Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Бекназаров: Келдибековго катаал жаза суроого негиз жок


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Мамлекеттик айыптоочу-прокурорлор Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибековду 10 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону соттон сурады. Келдибеков өзү 3-ноябрдагы сотто күнөөсүн далилдеп, анан камоону суранды. Келдибековдун узак жылдарга кесилиши мүмкүнбү? Мына ушул жана башка суроолорго Акматбек Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров жооп берет.

“Азаттык”: Азимбек мырза, прокуратура Келдибековду он жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн конфискациялоону талап кылды. Соттун чечими кандай болот деп ойлойсуз?

Бекназаров: Менин оюмча, сот бир жылдан ашык мөөнөттөн бери соттук жыйында иликтенип, аныкталып, такталган далилдердин негизинде өкүм чыгарат. Анткени мамлекеттик айыптоочулар бир жылдан ашык мөөнөттүн ичинде бир дагы кошумча далил тапкан жок, бир дагы кошумча күбө чакырбай туруп эле мурдагы айыптоо токтомун кайрадан кайталап окуп койгондой болду. Болгону 10 жыл мөөнөттү кошуп койду.

“Азаттык”: Прокуратура Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча Келдибековдун кылмышы далилденди, мамлекетке 9 млн. сом зыян алып келгени аныкталды деп чыкты. Бул боюнча ондогон депутаттар көрсөтмө берди эле. Прокуратуранын чындыгы барбы?

Бекназаров: Биздин өтүнүчүбүз менен Москвада өкүлчүлүктү ачууга добуш берген 89 депутаттын 56сы келип, көрсөтмө берди. Алардын баары өзүбүз добуш бергенбиз, мыйзам бузуу болгон эмес, бул жерде Келдибековдун күнөөсү жок дешти. Ошол 89 депутат кол көтөрүп, ачылган өкүлчүлүк үчүн бир Келдибековдун жооп бергени күлө турган иш. Бирок ага карабай мамлекеттик айыптоочулар катаал жаза сурап жатышканы таңкалычтуу.

“Азаттык”: Азимбек мырза, бул сиз күткөндөй эле талапбы же иш катаал жагына бурулганынын белгисиби?

Бекназаров: Менин оюмча, мунун өзү бул иштин жасалма жана буйрутма экенин далилдейт. Ошол буйрук берип, жасалма иш козготкон адамдар дагы эле кызматта экенин көрсөтөт. Эгерде сот адилеттиги болсо сотто изилденген далилдер менен чечим чыгарат. Эгерде ага карабай чечим чыгарса, анда мурдагы Тургуналиевдин, Исаковдун, Бөлөкбаевдин иши сыяктуу бийлик алмашары замат эле жокко чыгарыла турган иш болуп калат.

“Азаттык”: Акматбек Келдибековдун камакка алынышы Алайда абалды курчуткан эле. Соттун чечими катаал болсо, кырдаал кандай болот?

А.Бекназаров: Соттун чечими андай катаал болот деп ишенбейм. Сот деле биздей юрист. Кантип эле бир жылдан ашык соттук иликтөө болсо, бир дагы кошумча далил келтирилбесе, сот өзү деле таңкалычтуу суроолорду берген учурлар болду, “кантип эле ушундай болсун” деген. Мисалы, Салык кызматынын башында тургандагы факты боюнча мөөр, кол коюлбаган аудиттин актысы менен иш козголгон. Ошонун өзүн сот окуп, ушундай да болобу деп жиберген учурлар болду. Ошондуктан сот далилдерге таянып, чечим чыгарат деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG