыргызстанга жөнөткөн. Мындан соң Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Мусинди камакка алып, тергөө абагында 5 ай отуруп чыккан экен. Кийинчерээк укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен Башкы прокуратура Өзбекстандын эстрадициялоо өтүнүчүн четке кагып, Мусинди камактан бошоткон.

Бирок андан кийин деле жергиликтүү күч органдары аны утур-утур кысмакка алып келгенин жубайы Барно Гайбердиева мындайча айтып берди:

- Мен анын каякка кеткенин билбей турам. Бирок УКМК камакка алдыбы деп эле ойлоп жатам. Себеби буга чейин күйөөм 5 ай камалган. Андан соң да үйдү тинтишип, 30 миң сом берип араң кутулганбыз.

Анткен менен УКМК мындай дооматтарды четке кагууда. Аталган комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Жоодар Исакунов буларды айтат:

- Ал киши бизде кармалып чыккан соң эч кандай басым-кысым болгон эмес. Кармалып чыккандан кийин кайда экенин да билбейбиз. Учурда бизде камакта эмес. Издөө иштерин болсо ИИМ көзөмөлдөп жатат.

Ал ортодо Мусиндин дайынсыз жоголушуна байланыштуу эл аралык Human Rights Watch уюму баш болгон бир катар укук коргоо уюмдары тынчсыздануусун билдирди. Алар учурда Өзбекстандын жараны Хабибулло Сулаймановду өз өлкөсүнө өткөрүп берүү аракеттери болуп жатканын, бул Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерине каршы келээрин эске салышты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG