Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:18

Мултимедиа / Интернет эрөөл

"Интернет эрөөлдө" муфтий Чубак ажы Жалилов болду

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов жетинин айынын 10унда "Азаттыктын" окурмандары менен интернет аркылуу түз баарлашты.

Текст көлөмү - +
Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов катышкан "Интернет эрөөл" 10-ноябрда Бишкек убакыты боюнча саат 15тен 17ге чейин өттү.

Коногубузга өлкөдөгү диний кырдаалга, укук маселелерине, адеп-ахлак, кийим, азыркы алфавит, быйылкы ажылык сапарды уюштуруу ж.б. маселелерге байланышкан ар кыл суроолор узатылды.

Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор дээрлик болгон жок.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Зулайка каяктан: Нарын
10.11.2011 16:34
Чоң атам "биз ханафийбиз, а тетиги даабатчылардын көбү вахабий, биздин исламга чейинки теңирчиликтен калган мыкты салттарыбызды четке кагышат.
Ханафий мазхабы болсо кымыз ичкенге да уруксат берет, жана жылкы этин жегенге бизге уруксат берет" деп айтат, ушул туурабы, муфтий ата?
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:41
Мен билгенден даабатчылардын баары эле ханафи мазхабында иш жүргүзөт.

Кымыз менен жылкынын этинде эч кандай маселе жок.
Менин, маселен, кымызы жана жылкы эти жок өлкөдө жашагым келбейт.

Кымыз ичпе, жылкы этин жебе дегендер - чала сабаттар.
Чала молдо дин бузар деген ошо.

кимден: салима каяктан: бишкек
10.11.2011 16:31
Сизди мусулмандардын баары анын ичинде мен озгочо кадырлар сыйлаймын. Менин сизге бир суроом молдолор козу ачук же бакшыларды абдан жаман корушот. Бирок алардын арасында чындап элге кызмат жасаган жаштарды айырыкча жаш кыздарды туура жолго баштап туура созун айтып кызмат жасаган эжелер бар. Алардын алдын ала айткандары да чын чыгууда. Мисалы мен Дилдара деген эжеге коп барам. Озум бир Министрликте иштеймин. Эмнеге ошондой жакшы эжелерди ишиниздерге тартсаныздар болобу. Анткени ошондой табыпчы, аянчы эжелерге анча мынча иштегенге колдоо кылсаныздар абдан жакшы болот эле. Каныбек
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:45
Эгерде көзү ачык болсо колдоо көрсөтө албайбыз. Балким ага жектөө көрсөтөбүз.

Эгерде элдик табып болуп, ысык-суукту билсе, эмне үчүн жардам көрсөтүүгө болбосун.

кимден: ОШ
10.11.2011 16:31
Чубак ажы сиз сүйүп көрдүңүз беле? Свиданиеге кыздарды чакырдыңыз беле?
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:36
Бул ашыкча суроо, пайгамбарыбыздан да ушул суроону сураганда Айша энебизди сүйөөрүн айткан.

Исламда сүйүү никеден кийин башталат, албетте мен да жубайымды сүйөм.
Кудай таала мага ушундай керемет жубай бергенине миң мертебе ыраазымын.

кимден: Kosmonavt каяктан: Aalam
10.11.2011 16:28
Урматтуу Муфтий!
1) Космоско чыкканда кыбыланы кантип аныктайбыз, анткени ар бир саатта улам жылып Жерди айланып турууга туура келет да.
2) Түндүк аймактарда 3-4 ай бою күн батпай туруп алганда намаз убакытын кантип аныктоо керек?
3) Куранды кыргыз тилинде окуй баштаган учур качан келет?
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:31
1. Жерди караган болсоңуз кыбыланы караган болосуз.

2. Сизге жакын жердеги күнү-түнү кадимкидей болгон аймактын, же Меке шаарынын убактысына карап окуйсуз.

3. Тилекке каршы, азыркы котормолор курани Каримдин маанилеринин эмес, өзүнүн котормосу болуп калган. Бул туура эмес.

Курани Каримдин өзүн которууга болбойт, анын маанилерин гана которууга болот. Ошон үчүн Шамсуддин таксырдын котормосуна мен каршы чыккам, мурдагы муфтий уруксат берип койгон.

кимден: Чынгыз каяктан: Нарын
10.11.2011 16:24
Урматтуу муфтий!
Кыргызстанда кыздарды ала качкан жорукка кандай карайсыз?

Кызды тааныбаган эркек турмуш куруш үчүн ала качканы исламда күнөөбү же жол берилеби буга?

Эгер кыз ала качуу исламга ал каршы келе турган болсо, сиз жалпы эл алдына чыгып, "Кыздарды уурдаган күнөө" деп айтып чыкканга эркиңиз жетеби?
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 17:12
Жетмек турсун, айтып атам, айтмак түгүл кыйкыра берип үнүм бүтүп кала турган болду.

