Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Нарын: жайкы кардын азабы


Кар түшкөн жайлоодогу малчы теребелге дүрбү салууда, 19-июнь, 2013.
Кар түшкөн жайлоодогу малчы теребелге дүрбү салууда, 19-июнь, 2013.

Нарын дубанындагы Кара-Кужур, Солтон-Сары жайлоолорунда калың түшкөн кардан мал кырылып, фермерлер кыйналууда. Учурда чукул кырдаалдар кызматтары кар басып калган жайыттарды ачып жатат.

Нарын районундагы Кара-Кужур аймагындагы Тетир-Суу кичи жайлоосунда тизеден кар, ак жайдын күнү болсо да кадимкидей кыш өкүм сүрүп турат. Жергиликтүү малчы Акылбек эки күн жааган кар малчыларды бир топ түйшүккө салып жатканын айтты:

- 17-июндан баштап тынбай эки күн жаады. Эртең менен турсак, вагондун эшиги ачылбайт. Сырттагы "Нива" машинем кардан көрүнбөй калган экен. Кечип көрсөм, тизеден эки карыш өйдө болуп чыкты. Койлор болсо тыгылып турат.

17-июнда түнү менен жааган кардын калыңдыгы айрым жерлерде 70 сантиметрге жетип, Тетир-Суудан айылга барчу жол жабылган. Ал арада жаңы кыркылган койлордун ичи көөп, ар бир короодон 4-5тен өлө баштаган. Айласы кеткен малчылар бир күн бою кардан басалбай калган малды тоюндуруу үчүн тоонун бетин кол менен күрөп чыгышкан:

- Койлор артыбыздан чурулдап ээрчип, ачылган жол менен эптеп оттоп жатышты. Анан бул тоонун бетин күрөдүк. Айла кеткенде тээп оттосун деп, биринчи жылкыны айдап, артынан кой жайып жаттык,- дейт Акылбек.

Акылбектин кошунасы Токтомуш Абдрасуловдун жашы 60тан ашып калган. Көп жылдан бери ушул жерде мал багат. Анын айтымында, 1961-жылдары ак жайдын күнү кар жааган, бирок мынчалык калың түшкөн эмес. Мындай жаратылыш кубулушу бул өрөөндө биринчи жолу болуп жатат.

- Күзгө тарта кээде жааганы болбосо, жайында мынчалык болорун ким ойлоптур? Ушу жашка келгени биринчи көрүшүм.

Кара–Кужур, Солтон-Сары жайлоосуна негизинен Нарын районунун малчылары жайлайт. Жайлоого көчүп келгендерине аз эле болгон. Кыркын жаңы бүткөндүктөн чабыр койлор суукка чыдабай беш-алтыдан өлгөн экен. Жылкы, топоздор кардын жукараак жерин тээп оттоп жатат. Мындан кол караган кой менен уй. Эмгекчил айылынын тургуну Азамат айылдан тоют алып келүүгө камданып жаткан экен:

- Кой менен уйга кыйын болду. Оттой албай туруп калат экен. Кыркын жаңы бүткөн эле, чабыр койлор чыдабай өлүп калды. Менин да ончакты коюм өлдү окшойт. Азыр айылга барып чөп алып келгени жатам. Эптеп чыдап турсак күн ачылаар.

"Малчылардын жаны тынбай бири айылдан чөп ташыса, бири тоо бетин күрөп ар ким өз арбайын согуп, малын жуттан сактап калуу аракетинде. Ырмая-чырмая 2-3 күн чыдасак, күн жылып кетет. Аба ырайынын мындай таңкалычтуу өзгөрүшүн жакшылыкка жоруп, сабырдуулук көрсөтсөк"- дейт Солтон-Сары жайлоосундагы малчы Жолдошбек Самансуров.

- Эми эмне кылабыз, бул баарыбызга келген кырсык. Кудай өзү эле сактабаса, колубуздан эмне келет? Күндүн жылышын эле күтүп жатабыз. Бул күн да өтөт буюрса.

Кечээ 19-июнда облустун жол тейлөө башкармалыгынын бир техникасы жайыттарды кардан тазалап жүрдү. Кара - Кужур, Солтон – Сары жайлоосундагы абалды жеринен көрүүгө келген өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кошумча техника жиберилээрин билдирди.

- Абал оор экен бул жерде. Кар 60-70 сантиметр жааган экен. Биз күйүүчү майдан жардам берип жаттык эле. Бул жерди көрүп, эми кошумча техника жибербесек болбойт.

Учурда аталган жайлоодо 50-60 миңге чукул мал бар. Азыр облус боюнча жайкы кардан канча мал кырылганы толук тактала элек. 17-июнда кечке жуук башталган жаан карга айланып, Нарындын айрым айылдарында электр жарыгы өчүп, жол менен ашуулар жабылып, мал кырылган.


  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG