Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:59

Павлюктун өлүмү үчүн чекисттер камалды


Геннадий Павлюк 2009-жылы Алматыда өлтүрүлгөн.
Геннадий Павлюк 2009-жылы Алматыда өлтүрүлгөн.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен УКМКнын эки кызматкери камакка алынды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура 7-апрелде билдирди. Павлюк 2009-жылы Казакстандын Алматы шаарында киши колдуу болуп каза тапкан. Бул факт боюнча атайын кызматтын бир өкүлү баш болгон үч адам соттолгон. Оппозициялык күчтөр журналисттин өлүмү боюнча ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын күнөөлөп чыккан.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматына ылайык, журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлардан улам тергөө тобу түзүлдү. Прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов УКМКнын эки кызматкери Казакстандан келген материалдардын негизинде камакка алынганын маалымдады:

- Ушул жылдын 5-апрелинде Казакстандын Башкы прокуратурасынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасына журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген УКМКнын эки кызматкерин кылмыш жазасына тартуу боюнча материалдар келип түшкөн. Ушул иш боюнча УКМКнын эки кызматкери кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.
Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иш тергелип бүтүп, Алматы соту 2011-жылы өкүм чыгарган. Кыргызстандын медиа өкүлү Акмат Алагушев соңку жагдай боюнча түкшөмөл суроолор көп экенин айтууда:

- Бул маалымат чынында кызыктай болуп жатат. Павлюктун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде өкүм чыккан болчу да. Анан кармалган эки кызматкер кандайча илинип калганы белгисиз. Азыр эми аны-муну айтуу кыйын болуп жатат.

Журналист Павлюк ошол кезде оппозицияда жүргөн “Ата Мекен” партиясы менен пикирлеш, санаалаш болгон. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев күч түзүмдөрү мурунку бийликтин тушунда кыңыр иштерге аралашкан кызматкерлерден арыла албай жатканын сынга алды:

- Коопсуздук кызматында Бакиевдердин убагында иштеген адистер дагы деле иштеп жатат. Алар бизнесмендерди, саясатчыларды, журналисттерди коркутуп-үркүтүп, аларды аңдып, компромат чогултуп аларга кысым көрсөтүү багытында иштечү. Павлюк дагы КГБнын атайын тапшырмасы менен өлтүрүлгөн. Ошого катышкан кээ бир офицерлерден казак укук коргоо органдары ошол кезде эле шек санаган. Тилекке каршы, биздин коопсуздук кызматы ушундай адистерден тазаланбай келе жатат. Шектүү иштерге катышкан, адамдардын фундаменталдык укуктарын бузган, атүгүл өлтүргөнгө чейин атайын операцияларды жасаган адамдар бүгүн укук коргоо органдарында иштеп келе жатат. Тескерисинче, кээ бирлери кызмат абалынан да жогорулоодо.

​Текебаев күч органдарынын тазалана албай жаткан себебин саясий эрктин жетишсиздиги менен түшүндүрдү:
Өмүрбек Текебаев казак полициясына көрсөтмө берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 25-март, 2010-жыл
Өмүрбек Текебаев казак полициясына көрсөтмө берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 25-март, 2010-жыл
- Айрыкча укук коргоо органдарында Бакиевдин убагында элге каршы тапшырмаларды аткаргандардын тизмеси сөзсүз түзүлүшү керек. Кара тизме сөзсүз болушу керек. Эми алардын кылгандарынын баарын эле далилдей албайсың, тааныштары, колунда акчалары бар экен. Эшиктен куусаң, кайра эле тешиктен кирип, массалык түрдө укук коргоо органдарына кайра келип жатат. Муну угуп-көргөн коомчулук нааразычылыгын да айтып жатат. Ошондуктан бул мамлекет, бийлик көңүл бура турган маанилүү маселелердин бири.

2009-жылы декабрда Казакстандын Алматы шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун колу-бутун байлап алтынчы кабаттын ыргытып жиберген. Журналист оор абалда ооруканага түшүп, алты күндөн кийин каза тапкан. Бул окуя боюнча Казакстанда кылмыш иши козголуп, үч адам камакка алынган. Сот болуп кыргызстандык жаран, атайын кызматтын мурдагы өкүлү Алдаяр Исманкулов 17, казак жарандары Шалкар Уразилин 11, ал эми Алмаз Игиликов 10 жылга эркинен ажыратылган.
Журналисттер Саипов менен Павлюк эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

Геннадий Павлюктун өлүмү менен Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү түздөн түз байланышта экени айтылган.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда журналисттерге кол салуу, коркутуп-үркүтүү фактылары көп болгон.

XS
SM
MD
LG