Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Нарын шаарында окуучу кыз үч тилде эркин сүйлөйт


Касиет Мамбеткул кызын Нарында вундеркинд деп аташат. Ал мектеп босогосун 5 жашында аттап, өзүнөн эки жаш улуулар менен бир партада отурат.

Жапон тилиндеги “Тээ тиги киши” деген поэмадан үзүндүнү жатка айткан Касиет Мырзакул кызы ушул ыр менен эки жыл мурда Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги өткөргөн сынактан биринчиликти жеңип алган. Касиет аты кызык бул поэманын кыргызча маанисин чечмелеп берди. Көрсө жалган айтпаган бир киши болсо, аны көрүп башкалар да жалган айта алмак эмес дегенди эле билдирет экен.

“Азаттык”: Жалган айтпаган киши болушу мүмкүнбү?

Касиет Мамбеткул кызы: Мүмкүн дүйнөдө бар го, бирок ал киши президент эмес.

Жапондордун оригамисин мага жасап берип жатып Касиет эмнеге жапон тилине көңүл кушун салып калганын баяндап берди.

Касиет Мамбеткул кызы: Оригамиден мен Бакыт кушун жасап берем. Бир ооруп калган кыз ушундай кагаздан көп жасап айыгып кеткен, ошондон кийин ал ден соолук алып келген бакыт кушу деп аталып калган.

“Азаттык”: Азыр абдан керек деп англис, орус тилин үйрөнүшөт. Сен эмнеге жапон тилин тандап алдың? Волонтерлерлор да келген, андан сырткары жапон тили оор жана өзгөчө эмеспи. Канча тамгасы бар?

Касиет Мамбеткул кызы: Жети миң болот, бирок көбүнчө өздөрү 3 миң тамгасын билишет. 1-6 класска чейин өзүнчө мектеби бар, андан бир миң тамгасын үйрөнүшөт, кийинкисине дагы бир миң үйрөнүшөт, анан университеттен калган миңин үйрөнүшөт.

“Азаттык”: Жапондордун канча тамгасын же иероглифин билесиң?

Касиет Мамбеткул кызы: Мен 200-300 билем, аябай оор тамгалары, бир эле иероглиф эки маанини түшүндүрөт.

“Азаттык”: Тилибизде окшоштук барбы?

Касиет Мамбеткул кызы: Тилибизде окшоштук деле жок, бирок грамматикабыз окшош.

“Азаттык”: Окубай деле соода-сатык менен көп акча тапса болот деп атышпайбы. Анча жаныңды кыйнап, окубай эле койбойсуңбу?

Касиет Мамбеткул кызы: Жок, мен андайды каалабайм. Билим алып Кыргызстанга көп жетишкендиктерди алып келсем дейм.

“Азаттык”: Жапонияга анча кызыккан соң барып келгендирсиң, ээ?

Касиет Мамбеткул кызы: Ооба, барып келгем. Мага ал жакта чоочун киши болсо да кагып силкпей жооп берет экен, ошол жакты. Тоенака шаарында окуп келдим, мектебинде бассейин бар экен, сабакты ошол жактан да өтөт экен.

“Азаттык”: Курбуларыңа окшоп, көнүл ачасыңбы же кадалып кечке эле сабак окуй бересиңби?

Касиет Мамбеткул кызы: Ар кандай болот, кээде бош убакыт көп болот.

“Азаттык”: Келечекте ким болгуң келет?

Касиет Мамбеткул кызы: Дизайнер болгум келет, бизде ал анча өнүгө элек. Кытайдын кийимин эмес, башкача кийинсе болот эле.

“Көздүү мончок жерде жатпайт”

Биз ушинтип сүйлөшүп бүткөнчө Касиет жапондордун Бакыт кушун жасап, мага белек кылды. Бул секелек кызы орус, англис жана жапон тилдеринде сүйлөй алат. Анын Айкөкүл аттуу курбусу буларды айтат:

- Класста жакшы окуйт. Бизден кичине болсо да жакшы окуйт, жакшы көрөбүз. Касиет сулуу кыз, кээде оригами белек кылат, биз да андай болгубуз келет.

Касиеттин апасы Жыпара кызынын жапон тилине өтө кызыкканын, эми жапон тилинде борбор ачылганын кеп салууда.

- 5-6 бала кызыгып баштаган, анан оор болуп таштап коюшту айрымдары. Борбор ачылып, эми башка мектептерден окуучулар келип окуй башташты.

Өзүн Айсулуу деп тааныштырган жапон кыз Нарынга келип иштеп жаткан экен. Ал өзү Касиеттен түймө түйгөндү үйрөнүптүр, аны менен катар бири бирине тил үйрөтүшөт.

- Касиеттин үйүнө турдум, жапончо сүйлөшө алам, ал мага кыргызча жардам берет, түшүнбөсөм үйрөтөт, түймө да үйрөндүм.

Касиет жапон тилинин 5 жана 4 баскычын өтүп, эми иероглиф үйрөнүү боюнча кийинки үчүнчү баскычтагы сынагына даярданып жаткан кези. “Таланттар айылдан чыгат” деген аксиомага дагы бир сыйра ынанбай койбойсуң. Алар өз киндиктерин өзү кесип, улуу ааламга чыйырын салып жатышпайбы.
XS
SM
MD
LG