Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Ооруканага берилген жердин жаңжалы


Төлөйкан ооруканасы
Төлөйкан ооруканасы

Кара-Сууда 82 жаштагы ардагер оорукана куруу үчүн өкмөткө өткөрүп берген жерди башкы дарыгер менчиктештирип жатканына чара көрүүнү сурап президентке даттанды.

Кара-Суудагы Кызыл-Кыштак айылынын ардагери Максытали Мансуров айылдык оорукананы ижарага алып, жеке клиника катары иштетип жаткан Авазхан Ташбулатов оорукана жерлерин жең ичинен менчиктештирип жатканын айтып чыкты.

Ардагердин маалымдашынча, ижарачы болгонуна карабай мамлекеттин мүлкүнө кол салып жаткан Ташбулатовго чара көрүүгө жергиликтүү бийликтин да, тартип коргоо органдарынын да алы келбей жатыптыр. Мындан улам 82 жаштагы ардагер Максытали Мансуров оорукана жерин менчиктештирип алган Ташбулатовго чара көрүүнү президенттен талап кылып отурат.

- Бул жер оорукананын жери болчу. Эми Авазхон Ташбулатовдун жери болуп менчиктештирилип кетти. Оорукананын жерин өз мүлкү кылып алганга кандай акысы бар? Элдин мүлкүн ээлеп алууга уруксат бербейбиз. Оорукананын жери эч кемибей, элдин мүлкү болуп калуусун талап кылам.

Максытали Мансуров
Максытали Мансуров

Айылдын ортосунда бир гектардан ашык аянттагы бак-дарактуу жерден орун алган Төлөйкөн ооруканасында жети имарат бар. Анын экөө гана жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна караштуу болсо, калган аянт жана андагы беш имарат жеке ишкер Авазхан Ташбулатовго ижарага берилген. Ал 2009-жылы айылдын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеп турган учурда андагы жети имараттын бирин 5 сотых жери менен кошо кызы Хилола Ташбулатовага менчиктештирип берген.

Авазхан Ташбулатовдун уулу Фарух Ташбулатов алардын бардык аракеттери жергиликтүү бийликтин макулдугу менен коштолгонун айтат.

- Бул жерди биз ижарага алган учурда кандай абалда болгону боюнча далил сүрөттөр бар. Азыр бул имараттар өкмөттүн карамагында турат. Оорукананын бир да жерин басып алган эмеспиз. Аны бизге айыл өкмөт берген. Ал боюнча азыр текшерүү иштери жүрүүдө.

Талашка түшкөн жер
Талашка түшкөн жер

Бирок Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары оорукана жерин менчиктештирүүгө уруксат берилбегени тууралуу Кара-Суу районунун прокуроруна тил кат жазып беришкен.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн орун басары Шакиржан Сайфудинов ал жердин өз алдынча менчиктештирилгени боюнча сотко кайрылганын билдирди.

- Жергиликтүү тургундар оорукана чыры боюнча арыз менен бизге кайрылышты. Анан биз айыл өкмөттүн юристи, жер адистери, архитектура жана мамлекеттик каттоо кызматы менен кеңешип, оорукананын аянтын тактоо боюнча сотко кайрылганбыз. Анын жыйынтыгы бир апта ичинде чечилиш керек.

Ооркананын аймагына үйлөр курулууда
Ооркананын аймагына үйлөр курулууда

Ардагер оорукана жерин башкы дарыгерден коргоп жаткан арада жакын жашаган тургундар да оорукана аймагына үйлөрдү кура башташкан. Оорукана аймагын тосуп алгандардын бири буларды айтты:

- Бизге ушул жерди ачып койгула дешкен. Биз макул болдук. Бирок тосмолорду азыр ачкыла деп бизге эч ким келе элек. Келсе эле ачып коёбуз.

Ал эми дагы бири жер атасынан калганын бетке кармады:

- Бул жерде 35-40 жылдан бери жайкы үйүбүз бар. Үй курулуп турган жер мага караштуу. Оорукананын жерине убактылуу гана курулуш курганбыз. Аны алып коёбуз. Бирок үй турган жердин ооруканага тиешеси жок.

Азыркы Төлөйкөн ооруканасынын жери Максытали Мансуровдун атасы Пайзулло Мирзажанов тарабынан 1950-жылдары колхозго өткөрүлүп берилген. Ал жер 50-жылдары азыркы Кызыл-Кыштак, мурунку Правда колхозунун кеңсеси болгон. 1965-жылдан тарта колхоз кеңсеси башка жакка көчүп, ал жер айылдык оорукана болуп калган. Андагы имараттардын баары Правда колхозунун каражатына курулган. Өзүн жердин түпкү ээси деп санаган ардагер ал аянттын бир метри да кемибей, элдин мүлкү катары сакталып калуусун кааларын айтат.

XS
SM
MD
LG