кимден: Касым каяктан: Ош
10.11.2011 16:20
Көп аял алгандарды соттоо керек, анткени бул Кыргызстандагы мыйзамга каршы. Сиздин оюңуз?
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:21
Кошула албайм, кайра байларды төрт аял алганга үндөө керек, себеби кыздарыбыз ошого муктаж.
Маселен, Кореяга күйөөгө тийген кыздарыбыздын айрымдары маселен ыйлап жүрөт...

кимден: Taриэл каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:19
Азыр бутундой Кыргызстандын аймагында Европадан келген бруцеллезго каршы РЕВ-1 деген вакцина сайылууда.Элге бекер сайып жатышат.Сапаты мыкты,бруцеллез оорусу ушуну сайгандан бери бир топ азайды,адамдардын арасында дагы бруцеллего чалдыккан учурлар томондоду деп жатышат.Бирок бул вакцинаны сайганда мал доктурлар ар бир кой,эчкинин кулагына кичинекей эн салып белгилеп коюшат экен.Ушул кичинекей эн салгандан чочуп,кийин базарга сатсак албай коюшат,мусулманчылыктын же курмандыктын эрежесине жатпай калат деп каршы чыккандар да бар.Бирок базарды ойлоп эле эмдетпей койгон туура эмес да,мусулманчылыкта деле оорукчан малды сатуу чон куноо эмеспи.Ушундай кырдаалда проблемадан кандай чыгуу керек.Эгер зарыл болсо эн салса деле боло береби же башка чарасы да барбы?.Чечмелеп айта кетинизчи.
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:25
Курмандык чалганы базарга барсам, мени адамдар ороп, кулак боюнча адис кылып алышты.
Кыргызда эзелтен малга эн салып келген. Маселен, койдун кулагынын үчтөн бири жок болуп кетпесе курмандыкка жарай берет.
Сиз айтып атканды баканча эн деп коёт, бул боло берет.

кимден: Миргуль каяктан: Москва
10.11.2011 16:19
Сиз өмүрүңүздө жалган айткансызбы?
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:29
Жалган айтпадым деп айта албайм.
Албетте жалгандын түрлөрү бар, эгерде урушкан эки адамды жараштыруу үчүн жалган айтса боло берет.

Менин турмушумда деле ар кандай учурлар болот, периштемин деп айта албайм.
Бирок динди бурмалаган эч кандай жалган сөз айтпаганымды ишенимдүү айта алам.

кимден: Саматбек каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:19
Урматтуу Ажы! Сиз латынча арип окуй билесизби, ушул арипке кыргыздар кайра көчсүн дегенге кандай карайсыз? Ыракмат.
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:50
Латынча окуйм, бирок көнүп калган эле азыркы кириллица туура го.
Бул эми мамлекеттик деңгээлдеги чоң маселе, каражат жагы да бар.

кимден: Нургазы каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:10
Урматтуу муфтий!
Президенттик шайлоодо уткан Атамбаев жакында Курман айтта элге кошулуп намаз окуду. Ага чейин премьер-министр болуп туруп да орозо айтта намазга жыгылган. Ал элдин алдына чыгып "Ушактарга ишенбегиле" деген шайлоонун алдында. Анан кечээги курман айтта "Эл башкаргандар акыреттен корксун, жөнөкөй мусулмандар жөн жүрсүн" деди... сиз аны колдоп турдуңуз. Мамлекеттин башчылары намазга жыгылганын секулярдуу мамлекетте кантип түшүндүрөсүз?
Мага сиздин оюңузду билүү өтө маанилүү, бул көп нерседен кабар берип коет.
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:11
Мен өтө туура деп түшүнөм, намазга келбеген адамдан мен кайра корком, аманатты кантип аткарат деп.

Атамбаевдин намазга келгени өтө жакшы, мисалы Путин деле чиркөөгө барып, поп качан кийинип бүтөт деп карап отурбайбы, башка өлкөлөрдө деле ушундай.

Кыргызчылыкка салып эле сөздүн баркын кетире бербеңиздер...
Пикирге жооп

кимден: Нургазы каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:20
Жообуңузга рахмат! Атамбаев "Жөнөкөй мусулмандар жөн жүрсүн" дегенин кантип чечемелеп бере аласыз?
Пикирге жооп

кимден: Чубак ажы Жалилов каяктан: Бишкек
10.11.2011 16:23
Бул мусулман мусулмандай болуп жүрсүн, ызы-чуу салбасын, мусулманчылык, момундук сыпатта жүрсүн деген сөз деп түшүнөм.
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине