Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Ош: көпүрөнүн сапаты кайрадан талкууда


Ош шаары
Ош шаары

Оштогу эстакада көпүрөнүн жакасындагы тротуарлардын бузулушу жана жолдун башындагы чөгүп кеткен асфальт боюнча Ош шаардык мэриясы түшүндүрмө берди.

Мэрия ошондой эле көпүрө алдынан аккан суунун жана тепкичтердин талкаланышынын себебин да айтты.

Ишке киргенине бир жылга жетпей көчө баштаган көпүрөнүн сапаты шаардыктар арасында түрдүү суроолорду жаратууда.

Көпүрөнүн бузулганын айтуу чагымчылдыкбы?

Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрө былтыр 28-октябрда ишке берилсе, андан бир аптадан кийин эле жакасындагы тротуарлар чөгүп кетип, мэрия бир сыйра оңдоп чыккан.

Филармониянын алдындагы бул жөө адамдар өтчү таш жол аз күн мурдараак дагы бузулуп, алды түшүп кеткен.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы жол башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов бул тротуар көпүрөгө байланышы жоктугун билдирүүдө:

Филармониянын алдындагы чөгүп кеткен тротуар.
Филармониянын алдындагы чөгүп кеткен тротуар.

- Үйүндө курулуш кылган ар бир адам билсе керек, брусчаткалардын алдына кум салынат. Кээде суу көбүрөөк агып кетсе ошол кум жылып кетет. Бул жерде да ошондой болгон. Өткөндө катуу жаан жаап, сел жүргөндө үстү жактагы суулар топтолуп келип, ушул брусчатканын алдындагы кумду алып кеткен. Натыйжада бир жарым чарчы метрдей брустчатка чөгүп кеткен. Айрым ниети бузук адамдар ушул жердин сүрөтүн тартып алып, интернетке жарыялап жатат. “Көпүрө бузулуп калды, түшүп кетти” деп атайылап эле жамандашууда. Бирок белгилеп коёюн, бул таш жол көпүрөнүн курулушуна эч кандай тиешеси жок. Бул тротуар филармониянын аянтына караштуу жол, аларга эскертүү берилди, тротуарды кайра оңдошту. Ал эми тепкичтер базарда иштегендер араба айдап өткөнү үчүн талкаланып жатат. Ал боюнча жашоочуларга эскертүү берип, тепкичтерди улам оңдоп жатабыз.

Мэрия бул тепкичтен тургундар араба айдап жаткандыктан бузулууда деп билдирүүдө.
Мэрия бул тепкичтен тургундар араба айдап жаткандыктан бузулууда деп билдирүүдө.

Ошол эле кезде Жунусов эстакада көпүрөнүн бир башындагы жолдун эки метрдей жери билинер-билинбес чөгүп кеткенин моюнга алды:

- Көпүрөнүн Масалиев көчөсү тарабындагы чөгүп кеткен жер бул мурдагы маселеден улам келип чыкты. Биз көпүрөнү куруп, асфальтты таптап бүткөндөн кийин Ош шаардык суу канал башкармалыгы келип, “ошол жерде биздин канализациябыз калып кетиптир, ошону алмаштырып алалы” деп кайра каздырышкан. Аны алмаштырып, кайра асфальт басып, дагы таптаганбыз. Ошол себептүү, ал жер калган асфальттардан айырмаланып аз-маз чөккөндөй көрүнүп жатат. Ал жерди кайра таптап койсо эле жакшына болуп калат.

Буга чейин айрым шаардыктар ушул тротуарлардын бузулган жерин жана көпүрө башындагы асфальттын чөгүп кеткенин сүрөткө тартып социалдык тармактарга жарыялап жиберген. Андан кийин айрым маалымат каражаттары да Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу эмитен эле бузула баштаганын жазып чыккан. Ушундан улам Ош шаардык мэриясы жол башкармалыгынын, экотехинспекциянын жана курулушту ишке ашырган “Сафари” ишканасынын өкүлдөрүн алып келип, жеринен журналисттерге түшүндүрмө беришти. Алар муну мэрияны жамандагысы келген топтордун чагымчылдыгы жана мэр шайлоонун алдындагы кара пиары да болушу мүмкүн деп айтышууда.

Көпүрөнүн ачылышы. 2015-жыл, 28-октябрь.
Көпүрөнүн ачылышы. 2015-жыл, 28-октябрь.

Ош шаарынын курулуш жана чарба боюнча вице-мэри Мирлан Исраилов мындай деди:

- Көпүрөдөгү жылчыктарга чагымчыл топтор атайылап таш тыгып коюп жатат. Ошондон суу кетпей топтолуп калган жерлер болушу мүмкүн. Бирок азыр суу кадимкидей агып жатат. Негизи былтыры көпүрө гана ишке берилген. Бирок жалпы курулуш анын үчүнчү этабы бүткөндө гана аяктады деп эсептелинет. Эми көпүрөдөгү деформациялар, шаардыктар түшүнбөй жаткан айрым кемчиликтер көпүрөнүн үчүнчү этабында кошо оңдолуп кетет. Үчүнчү этапты 5-10 күндүн ичинде толук бүтүрөбүз.

Тротуарбы же арыкпы?

Бирок расмийлер минтип айтып-дегиче болбой эле күн сайын көпүрөдөн өткөн шардыктарды бири курулуштун сапатсыз курулганын сынга алууда. Пенсионер Асанбай Лалиев көпүрөнү курууда жамгырдын суусун агызуу эске алынбай калганын айтууда:

Катуу жаан күндөрү бул тротуарга суу мындан да көп топтолуп калууда.
Катуу жаан күндөрү бул тротуарга суу мындан да көп топтолуп калууда.

- Көпүрөнүн сырткы көрүнүшү аябай жакшы. Бирок сырты жалтырак, ич калтырак болуп калган окшойт. Анткени курулганына жыл айланбай эле ар жери урап жатканына мен аябай айран-таң болуп жатам. Көпүрөнүн капталындагы жөө адамдар өтчү жол, тротуар эмес эле, арык болуп калыптыр. Суу ага турган жылчыкчалары жокпу, же арыкчалары жокпу, катуу жамгыр жааган күндөрү ушул тротуар көлчүк-көлчүк болуп калып жатат. Жөө келатсаң же сууну аттап өтүшүң керек, же кечип өтүшүң керек. Анан ошол эле суулар катуу жамгырда көпүрөнүн астына шаркыратма болуп агат. Көпүрөнүн кээ бир жерлери тешилип калганбы, жылжып бетондорду эзип жиберүүдө. Бул кетиште дагы төрт-беш жылда эле бул көпүрөнүн күнү бүтөт окшойт.

Көпүрөнүн астынан бир нече жерден суу агууда.
Көпүрөнүн астынан бир нече жерден суу агууда.

Ал эми курулушту алып барган “Сафари” ишканасы болсо көпүрөнү курууда айрым техникалык талаптар эске алынбай калганын моюнуна алып, ал долбоордо ошондой бекитилгенин билдирүүдө. Фирманын директору Курсантбек Эргешбай уулу буларга токтолду:

- Туура, бул кемчиликти моюнга алабыз. Бирок биз долбоордо кандай чийилсе дал ошондой куруп бергенбиз. Долбоордун буюртмачысы Ош шаардык мэриясы болгон. Долбоордо так ошол жолдон аккан суулар тротуарга түшүп, анан ошонун бурчу менен төмөн агып кетет деп каралган. Бирок азыр суу кетпей топтолуп, кетсе да туура эмес жакка агып кетүүдө. Баары эле жасаганыбыздай, баары эле биз каалагандай боло бербейт экен да. Анүстүнө азыр жамгыр жааганда ошол жерге ашыкча суу чогулуп, көлчүк болуп калууда. Азыркы катуу жаанда ал бул жер эмес, үйлөрдү сел алып кетип жатпайбы.

Көпүрөнүн ачылышы. 2015-жыл, 28-октябрь.
Көпүрөнүн ачылышы. 2015-жыл, 28-октябрь.

Ош шаарындагы көпүрөнүн курулушу былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган.

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев сыноо учурунда өзү көпүрө астында туруп курулуштун үстүнөн жүздөй оор жүк ташуучу унааларды өткөргөн.

Айрым адистер көпүрө талапка жооп бербей бүтүп калганын айтып, сапатын убакыт аныктай турганын айтышкан эле.

Көпүрөнүн узундугу 265 метр, ал эми анын эки жагын улай салынган жол жалпы 1200 метрден ашат. Курулушка Орусия грантынан келген 564 млн. сом каражат жумшалган.

Ош шаарындагы эстакада көпүрө курулуп бүткөндөн кийин мэр Айтмамат Кадырбаев анын үстүнөн оор жүк ташуучу унааларды өткөрүп сынап көргөн. 28-октябрь, 2015-жыл.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG