Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Ошту Ош кантип чанды?


Ош мэринин сүрөтү бар баракчаны башына байлаган аял, 2010-жылдын, 20-августу, Оштогу митингден көрүнүш.
Ош мэринин сүрөтү бар баракчаны башына байлаган аял, 2010-жылдын, 20-августу, Оштогу митингден көрүнүш.

Франциядагы Ош шаарын Кыргызстандагы Ош шаары менен алакалаштыруу аракети июн окуясынан кийин солгундап кетти. Айрым сүрөөнчүлөрдүн айтымында, Ош шаарынын азыркы бийликтеринин улуттук саясаты өзгөрбөсө, бул долбоордун келечеги болоору күмөн.


Ошко ким татыктуу - Барсбекпи, Атиллабы?

Кечээ жакында Ош шаарынын мэриясы Кыргызстандын экинчи байтактысында Барсбек кагандын айкели тургузулаарын кулак кагыш кылды.

Барсбек Каган мындан 1300дей жыл мурда Эне-Сай кыргыздарын бийлеп турган. Эгер бул айкелдин келбети Оштун мэрине окшош болуп калса таң каалыштуу деле болбойт, себеби бүгүн айрыкча өлкөнүн түштүгүндө көптөр Мелис Мырзакматовду кыргыздын нагыз баатыры деп эсептешет.

Бирок мында эске ала турган жагдайлар бар.

Барсбек баатыр 711-жылы кыргызга тектеш чыгыш түрктөрү менен согушта каза тапкан, анын үстүнө, анын ысмын билген кишилер чындап келгенде кыргыздардын арасында да аз. Ошондуктан Оштун мэриясы андан көрө Атиллага айкел орнотсо туура болмок.

Атилланын колун Парижден 150 чакырым түштүктөгү Шалоңдо (Châlons-en-Champagne) Рим аскерлери 551-жылы артка чегинтишкен. Атилла Дунайдын боюндагы турагына кайтып келип, кийинки жылы көз жумган.

Кезегинде Европанын жарымын титиретип турган Атилланы айрым санжырачылар кыргыз болгон, ал Ош шаарын, Франциядагы Ош шаарын негиздеген деп эсептешет.

Бул тууралуу уламышты кыргыздын белгилүү шайыры Нурак Абдрахманов айтып келет:

– Адил хан аскерин тыңдап алып, Римге чейин барат экен. Рим папасы 80 жаштан ашкан экен, Атилла менен сүйлөшүп, ошол жерден Атилла Римге кирбей кетип калган экен.

Комузчу, ырчы Абдрахманов Батыш Европа элдеринде «кудайдын каргышы» деген атак алган Атилланын тарыхын көп жылдардан бери өз алдынча изилдеп келет.

Ал бүгүнкү Франциядагы Ош шаарын Атилла Римди чаппай калгандан кийин кандайча негиздегенин мындайча баяндайт:

– (Атилла) Парижге чейин барып, бүгүнкү Ош шаары турган жерге жеткенде, анын кол башчысы) Төлөк баатырдын Шүдүңкүт деген букасы жер чапчып туруп алат. Төлөк букасына «Ош!» деп кыйкырат. Төлөк ат көтөрө албаган чоң адам болгон үчүн бука минип жүрчү экен. Атилла «эмне кыйкырып атат?» десе, «Шүдүңкүт токтоп туруп алыптыр» (деп айтышат). Анда Атилла «Ушул жерде отурук кылалы» деп буйрук берет. Ошондо отурук кылып, шаар түптөлүп, (Ош шаары) орноп калган экен.

Бул уламыштын чын-төгүнүн ким билиптир (ага кыргызстандык тарыхчы адистер эч ынанбастыгын кошумчалай кетели), бирок бүгүн аттары уйкаш Франциядагы Ош менен Кыргызстандагы Ошту өз ара жакындаштырууга мүмкүн жана мындай аракеттер көп жылдардан бери ар кандай деңгээлде каралып келет.

Тилекке каршы, акыркы жылдары жандана баштаган бул долбоор азыр ара жолдо турат.

Мындай өкүнүчтүү абалдын бир катар объективдүү себептери бар. Бирок жаңы уламыштарга жамынган кыска ойлуу улутчулдуктун идеологиясы ага айрыкча кедерги болуп жатат.

Бул кырдаал башка да иштер үчүн да маанилүү болгондуктан, Ош-Ош долбоорунун тагдырын жакындан карап көрсөк.

Эл аралык пикир: «Мырзакматов бейтарап болгон эмес»

Франциядагы Ош менен Кыргызстандагы Оштун эли шилекей алышып, бир туугандай мамиле түзүүдө, тааныш-билиштерин, өз кадырын ортого салып жүрүп, ишти ордунан жылдырган адамдар бар.

Алардын бири - франциялык ардагер дипломат, жазуучу Рене Каня.

Ал франциялык Ош шаар кеңешинин өзү тааныган депутаты аркылуу бул боордоштук маселесин кеңештин күн тартибине киргизүүгө жетишкен.

Бирок былтыркы июн коогасынан кийин Ош-Ош долбоору үзгүлтүккө учурап калды.

Абалды жаңжалдан кийинки окуялар да түздөй алган жок, - дейт Кыргызстанда он жылдан ашык мезгилден бери жашаган франциялык аксакал маанайы суз:

- Азыр күтө туруш керек. Оштуктар кандай аракет көрүшөт, алар акыл-эстүүлүк менен иш алып барышса, достошуу мүмкүн. Бирок бул үчүн баарыдан мурда алардын иш-аракети оңолушу керек. Кыргыздар менен өзбектердин мамилеси кандай болот? Дагы тополоң чыкпайбы? Мафиянын, баңги зат аткезчилигинин коркунучунан арыла алышабы?

Азыр Оштун бедели түшүп кеткен. Ушуну эске алыш керек. Эгер кыргыз бийликтери июн коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын жетекчисин персона нон грата деп, кара тизмеге киргизип жатса, бул албетте Кыргызстандын беделин, өлкөнүн кадыр-баркын көтөрө албайт.


75 жаштагы Рене Каня буга чейин Румыния менен Франциядагы шаарларды туугандаштырса, кийин Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүздү франциядагы Бордо аймагындагы айылдар менен алакалаштырган.

Тилекке каршы Жети-Өгүз менен боордоштук да 2010-жылкы июн коогасынан кийин токтоп калды.

Каня боордоштук долбооруна жагымдуу шарт жаралган күндө да, Ош
Ош Парижден 600 чакырым түштүктө, дөңсөөдө жайгашкан, 2 миң жыл мурда Рим империясы тарабынан негизделген, азыр 70 миң калкы бар. Испания, Никарагуадагы шаарлар менен боордош.

шаар бийликтеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу белгилүү терс пикирлер ишке кедерги болот деп эсептейт. Эл аралык отчеттордо жана маалымат каражаттарында Оштун мэри Мелис Мырзакматов улутчул саясаты үчүн такай аты айтылып келатканы маалым. Ушуга байланыштуу Каня Францияда улутчулдардын репутациясы начар экендигин белгилеп, мындай көрүнүш орток алаканын жакшырышына мүмкүндүк бербей тургандыгын эскертти.

Франциянын эли башка улуттарды жек көрүүгө негизделген ултра-улутчулдуктун кесепеттерин өз башынан өткөргөн.

Экинчи Дүйнөлүк согушта Францияны нацисттик Германия басып алган.

Ал эми мигранттарга кастарын тиккен Улуттук Майдандын мурдагы жетекчиси Жан-Мари Ли Пен 2002-жылы президенттик шайлоодо экинчи болуп келиши «эркиндик, боордоштук, теңдик!» деген ураанды карманган өлкөнү солк эттирип, шайлоочулардын «күрөң чума» коркунучуна каршы болуп көрбөгөндөй активдешүүсүнө алып келген.

Рене Каняны Кыргызстандын досу гана эмес, патриоту деп атасак да жарашат: ал башка чыгармалары менен катар «Кыргыз жерлери» деген аталыштагы Тажикстан, Кытай, Өзбекстан, Ооганстандан берки өлкөлөрдү жердеген көчмөн кыргыздар тууралуу уникалдуу фото-китеп чыгарган.

Кыргыз-француз боордоштук мамилелеринин дагы бир сүрөөнчүсү - Давид Гаузер да Ош шаар мэринин саясаты Кыргызстандын аброюн көтөрүүгө көмөктөш боло албай жаткандыгын белгиледи.

- Анын саясаты улутчулдукка окшош. Алтургай убактылуу өкмөт да аны көп жолу сындаган. (күлүп) Француздар үчүн улутчулдук өтө татаал маселе. Июн окуясындагы талоондо Мырзакматов бейтарап болгон эмес. Француз бийликтери ал талоончулуктун курмандыктарынын 80 пайызы өзбектер болгонун билет.

Илим доктору Давид Гаүзер «Азыркы замандагы кыргыздар жана Кыргызстан: улуттук мамлекетти куруу» деген көлөмдүү илимий эмгектин автору жана кыргыздын күйөө баласы.

Ал июн коогасынын курмандыктардын калган 20 пайызы кыргыздар болгондугун да эске алуу
Француздарда өз улутчулдары жетиштүү. Сүрөттө Марин Ле Пен, Улуттук Майдандын төрайымы. Президенттик шайлоодо катышаары күтүлгөн Ле Пен Франциядагы мусулман мигранттарды фашисттик немис баскынчыларына салыштырган.
керектигин белгиледи.


Бирок боордоштук долбоорун кайра жандандыруу үчүн дагы 3-5 жыл зарыл экендигин, ошондо да бул ишке Оштун азыркы мэрин аралаштырбай эле койгон туура болоорун да кыйытты:


- Эгер биз олуттуу, конкреттүү бир нерсе уюштура турган болсок, төмөндөн башташ керек, башкача айтканда, шаар кеңешинин мүчөлөрү менен Рене Каня өңдөнгөн таасирдүү, сөзү өтүмдүү адамдар аркылуу сүйлөшүш керек. Эгер ал депутаттар макул болсо, боордоштукту андан ары өнүктүрсө болот. Бирок мэрлердин түз иштешүүсү мүмкүн болбойт деп ойлойм.


Оштун мэри баатырбы?

Мэрия менен иштешкен булактардын айтымында, эл аралык өкүлдөр, анын ичинде Ош шаарын кайра курууга каражат бөлгөн донорлор ансыз деле Оштун мэри менен алакалашпай калган.

Июн коогасын иликтеген Эл аралык комиссия 3-майдагы отчетунда Оштун мэри карама-каршылыктуу саясатчыга айланганын талдоого отчетунун бир бетин арнады.

Анда Мырзакматовду колдоочулары «тынчтыктын сактоочусу» деп санаган менен, башкалар аны «чыр салганга маш» улутчул деп эсептешээрин айтылат. Ошол эле мезгилде комиссия «мэрдин (июн кооогасындагы) кыргыз бандиттерине түздөн-түз катышы тууралуу жетиштүү далил жок» экендигин моюнга алат.

Июн окуясына чейин экс-президент Бакиевдин тушунда шаар башчылыгына келген Мелис Мырзакматовду көпчүлүк анчейин билчү эмес.

Ал саясат сахнасында салыштырмалуу жаңы фигура болгон менен, кыргыз саясатында саналуу адамдар гана ал тууралуу сын-пикирин ачык айтышат. (Алардын бири Эдил Байсалов «июн коогасында карапайым элдин талоонго учурашы үчүн Мелис Мырзакматов жеке өзү жоопкер» экендигин жазган.)



Чет элдик маалымат каражаттарында, интернет сайттарда жана
форумдарда Оштун мэрин «июн коогасынын артында турган негизги күчтөрдүн бири» деген маңыздагы ырастоолордун көптүгү таң калтырат.

Ар тараптуу кысымдан болсо керек, өзүнө кабыргасы кайышкан белем, Мырзакматов жакында жергиликтүү гезиттердин биринде (Де-Факто, 9-июн, 2011) «Кан кечип жүрүп кайра бандит, наркобарон атыгып отурабыз» деп кабыргасы кайышты.

Мелис Мырзакматов менен эфирге чейинки мезгилде байланышуу мүмкүн болгон жок.

Жаңы замандын уламышы: кыргызда кылдай күнөө жок

Кыргызстандын саясий, экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө былтыркы апрел окуялары да, ага чейинки жылдардагы глобалдык каржылык кризис да кесепет тийгизген.

Бирок алардын бири да 500гө чукул адамдын өмүрүн алган июн жаңжалычалык өлкөнүн беделине сокку урган эмес.
Мырзакматов тууралуу "июн коогасындагы талоончулуктун башкы уюштуруучусу" деген жаманатты сөздүн түбүнө эл аралык комиссия да жете алган жок. Бирк Оштун мэри кыргыз жана эл аралык коомчулукта чырлуу фигурага айланган.

Андан берки бир жыл ичинде түзүлгөн кырдаал да мамлекеттин беделин оңдоого мүмкүндүк берген жок.

Коогада өзбек азчылыгынын өкүлдөрү айрыкча катуу жапа тарткан менен, кийин алар тергөөчүлөр менен соттордун башкы бутасына айланды.

Сот акыйкаттыгынын солгундугу менен катар, улуттук дискириминация бүгүн бейкуттукка, демек өлкөнүн келечегине улутчул туруму коркунуч келтирген кооптуу факторго айланды.

Бириккен Улуттар уюму, Эл аралык Мунапыс, Хюман Райтс Уотч уюмдары июн коогасынын жылдыгына карата Кыргызстандын түштүгүндө өзбек тургундарын кодулоо жана дискриминациялоо токтобой жатканын сындаган билдирүүлөрдү жасашты.

Эл аралык практикада донорлор жана финансылык институттар өз чечиминде бул уюмдардын пикирин сөзсүз эске алат, ошондуктан Кыргызстан тууралуу мындай терс пикирлер экономикалык жана инвестициялык кырдаалга оң таасирин тийгизе албайт. Бирок өлкөдө бул кырдаалды эске алган чөйрөлөр барбы?

Түпкүлүктүү улутту чаң жугузбай даңазалоо кыргыз тилиндеги маалымат каражаттарынын дежур темасына айланган; улуттук, анын ичинде парламенттик отчеттордун авторлору июн коогасы үчүн өзбек азчылыгынын лидерлерин, бакиевчилерди жана кайсы бир үчүнчү күчтөрдү бир жактуу айыптоо менен чектелди.

Ал эми изилдөөчүлөр арасында улутчулдукту анчейин мааниси болбогон көрүнүш катары баалагандар четтен табылат.

Чынгыз Шамшиев – Кыргыз Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору.

"Азаттык" менен маегинде ал ашынган улутчулдук өтө кооптуу көрүнүш болгону менен, ал Ош-Ош боордоштугуна тоскоол боло албайт деп эсептейт:

- Кеп улутчулдукта эмес. Франциядагы Ош менен Кыргызстандагы Оштун ортосундагы боордоштук тууралуу 20 жылдан бери айтып келатышат. Мен бул тууралуу бала чагымда эле уккам. 2010-жылга чейин деле маселе ордунан козголгон эмес. Ошондуктан, мен кеп улутчулдукта деп эсептебейм, бул боордоштук үчүн тийиштүү пайдубадын, бекем байланыштардын болушу зарыл.

Францияда докторлугун жактап келген Шамшиев экономика илимдеринин франциялык биримдигине мүчө.

Анын ишениминде, Ош окуясынына түрткү болгон да, экономикалык өнүгүүгө кесепетин тийгизген да биринчи кезекте жакырлык. Ошентсе да ал улутчулдуктун вирусу тарап жаткандыгын терс көрүнүш деп эсептейт:

- Өлкө оор абалда турганда, жакырчылыкты эске алганда, албетте улутчулдуктун гүлдөп өсүшүнө жагымдуу шарт түзүлөт. Бирок калктын реалдуу кирешеси, сатып алуу дарамети жылына аз дегенде 50 пайызга өссө, улутчулдук дегенди таптакыр унутушмак. Өзүңөр билгендей, биздин кыргыз элибиз эзелтеден толеранттуу, колу ачык эл. Азыркы абал, улутчулдуктун жасалма таңууланышы, оор саясий-экономикалык кырдаал өз кезепетин тийгизип жатат. Азыр ушул тууралуу айтыш керек.

Жергиликтүү экономисттер да оптимисттик маанайда экени байкалат. Азиз Аалиев - көз карандысыз баяндамачы, Бакиевдин өкмөтүндө экономикалык өнүгүү министринин статс-катчысы болгон.

Ал азыркы кырдаалга саясий баа бере албастыгын, бирок экономикалык көрсөткүчтөр быйыл кыйла оңолгонун билдирди:

- Түз инвестициянын деңгээли азыр былтыркыга салыштырганда 90 пайыздын деңгээлинде турат. Жылдын аягына чейин алдыбызга койгон саясий максаттарыбызды чечип алсак, жаңы президент келип, ачык иштесе, келерки жылы толук позитивдүү деңгээлге жеткенге дареметибиз жетет деп терең ишенем. Азыркы жылда ички дүң продукциянын өсүшү 3 пайыз болду. Бул жакшы сигнал, бул экономикабыз аз эле дегенде «айыгып атат» деген жакшы жышааны.

Франциялык Auch: Силерде да Ош барбы?

Франциялык Оштун тургуну: Кыргызстанга сөзсүз барам!
(Француз тилинде Ош Auch деп жазылат, аны бул картадан көрүңүз).

Франциядагы Оштун мэри Кыргызстанды «Ооганстанга жакын экен, террорист, исламисттердин бизге эмне кереги бар?» деп айткан имиш.

Мэрдин орун басары биздин радиого кыргыз Ош менен алакалашууга сунуш болгонун бышыктады.

Бирок, Мэрдин эл аралык байланыштар боюнча орун басары Жан-Пьер Эспө "Азаттыкка" алакалашуу сунуштарын Кыргызстандын Белгиядагы элчилигине тапшырышканын, бирок ошол бойдон жооп болбогонун маалымдады.

Эспөнүн айтымында, франциялык Ош боордоштуктун ар кандай түрүн качан да болсо карап көрүүгө даяр:

- Бул бизди кызыктыра турган сунуш. Маданий, спорт байланыштарын өркүндөтүү, мектеп байланыштарын түзүүгө кызыгат элек. Театр, бий топтору алмакташып концерт коюп, стундент, мектеп окуучулары менен алмашып, спорт мелдештерин өткөрсө болот.

Уламыштарга эмес, далилдүү фактыларга гана таянган тарых илимине ылайык, Франциядагы Ошту Атилла хан эмес, андан беш кылым мурда ал кезде империясы гүлдөп турган байыркы римдик баскынчылар негиздеген.

Акыркы бир жарым миң жылда согуш дегенди билбеген шаар Парижден 600 чакырым түштүктө, Күңгөй Пиреней тоолорун бойлой жайгашып, жайыл дасторкон, тамакты чүйгүндөп жеген гурмандардын мекени атыккан.

Кечээ жакында туз буйруп, мына ушул дөңсөөлүү калаага барып калганымда, шаар тургундары Ошту кой, Кыргызстанды деле билбей тургандыгын баамдадым.

Балдардын китебин саткан дүкөндүн ээси гана «кыргыздарды билесиңби?" деп жалдыраган чет элдикке боору оорудубу, дароо эле «билем» деди.

«Билмек тургай, эки жылдан кийин бала-чакамды жүк ташыган машинага мингизип алып, алты айга барам» деп бакылдады.

"Коркпойсузбу?" десем, «Коркпойм, кыйынчылыктан эч качан качпайм, мотор бузулуп калса, машинанын алдына жата калып, балка менен «даңк-дүңк» койгулап алып, дүрүлдөтүп айдап алып, кете берем!» дейт.

Бул оштук (франциялык) чынын айттыбы, тамалашап жаттыбы, түшүнө алган жокмун.

Балким чын эле бараттыр, кантсе да бул эл саякатчы келет эмеспи.

Макаланы даярдоого Айнура Жекше кызы катышты.

Франциялык Оштон видео-репортаж:

XS
SM
MD
LG