Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Жалал-Абад: бийлик талаш боюнча иш сотто


31-май, Жалал-Абад
31-май, Жалал-Абад

Жалал-Абадда 31-майда облбийликтин имаратын ээлөөгө аракет кылган деп айыпталган төрт кишинин соту 4-сентябрда уланат.

26-августта айыпталуучулар жана эки күбө шаардык сотто көрсөтмө берип, "бийликти күч менен кармап туруу" жана "бийликти алууга чакырык таштоо" деген айыптарды четке кагышты.

“Ата-Журт” партиясынын камактагы үч депутатын бошотуу талабы менен 31-майда бир топ адамдар облустук бийликтин имаратына кирип кетишкен. Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 295-беренеси жана 297-беренеси боюнча төрт адамга кылмыш иши козголгон. 26-августта алар менен кошо бир нече күбө сотто өз көрсөтмөлөрүн беришти.

Облбийликтин өкүлү Маданбек Качкынчиев ошондо жергиликтүү администрация 164 миң сом чыгым тартканын айтты:

- Жалпысынан бизге 164 073 сомго зыян келтирилди. Ошондуктан, урматтуу төрага, күнөөлүүлөрдү аныктап, өкүлчүлүк тарткан материалдык зыянды өндүрүп берүү маселесин да карасаңыз.

Медер Үсөнов жана Жеңиш Токторбаев
Медер Үсөнов жана Жеңиш Токторбаев
Айыпталуучу Медер Үсөнов митингчилер бийликке үнүн жеткирүү ниети менен имаратка кирүүгө аргасыз болгонун айтты. Анын белгилешинче, "үч депутат жана Кумтөр боюнча Жети-Өгүздө кармалгандар бошотулсун" деген талап менен тынч мүнөздө акция өткөрүүгө жергиликтүү бийлик да уруксат берген.

Эл жабыла киргенде облбийликтин бир каалгасы сынганын ырастаган Үсөнов компьютер менен видеокамеранын талкаланганын четке какты. Ал көпчүлүк аны менен макулдашпай, ээ-жаа бербей, өкмөт өкүлүнүн кызмат ордуна өзүн көтөрүп барып, күч менен отургузуп койгонун билдирди:

- Эл "өзүбүздүн губернатор деп атап алабыз" деп кыйкырып, күч менен көтөрүп барып, мени ошол жерге отургузуп коюшту. Алар ким экенин деле билбейм. Мени ошол орунга отургузган адамдар менен тергөөдө беттештиришкен жок. Бийликке келүү максатыбыз жок болчу. Себеби мен биринчи жолу 2002-жылы Үзөңгү-Кууш сатылганда бийликке каршы чыккам. "Кыргыздын жери сатылбасын, кыргыз эли атылбасын" дегем. Бирок менин бийликке умтулуу ниетим жок.

Айыпталуучу Жеңиш Токторбаев да өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жок. Анын айтымында, имаратты күч менен басып алгыдай, митингчилерде курал болгон эмес жана облбийликтин, же тартип коргоо уюмдарынын кызматкерлери окуя маалында жабыр тарткан эмес.

Ал Эркиндик көчөсүнө кум-шагыл төгүлгөнүн жана чакан машине менен күйүүчү май ташылганын да көрбөгөнүн айтып, көпчүлүккө маселе облбийлик аркылуу чечилбей турганын түшүндүргөнүн, бирок митингчилер ага кулак салбай, чагымчылдыкка алдырып ийишкенин ырастады:

- Обладминистрацияга киргенде эле бир нерсе чечилип калмак беле? Эч нерсе чечилбейт. 31-майда 600-700 адам болду. Ошо күнү да, ага чейин да биз "жигиттер, мындай болбойт, тартипти сактайлы, мыйзамды бузбайлы" деп айтып турдук. Бирок кандайдыр бир үчүнчү күч дароо пайда боло калды. Ошолор күтүүсүздөн күйүүчү майларды, таштарды төктүртүп, “жүргүлө, кирели!” деп кыйкырып, чакырык таштады.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Садыр Каныбаев митингдерди мыйзамдуу жол менен өткөрүү керектигин айтат:

- Аянтта туруп эле өзүнүн ой-пикирин бийликке жеткиришсе болот эле. Эгер бийлик өз убагында келип, алардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөндө администрацияга кирүүгө кажети жок болмок. Бүгүнкү башкаруу системасы кайсы деңгээлде болбосун, обладминистрацияга кирүү – мыйзам бузуу. Адамдардын обладминистрацияга кирип барганы туура эмес.

Кийинки сот отуруму 4-сентябрга жылды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG