Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:00

Атайын баракчалар / Ош күндөлүгү

Жалал-Абад: Батыровдун иши боюнча сот өкүмү күчүндө калды

Жалал-Абад облсоту Кадыржан Батыров менен кошо 6 соттолуучунун апелляциялык арызын карап, баштапкы сот өкүмүн күчүндө калтырды.

Жалал-Абаддагы сот жараянынан. 31-январь, 2012.
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Облустук сот жыйынында ондой жабырлануучу көрсөтмө берди. Алар 2010- жылдын 14-19-май күндөрү Жалал-Абад облусундагы өзбек улуттук маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон университеттен атылган октон жараат алгандыктарын билдиришти.

Өткөн аптадагы сотто жабырлануучулар мурдагы губернатор Бектур Асанов менен “Ата Мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевди мажбурлоо жолу менен сотко күбө катары алып келүүнү өтүнүшкөн. Мамлекеттик айыптоочу экс-губернатор Бектур Асанов үйүндө болбогондуктан сотко келбегендигин билдирди.

Асылбек Текебаев бир жолу да чакыруу кагазын албагандыгын жана өзүнүн чакырылганын интернет булактардан билип, сотко өзү келгендигин айтты. Ал жактоочулар менен жабырлануучулардын суроолоруна берген жообунда 2010- жылдын 14-19- май күнү Жалал-Абадда эмес, өз үйүндө болгонун,муну өзү менен кошо бирге болгон 20 адам ырастаарын, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туугандарына караштуу Тейит айылындагы үйлөрдү өрттөөгө катышпагандыгын билдирди:

​​- 14-майда, Бакиевдердин үйү өрттөнгөн күнү мен Кадыржан Батыровду көргөн жокмун, Тейитте да болгон жокмун. Тополоң болгон жерде да, облустун борборунда да болгон жокмун. Бардыгы туура эмес көрсөтмөлөр. Үйдө болгонмун, жанымда жыйырма адам болгон, бардыгы далилдеп бере алат. “Ата Мекендин “ мүчөлөрү мен билгенден барган эмес, мен барбагыла дегем тааныгандарыма...

Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө көптөгөн жабырлануучулар “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн эки жыл мурдагы окуяларга катышы бар экенин тастыкташкан. Алардын көрсөтмөлөрүн кайра эстеткен жабырлануучу Бекболот Ибрагимов Асылбек Текебаевди ошо окуяларда көрбөгөндүгүн,бирок анын партиялаштарынын тополоңдо жүргөнүнө күбө экенин айтып чыкты:

- Базар-Коргондон келип, “Ата Мекендин” майкасын,кепкасын кийип, байрагын алып, Кадыржандын жанынан быяктан беш жүз киши чыкты, аяктан үч жүз киши келди. Биз ошо маалда тынчтыкты сактайлы деп жүргөн элек. Машина менен биз да аркасынан келдик,ошо экөөңүздөр толук келип, мынабу администрацияга келдиңиздер...

Жактоочулар мурда “ОшТВ” жана “МезонТВ” сыналгылары көрсөткөн тасмаларды кайра текшерүүдөн өткөрүүнү сунуш кылышты.Коомдук жактоочу Равшан Гапиров тасмалар туура эмес которулганын белгиледи. Бирок судья Амангелди Молдобаев ал өтүнүчтөрдү четке каккан токтом кабыл алды.

Жарыш сөзгө чыккан адвокат Рашит Музаффаров соттолуучу Кадыржан Батыров өзү уюштурган митингдерде өзбек автономиясы тууралуу эмес, адам укугу тууралуу сүйлөгөнүн мисал тутту. Ал ЖКнын экс-депутаттары Кадыржан Батыров менен Ином Абдурасуловдорду өмүр бою эркинен ажыраткан шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп,кайра тергөөнү сунуш кылды.

- Бир жактуу болуп атат. Кеткен кемчиликтердин ордун толтуруу үчүн жаңы тергөөгө кай тарылышы керек да. Дисктерди көрдүк.Ошо жерде Кадыржан Батыров “келгиле,тополоң кылалы, андай кылабыз, мындай кылабыз” дегени жок.Ошон үчүн биз өтүнүчтөрдү келтиргенде экспертиза өткөрөлү деп сурандык.

Соттук коллегия
​​
Бирок мындай кеңештерге жабырлануучулар менен окуялардын күбөлөрү макул болгон жок. Окуя маалында бутуна ок тийген ардагер Маданбек Кочкорбаев май, июнь окуяларынан жүздөгөн адам набыт болгонун белгилеп, алты соттолуучунун бардыгына жазаны күчөтүү жагын суранды.

Соттолуучулардын апелляциялык арыздарын териштирүү боюнча облустук соттук коллегия 31-январда ишин жыйынтыктап, Жалал-Абад жана Ош облустарынын өзбек улуттук маданий борборлорунун башчылары болушкан Кадыржан Батыров менен Ином Абдурасулов баш болгон алты соттолуучуга карата Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын 28-октябрында чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.

Анда Жогорку Кеңештин аталган эки экс-депутатын өмүр бою эркинен ажыратуу менен үй-мүлктөрүн мамлекетке чегерүү, калган төрт соттолуучунун экөөнүн ар бирин жыйырма жылга, бирөөсүн өн төрт жылга, дагы бирөөсүн алты жылга түрмөгө кесүү өкүмү чыккан.

Соттолуучулардын жактоочулары облустук соттун өкүмү боюнча эч кандай пикирлерин билдиришкен жок. Анткени алар өкүм угузулаар маалда сот ишине катышпай, кетип калышкан болчу.

Бул сот иши башкы айыпталуучуларсыз өтүп, өкүм сыртынан угузулду. Анткени Кадыржан Батыров да, Ином Абдрасулов да ошол 2010-жылдагы калабадан кийин эле өлкөдөн чыгып кеткен. Буга чейин Кадыржан Батыров Швециядан баш паанек алганы кабарланган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жакып каяктан: Жалалабад
07.02.2012 12:21
Убактыуу окмот дегенин,азыркы бийлик дегенин Батыропту издеп атабыз дегени жалган окшойт. Рамазан Дырылдаев Стокгольмдан келатып, Батыровду Туркиядан коргонун , эй сени интерпол издеп атыптыр го десе, ал кулуп койгонун айтып бербедиби! Анан Батыров озун актоо жонундогу арыздарын кээде Озбекстандан ,кээде Россиядан жиберип атканы тууралу анын кылмыш ишин карап жаткан соттордо маалымдалган. Демек, бу бийлигин кып-кызыл жалганчы турбайбы! Эгер Батыров менен келишими болбогон болсо, аны эмне кармай албайт?Эмнеге аны интерполдун издоосуно бербей атат? Демек, Батыров убактылуу окмот менен азыркы бийликтин абийирин, кызылдай жалганчы экенин ачып коерун алдыртан билип турушат да! Байкуш алданган шайлоочулар

кимден: Кыргызстан жарааны каяктан: Жалал-Абад шаары
01.02.2012 18:32
Асылбек Текебаев калпычы турбайбы. 15-май куну Батыров Университенин алдында болгон митингдин видеотасмасын интернеттен бул сайттан http://www.fergananews.com/article.php?id=6931 корсонуздор болот. Ал жерде Асылбек Текебаев, анын жанында куралын курткасынын ичине каткан Ата Мекенчи турат, анан Бектур Ааснов, Кадыржан Батыров, Тайкожо Гиязовдор турушат. Буга Асылбек эмне дейт болду экен.

кимден: Arhai каяктан: Ош
01.02.2012 16:57
Асылбек Текебаев актанбасын, кудай уруп кетет. Жалал-Абаддын Байэл базарынын жанында 400го жакыны топтолуп келип, ЖТРди басып алышканда Курал-жарак, формачан болуп, автомат асынып келген. Ата Мекендин байрагы жайнап кеткен. ЖТРдин балдарынын айрымдарын уруп, тешиктен араң качып чыгышкан. Анан Батыровдун бекинип жаткан балдарына кошулуп, обладминистрацияны көздөй кетишип, Бакиевчилер менен атышышкан, курмандыктар болгон, Бакиевчи спортсмендер ж.б. Ата Мекенге ооп кеткен деп, окуянын күбөлөрүнөн жана маалыматтардан көп укканбыз, достор. эки жылдан кийин бурмаланы кетет экен да, чиркин...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.02.2012 14:21
Рашит Музаффаров акчаны Батыровдон долларлап алгансын го ченимде,же козун жакшы корбойт же жакшы укпайсын.Батыровго негизи олум жазасы берилиш керек.Канчалаган бей куноо адамдар кырылбадыбы.Кан кое бербейт .

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)